Гендердик теңчилик жөнүндөгү мыйзамдардагы жетишкендиктер: кыргызстандын аялдардын укуктарын коргоого берилгендиги

Кыргызстанда, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөй эле, аялдарга жана кыздарга карата зомбулук дароо кийлигишүүнү жана чечүүнү талап кылган олуттуу көйгөй бойдон калууда. Кыргызстандын парламенти (Жогорку Кеңеш), БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) БУУ-ЕБтин "Теңдик Нуру" демилгенини алкагында биргеликте бул көйгөйгө каршы күрөшүү жана аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо үчүн мыйзамдык базаны түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатышат.

2023-ж., 5-September
Girls are discussing in the group work

Young women are working in the focus groups

UNDP Kyrgyzstan

Авторлор: Айнагуль Абдрахманова жана Назгуль Асангожоева-Баекова

Кыргызстанда, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөй эле, аялдарга жана кыздарга карата зомбулук дароо кийлигишүүнү жана чечүүнү талап кылган олуттуу көйгөй бойдон калууда. Кыргызстандын парламенти (Жогорку Кеңеш), БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН)  БУУ-ЕБтин "Теңдик Нуру" демилгенини алкагында  биргеликте бул көйгөйгө каршы күрөшүү жана аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо үчүн мыйзамдык базаны түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Бул макалада биз парламент жана БУУӨП тарабынан көрүлүп жаткан мыйзамдык чараларды талдайбыз.

2020-жылдан баштап Жогорку Кеңеш Жазык-процесстик кодекске, алимент жөнүндөгү мыйзамга жана кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алды. БУУ - ЕБ "Теңдик Нуру" демилгесинин колдоосу менен Эмгек кодексине, административдик укук бузуулар жөнүндө Кодекске жана Кылмыш кодексине  жумуш ордунда сексуалдык асылууга каршы өзгөртүүлөр иштелип чыкты. Мындан тышкары, "үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо жана камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана басмырлоого каршы күрөшүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккан, аларды жакын арада кароо күтүлүүдө.

Иштин жүрүшүндө юристтер 36 Мыйзамга жана 60 ченемдик актыга талдоо жүргүзүштү, аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, гендердик теңчиликти илгерилетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар түзүлдү. Иштелип чыккан рекомендациялар Кыргыз Республикасынын Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча парламенттик комитетине берилген жана андан ары кароо жана жооп берүү үчүн расмий түрдө укук коргоо органдарына жана сот системасына берилген.

Динара Ашимова, активдүү депутаттардын бири: "Бул мыйзамдар жана өзгөртүүлөр сексуалдык, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндерге комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдардын жазасыз калуусун жоюу максатында иштелип чыккан. Алар укук бузуулардан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылууга, жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга, ошондой эле жазык иши жана сексуалдык, үй-бүлөлүк зомбулук бөлүгүндө укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн кызмат адамдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Тергөө жана сот практикасы көрсөткөндөй, үй – бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана балдар процесстик кепилдиктерге-алардын укуктарын камсыз кыла турган жана жазык ишин жана укук бузуулар жөнүндө ишти адилеттүү чечүүгө кызмат кыла турган Мыйзамда белгиленген каражаттарга жана ыкмаларга муктаж".

 

Улуттук статистиканын маалыматтары көрсөткөндөй, 2022-2023-жылдары үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын басымдуу көпчүлүгүн (95-96%) аялдар түзгөн (КР ИИМ). Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын кабыл алынышы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана балдар үчүн укуктар жана коргоо чөйрөсүндө биринчи кезекте оң натыйжаларды берет. "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 1-беренесине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон жашы жете элек балдар да жабыр тарткан деп эсептелет.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун экономикалык таасири эбегейсиз жана мамлекеттик бюджетке оорчулук келтирет. "Үй-бүлөдөгү зомбулук канча турат?" үй-бүлөдөгү адамдын өлтүрүлүшүн иликтөө, сот процесси, шектүү адамдарды кармоо, соттолгон адамдарды кармоо менен байланышкан түз чыгымдар 1,6 миллион сомдон ашык экенин көрсөттү. Бул чыгымдарга ички иштер органдарынын иши, милициянын чыгып кетиши, тергөөчүнүн иши ж.б. кирет. Зомбулуктан жабыр тарткан аялдар үчүн бир башпаанек күтүүгө кеткен чыгымдар орточо эсеп менен 2 миллион сомду түзөт.

Мыйзам долбоорлору менен сунушталган мөөнөттөр жана мыйзамдардын иштөө механизмдери коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жардам берет. Мыйзам долбоору ошондой эле түшүнүктөрдү тактайт жана жабыр тарткандарды коргоонун натыйжалуу механизмдерин берүү менен адамдардын кеңири чөйрөсүнө аракетти кеңейтет. Мыйзамдарды кабыл алуу күнөөлүү адамдарды кыйла натыйжалуу жоопкерчиликке тартууга, кайталап зомбулук көрсөтүү тобокелдиктерин азайтууга жана зомбулуктан аман калгандарды кыйла толук кандуу коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү гендердик кырдаалга жана жарандардын укугун коргоого оң таасирин тийгизет. Мыйзам долбоорун кабыл алуудан социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжалар күтүлбөйт.

Долбоордун алкагында ишке ашырылган ийгиликтүү реформалардын жана демилгелердин негизинде баарыңыздарды Активдүү биргелешкен аракеттерге кошулууга чакырабыз. Аялдардын укуктары, тең укуктуулук жана зомбулуктун алдын алуу чөйрөсүндө прогрессивдүү өзгөрүүлөргө жетишүү үчүн мыйзамдарды жакшыртууну, институттарды өнүктүрүүнү, ченемдерди алмаштырууну жана жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтүүнү улантуу зарыл. Ушундай жол менен гана биз ар бир аялды жана ар бир баланы коргоону камсыз кылып, тең укуктуулукту жана адилеттүүлүктү маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү кыла алабыз. Келгиле, күч-аракетибизди бириктирип, алдыга умтулуп, дүйнөбүздү бардыгы үчүн жакшырталы.

 

"Теңдик Нуру" долбоору тууралуу

2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө Европа Биримдиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюму (буу) аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кылуу боюнча көп жылдык "Теңдик Нуру" аттуу өлкөлүк программаны ишке киргизишти. Бул программанын максаты-Кыргызстандагы бардык аялдар жана кыздар, өзгөчө аярлуу аялдар зомбулуксуз жана эрте никеге туруу жана "ала качуу"сыяктуу зыяндуу практикаларсыз жашай ала турган чөйрөнү түзүү.

"Теңдик Нуру" программасы саясатка жана мыйзамдарга басым жасоо менен иш-чаралардын  комплексин камтыйт. Программа аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо үчүн мыйзамдык базаны реформалоо менен активдүү алектенет."Теңдик Нуру" программасы БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун жалпы жетекчилиги астында БУУнун беш агенттиги (БУУ-Аялдар, ЮНФПА, БУУӨП , ЮНИСЕФ жана БУУ БКБ) тарабынан ишке ашырылат.