Жоопкерчиликтүү жүрүм-турум көрсөткүчтөрү: компания өзүн кантип текшерүүсү керек?

2024-ж., 5-January
UNDP Kyrgyzstan

Бизнес жана адам укуктары темаларына барган сайын кызыгуу күч. Компаниялардын адам укуктары жаатындагы жүрүм-туруму инвесторлордун, жарандык коомдун, өнөктөштөрдүн, керектөөчүлөрдүн, кызматкерлердин көңүл чордонунда.

Жаңычылдыктарга адымдаш болуу, туруктуулук, адам укуктарын сактоо маселелерин ишкерликтин кадыресе реалдуулугуна айлантууга даяр болууга умтулган ишканалар бизнес жана адам укуктары маселелеринин негизги көркөткүчтөрүнө таянуу менен өздөрүн талдай алышат. Бул жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду камсыздоодо өсүү багыттарын өзү таап, кошумча аракетти талап кыла турган учурларды аныктап алууну шарттайт.

Суроолор топтому БУУнун бизнес жана адам укуктары жаатындагы жетектөөчү принциптерине негизделди. Анын натыйжасында, көлөмү же ишмердик багытына карабастан, компаниялар бизнес стандарттары менен таанышып, аларга карата мамиле жана өз ара аракет этүү боюнча жалпы түшүнүктөрү пайда болот.

Албетте, өзүнө өзү баа берүү – компания тарабынан бизнес жана адам укуктары багытындагы стандарттардын сакталышын аныктоого карай алгачкы гана кадам. Өзүнө өзү баа берүү адам укуктары жаатында талаптагыдай текшерүүнүн ордун алмаштырып жибербейт деңизчи. Бирок ошол эле учурда бул талаптагыдай текшерүү жол-жобосунда эң ириде кайсы маселелерди кароо керектигине багыт берет.

Өзүнө өзү баа берүүдөн оболу...

Өзүнө өзү баа берүү жол-жобосуна киришүүдөн мурун адам укуктары боюнча дасыккан кызматкерлерден турган топту чогултууну сунуштайт элек. Эгер туруктуу өнүгүү/жамааттык социалдык жоопкерчилик/адам укуктары боюнча атайын дайындалган менеджериңиз же ар түрдүүлүк, инклюзивдүүлүк маселелерине жооптуу киши, балким адам укуктарын сактоого ынтызар башкы директоруңуз болсо, эң жогорку баага татып, мындан ары бул сунуштарды аткаруу боюнча пландарды иштеп чыгуу үчүн ушул адамдардын баарын топтоңуз.

Эгер адам укуктары боюнча жооптуу кызматкерлериңиз али жок болсо, аларды даярдап, дайындоого мезгил жетти деп билиңиз.

Суроолордун биринчи топтому. Адам укуктары жаатындагы саясат 

Адам укуктары – бул адамдар татыктуу мамилеге акылуу экенин айгинелеген принцип же стандарттар. Алар улутуна, этникалык тегине, жынысына, динине жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан адамдардын баарына таандык. Буга өмүр сүрүүдөгү негизги, маселен, жашоо, азык жана сууга болгон укуктан тарта билим алуу, эркиндик жана жеке турмуштун кол тийбестиги өңдүү адилеттүү, тең укуктуу коомду өнүктүрүүгө багытталган укуктарга чейин кирет.

Адам укуктары келишим, конвенция эл аралык-укуктук чечим, БУУнун курамындагы, ошондой эле улуттук жана эл аралык органдардын отчеттору, улуттук мыйзамдар менен эл аралык деңгээлде корголот.

  1. Ишканада өз ишмердигинде адамдын эл аралык деңгээлде таанылган укуктарын урматтоого милдеттенме алган ачык документ кабыл алынганбы?

Милдеттенмелер адамдын бир же бир нече укук топтомуна гана эмес, эл аралык деңгээлде таанылган укуктардын баарына тиешелүү экени айкын болушу шарт. Мында адам укуктарына жагымсыз таасир этүүдөн оолак болуу боюнча милдеттенмелер гана каралып, ишкананын кайрымдуулук демилгелери эске алынбайт. 

