БУУНУН өнүктүрүү программасы википедиага кыргыз тилинде гендердик теңдик боюнча 35 макала киргизди

Аялдардын таасири көрүнүп турган адилеттүү санариптик келечекке карай

2022-ж., 2-June
Photo of girls in discussion

 

БИШКЕК, Кыргызстан, 2022-жыл, 2июнь Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы, Бишкек Феминисттик Демилгеси жана Супер-Инфо медиа-порталы менен биргеликте Википедия үчүн кыргыз тилиндеги гендердик маселелер боюнча 35 макала иштеп чыкты. Макалалар тең укуктуулук тууралуу маалымат берип, аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүү жалпы өнүгүүгө салым кошоорун, Кыргызстандагы аялдар туш болгон тоскоолдуктар жана зомбулукту жоюудагы чараларды коомчулукка жеткирүү максатын көздөйт.

«Кыргызстандагы гендердик теңчилик жана аялдардын көйгөйлөрү боюнча макалалар Кыргызстандагы аялдардын абалын улуттук жана жергиликтүү деңгээлде жакшы түшүнгөн жергиликтүү эксперттер тарабынан иштелип чыккан.

Өлкө калкынын жарымын түзгөн аялдар гендердик теңчилик, аялдардын укуктары жана тең укуктуу коом жолунда Кыргызстан туш болгон башка маселелер боюнча өзгөчө кыргыз тилинде маалыматка ээ эмес. Ачык, онлайн булактарга мазмунду жана билимди кошуу Кыргызстандын жарандарына өз укуктары жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана гендердик теңчилик жана социалдык нормалар боюнча маалымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Гендердик маалымдуулуктун жогорку деңгээли аялдар менен эркектердин ортосундагы өз ара түшүнүүнү жакшыртат жана коомду өзгөртүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана гендердик стеротиптерди бузууга жардам берет. Бирок дагы көп нерсе керек. Бул салымы менен ПРООН башкаларды дагы кыргыз тилиндеги аялдардын көйгөйлөрү боюнча Википедияга жарыялоо үчүн – ден соолук, жумуш жана үй-бүлө жөнүндө – аялдарды кызыктырган ар кандай маселелер боюнча макалаларды кошууга шыктандырууга үмүттөнөт», - Луиз Чемберлен, БУУӨПтун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү.

Википедия кеңири колдонулган  белгилүү маалымат булагы. Анда изилдөөгө мүмкүнчүлүк берген ар түрдүү темадагы макалалалр камтылган. Азыркы учурда өлкөдөгү өсүп келе жаткан жаш муун кыргыз тилинде сүйлөп, иштеп жатышат, ошондуктан аялдардын жана кыздардын жана жалпы адам укуктары боюнча кыргыз тилинде даярдалган макалалар маселени андан ары изилдөөгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Ишенимдүү жана гендердик сезимтал маалыматка муктаждык бар болгондуктан, текшерилген маалыматты кыргыз тилинде жайылтуу абдан маанилүү», — дейт макалалардын авторлорунун бири Гүлайым Айылчы.

Кыргыз тилиндеги Википедия 2010-жылы ишке киргенден бери 80 000ден ашык макалалар жарыялаган.  Аялдар, жаштар жана феминисттик уюмдардын адистеринен турган 8 автор тарабынан дагы 35 жаңы макала жарыяланды.

«Бул долбоордун алкагында гендердик эксперттер менен иштөө «Супер-Инфо» медиа-порталынын редакторлоруна чоң тарбиялык таасирин тийгизди. Эки тарап талашып-тартышып жаттык. Бирок соңунда редакциябыздын гендердик тилди колдонуп, виктимизациядан жана жабырлануучуну күнөөлөгөндөн алыс болуп, зордук-зомбулукка чыдамкайлык көрсөтүү жагынан өзгөрүүлөрө күбө болдум”, - дейт Наргиза Үмөтова, “Супер Инфо”  медиа порталынын менеджери.


Gender – гендер

Gender equality - Гендердик теңдик

Gender inequality - Гендердик теңсиздик

Women’s rights  - Аял укуктары

Women’s rights in Kyrgyzstan

Feminism movement - Феминизм кыймылы

Sexism - Сексизм   

Gender roles - Гендердик ролдор

Discrimination - Дискриминация  

Cross discrimination - Кесилишкен дискриминация

Patriarchy - Патриархат

Misogyny - Мизогиния  

Special measures on gender equality adopted by the United Nations - Special measures on gender equality adopted by the United Nations

Violence - Зордук-зомбулук

Domestic violence - Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук

Sexual violence - Зордуктоо

Femicide – Фемицид

Abduction - Ала качуу  

Harassment - Харассмент, ыдык көрсөтүү, асылуу

Reproduction rights - Репродуктивдик укуктар

Virginity – Кыздык

Sexual and reproductive health and rights - Сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук жана укуктар

Marriage – Нике

Domestic violence - Акы төлөнбөгөн эмгек

Women’s health - Аялдардын ден соолугу

Contraception - Контрацепция

Environment and women - Экология жана аялдар

Women’s rights and women empowerment - Аялдардын Укуктарын Жана Мүмкүнчүлүктөрүн  Кеӊейтүү

Women in politics - Саясаттагы аялдар

Women-entrepreneurs - Аял ишкерлер

Women in Science - Илимий чөйрөдөгү аялдар

Women in Culture  - Маданияттагы аялдар

Women in Sports - Спорттогу аялдар

Education for girls - Кыздарга билим берүү