Ишкананын расмий сайтына жайгаштырылган “Адам укуктары саясаты” аттуу өзүнчө документ болсо, андан бетер жакшы. Адам укуктары боюнча өзүнчө документ болбосо да Компаниянын жүрүм-турум кодекси же башка бир документине деле тийиштүү жоболор камтылганы да дурус көрүнүш.

2. Ишкана бизнес жана адам укуктары боюнча өз милдеттенмелерин ишмердигинин бардык деңгээлинде аткарабы?

Расмий жана ачык түрдө адам укуктары саясатын түзүп тим болууга болбойт. Ишкана анын жоболорун өз ишмердигине киргизиши керек. Компания бул багытта ар кандай аракеттерди ишке ашыра алат. Алгач бизнес жана адам укуктары стандарттарын киргизүүдө компаниянын жетишкендиктерине байкоо салуу жана кол кабыш кылуу үчүн атайын кызматкерди дайындап алуусу абзел.

3. Ишкананын эмгек укуктарын сактоо саясаты барбы?

Компания эмгек майданындагы адамдын негизги укуктарын, атап айтканда, төмөндө белгиленген учурларды аткарууга милдеттендирилет:

- биригүү жана жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү эркиндиги;

- мажбурлаган эмгектин бардык түрлөрүн жоюу;

- балдар эмгегин чындап жоюу;

- ишке орноштуруу жана кесиптик ишмердик жаатында басмырлоого жол бербөө;

- коопсуз жана сергек жумуш чөйрөсү.

Ошондой эле ишкана эмгек багытындагы адам укуктарын урматтоого милдеттенген саясаты туурасындагы билдирүүнү ачык жарыяланганы оң. Компания мындай саясатына Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларына ылайык шилтемени да кошкону дурус.

4. Жалпы кызматкерлерди адам укуктары боюнча дайым окутуп, бул багыттагы маалымдуулугун улам арттырып турабы?

Ишкана аткара турган аракеттердин болжолдуу мисалдары:

- Компания бизнес жана адам укуктары маселелери боюнча атайын агартуу программаларын түзүп же өз алдынча таанышууга ыңгайлуу болгон материалдарды даярдаганбы? Анткени, мындай иштер – жаңы кызматкерлерди көндүрүү процессинин бир бөлүгү.

- Компания адам укуктары жөнүндө улам маалымдап туруу үчүн сырттан тренерлерди чакырабы?

5. Ишкана адам укуктарына өз таасири боюнча кызыкдар тараптар менен иш алпарып жана кеңешип турабы?

Компаниянын бизнес жана адам укуктарына тиешелүү маселелер боюнча сырттагылар, атап айтканда, жамааттар, жалданма ишканалар, ишкерлик чөйрө, мамлекет жана башкалар менен ачык жана өз учурунда пикир алышып, өзүнүн адам укуктарына тийгизген таасирин мезгил-мезгили менен баалап турабы же жокпу, бул собол эң ириде ушуга байланыштуу.

Суроолордун экинчи топтому. Адам укуктарын сактоо жана адам укуктары жаатында талаптагыдай текшерүү жол-жобосун киргизүү

Компания ишти саясат деңгээлинен баштап жаңы кызматкерлерди көндүрүүгө адам укуктарынын сакталышы жана маалымдуулукту арттыруу боюнча маселелерди кошкону – эң жакшы көрүнүш. Кийинки кадам – адам укуктарынын стандарттары компаниянын негизги операциялык процесстеринин бөлүгүнө кирип, чечимдерди кабыл алууда эске алынышын камсыздоо.

Бизнес жана адам укуктары жаатындагы БУУнун жетектөөчү принциптерине ылайык бул деңгээлде ишкана адам укуктары аларга таасир этүүнү баалоонун, талаптагыдай текшерүү жол-жобосунун негизги бөлүгүнө айланышын камсыз кылууга тийиш.

1. Ишкана өз ишмердигине байланыштуу адам укуктарын бузуу тобокелдиктерине байкоо салабы?

Бул собол компания адам укуктарын урматтоо милдетин так аңдап жана аткаруу керектигин терең түшүнүүсүн аныктап алууга мүмкүндүк берет. Ишкана бизнес-операцияларын жүргүзүүдө адам укуктарын бузуу тобокелдиктерин аныктоо, байкоо салуу, баалоо, алдын алуу үчүн талаптагыдай текшерүү жол-жобосун иштеп чыгып жана үзгүлтүксүз колдонууга умтулганы оң.

Компания экономика тармагы жана ишмердигине байланыштуу (мисалы, жамааттык деңгээлде, өлкөдөгү тобокелдиктерди бир сыйра көздөн өткөрүү) адам укуктарын бузуунун кыйла маанилүү тобокелдиктерин талдап чыкканы дурус. Ошону менен бирге эле бул талдоону бизнес же операциялык профиль бир топ өзгөрүүгө дуушар болгон сайын жаңыртып туруу жакшы.

2. Ишкана өз өндүрүмдөрү, кызмат көрсөтүүлөрүнө байланыштуу адам укуктарын бузуу тобокелдиктери жана дегеле ага тийгизген таасири боюнча маселелерди чечеби?

Ишканалардын баары адам укуктарына байланышкан тобокелдиктерге тушугат: албетте, алар тармакка жана алардын бизнеси өндүргөн же сунуштаган өндүрүм жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчө мүнөзүнө жараша болору ырас. Маселен, ИТ ишканалары сунуштаган өндүрүм жана кызмат көрсөтүүлөр купуялуулук жана ойду эркин билдирүү, ал эми фармацевтикалык же химиялык өндүрүш менен алектенген компаниялар керектөөчүлөрдүн саламаттыкка байланыштуу укуктарына потенциалдуу таасири бар эмеспи.

Компания адам укуктарын бузуу тобокелдиктерин баалоону белгилүү бир өндүрүм же кызмат көрсөтүүнү жана аларга байланыштуу зыяндын ордун толуктоо тажрыйбасын пайдалануу менен тобокелдиктерди тизгиндөө процессине айкалыштыра алганы маанилүү.

3. Адам укуктары жаатында тийиштүү текшерүү талаптары булактарды издөө жана камсыздоо чынжырын тескөө чечимдерине кошулганбы?

Талаптагыдай текшерүү жол-жобосу компаниянын тобокелдиктерин гана тургай, куру дегенде эле камсыздоочулар менен жалданма ишканалардын алгачкы чынжырын баалоону да камтыганы артыкчылык берет. Айрыкча, бул компания кризистик шарттарда иш алпарган учурда зор мааниге ээ. Андайда ишкана адам укуктарын талаптагыдай тыкыр текшерүүгө муктаж болушу мүмкүн.

4. Компания укуктары бузулушу ыктымал тараптарды адам укуктарын сактоону талаптагыдай текшерүү жүргүзүүгө  тартабы?

Ишкананын жабыр тарткан жамаат жана укук ээлеринин өкүлдөрү менен байланыш каналын түптөгөн расмий жол-жобосунун болушу жагымдуу жагдай жаратат.

5. Компанияда адам укуктарына тийген таасирди аныктоо, аны жоюуга адам ресурстары жана бюджет каралганбы?

Адам укуктарынын сакталышын талаптагыдай текшерүүгө ресурс жумшалбай койбойт. Ал атайын билим жана ишбилги жөндөмдү талап кылат. Компания адам укуктарынын сакталышын талаптагыдай текшерүү үчүн ички дараметти өрчүтүүгө күч жумшап же сырттан адистерди тарта алат. Мындай процесстерге, ошондой эле компания адам укуктарын бузууга байланышкан мурдагы же потенциалдуу учурлар боюнча аныкталган көйгөйлүү маселелердин кесепетин басаңдатууга кепилдик берүүдө, мындан ары да жүзөгө ашырып, ага ресурс бөлүү үчүн жогорку жетекчилик тарабынан көңүл бурулушу абзел.

6. Ишкана талаптагыдай текшерүүгө жумшаган аракеттеринин майнаптуулугуна байкоо салабы?

Бул суроо компаниянын талаптагыдай текшерүүнүн натыйжалуулугуна байкоо салуу механизмдери жана тажрыйбасына тиешелүү. Мындай механизмдер камсыздоочуларга карата ички аудит жана мониторинг, кызматкерлерди сурамжылоо, даттанууларды кароо механизмдери өңдүү жалпы да болушу мүмкүн. Ошол эле учурда компаниянын муктаждыктары үчүн жаралган, атап айтканда, системалуу же башка кызыкдар жактарды тартуу менен түпкү көйгөйлөрдү чечүүдөгү жылыштарды баалай турган атайын механизм да болушу ыктымал.

Байкоо жүргүзүүгө кызыкдар жактарды тартууга болот, ал эми мониторингдин өзү дайымкы диалогго (мисалы, даттанууларды коомдук уюмдар менен биргеликте кароого) негизделиши мүмкүн.

Суроолордун үчүнчү топтому. Укуктук коргоо каражаттары

Компаниянын даттанууларды кароонун көбүнесе ишмердиги жана көлөмүнө жараша механизмдерин уюштуруунун ар кыл ыкмалары бар. Эң башкысы, мындай механизм иштеп, ошондой эле адам укуктарына байланыштуу маселелерди камтышы кажет. Дагы бир алгылыктуу тажрыйбанын маңызы – кызыкдар тараптар кандай кадамга баруудан карманып жана буга окшогон маселелерди кантип чечүү керектигин билип алышы үчүн түшкөн даттанууларды кароонун тыянактарын, жок эле дегенде компаниянын ичинде маалымдап турууда.

1. Ишканада адам укуктарынын бузулушу жөнүндө даттанууну жумушчулар ачык тапшыра ала тургандай канал түзүлгөнбү?

Компанияда адам укуктары маселелери боюнча даттанууларды кароонун атайын механизмдери иштелип чыгып, жумушчулардын баары андан кантип пайдалануу керектигин билет деп үмүттөнөлү. Компания талаш маселелерди кароонун жашыруун жыйынтыктарын жарыялайт деп күтөлү.

2. Компаниядан тыш адамдар же жамааттардан түшкөн арыздарды карай турган ачык канал/механизмдер барбы?

Бул собол бардык кызыкдар жактарга, атап айтканда, кардарлар, камсыздоочулар, потенциалдык өнөктөш жана ишмердик жүргүзүлгөн жамааттарга компаниянын  даттанууларды кароонун жол-жоболору белгилүү болуп-болбогонуна байланыштуу.

3. Компания каржылык эмес жылдык отчетун, анын ичинде бизнес жана адам укуктары тармагындагы милдеттенмелерин аткаруудагы он эки айлык жыйынтыктарын жарыялап турабы?

Эң ириде бул суроо компаниянын адам укуктары жаатындагы ишмердиги жана жетишкендиктери жөнүндөгү ачык отчетко тиешелүү. Албетте, ишканадан адамдын бардык укуктары туурасындагы отчету талап кылынбайт, бирок куру дегенде бизнес жана адам укуктары боюнча аракеттериндеги жылыштар жана/же белгилүү бир тармактагы жетишкендиктери жөнүндө чагылдырып туруу милдеттенмеси да жок эмес.

Өзүнө өзү баа берүүнүн мындай тажрыйбасы ишканаңыздын өнүгүүгө карай жаңы барак  ачарына тилектешпиз!

Макала Кыргызстандын ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампанияны коштоо үчүн Япония өкмөтүнүн каржылоосу менен БУУӨПтүн «Бизнес жана адам укуктары» (B+HR) долбоорунун алкагында даярдалды.

                                                                                 ***

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири. 1993-жылдан бери биз Туруктуу өнүгүү максаттарына биргелешип жетүү үчүн инклюзивдик өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кризиске каршы туруу, гендердик теңчиликти илгерилетүү сыяктуу көптөгөн тармактарда иш жүргүзүүдөбүз.

Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз: www.undp.org/ru/kyrgyzstan же социалдык тармактардагы биздин баракчаларыбызга жазылыңыз: @undpkg.

ЖМК үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси

Nurzhan.alymkanova@undp.org