Кыргызстанда БУУӨПтүн Майыптык маселелери боюнча Глобалдык фондунун долбоорунун жыйынтыктары сунушталды

2025-ж., 15-December
Three panelists sit at a blue-draped table with microphones in a conference room.

Иш-чаранын катышуучулары

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Бишкек, 15-декабрь 2025 — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Министрлер Кабинетинин алдындагы Майыптыгы бар адамдар боюнча кеңеш жана Кыргызстандагы БУУ тутуму менен биргеликте Кеңештин жыйынтыктоочу жыйынын өткөрүп, 2024–2025-жылдары ишке ашырылган БУУнун Майыптык маселелери боюнча Глобалдык фондунун (UN Global Disability Fund, UNGDF) «Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү» долбоорунун жыйынтыктарын сунуштады. Жыйындын жүрүшүндө майыптыгы бар адамдардын укуктарын кеңейтүүгө жана инклюзияны камсыздоого багытталган улуттук системаларды, мыйзамдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыңдоодо жетишилген конкреттүү жыйынтыктар талкууланды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, БУУ агенттиктеринин башчылары, майыптыгы бар адамдардын уюмдары жана жарандык коомдун өнөктөштөрү катышып, жетишилген натыйжаларды баалашты, аткарууда калган боштуктарды аныкташты жана инклюзивдүү ыкманы улуттук саясаттарга жана программаларга бекем киргизүү боюнча кийинки кадамдарды макулдашышты.

БУУӨП Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашырууда жана Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясын (КПЛИ) аткарууда колдоо көрсөтүп келет. Бул аракеттер Туруктуу өнүгүү максаттарына (2030-жылга чейинки Күн тартиби) жетүүгө салым кошот. Долбоор БУУӨП, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА тарабынан БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсесинин координациясы алдында ишке ашырылды.

Өкмөт өкүлдөрү, анын ичинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жана Майыптыгы бар адамдар боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков, жеткиликтүүлүктү жогорулатууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жана майыптык боюнча мыйзамдардын практикалык аткарылышына багытталган улуттук артыкчылыктарды белгилешти.

Эки жыл ичинде биргелешкен долбоор майыптык маселелерин, гендердик теңчиликти жана климаттык факторлорду улуттук саясаттарга интеграциялоого, Майыптыгы бар адамдар боюнча кеңештин жана майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын потенциалын чыңдоого, ошондой эле улуттук мыйзамдарды КПЛИ менен шайкеш келтирүүгө көмөктөштү.

БУУӨПтүн салымы майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик саясатка жана институционалдык практикага таасир эте ала турган реалдуу инструменттерди берүүгө багытталды. БУУӨПтүн методологиялык жана эксперттик колдоосунун негизинде окутуулар, консультациялар жана изилдөөлөр укуктук нормаларды практикалык чечимдерге айлантууга жана мамлекеттик органдар менен мазмундуу диалог түзүүгө мүмкүндүк берди. Бул иш жарандык коргонуу, саламаттык сактоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу тармактарындагы системалуу тоскоолдуктарды аныктоого, ошондой эле мыйзамдарга, анын ичинде жарандык коргонуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү даярдоо боюнча ведомстволор аралык процесстерди колдоого өбөлгө түздү.

Александра СоловьеваБУУӨПтүн Туруктуу өкүлү: «Бул долбоор майыптыгы бар адамдардын коомчулугу менен мамлекеттик институттар так улуттук артыкчылыктардын алкагында биргелешип иш алып барганда туруктуу өзгөрүүлөр кантип ишке ашаарын көрсөттүБУУӨП практикалык инструменттердимаалыматтарды жана диалогду колдопмайыптыгы бар адамдарга саясатты талкуулоого түз катышууга мүмкүнчүлүк бердиошол эле учурда мамлекеттик органдардын колдонулуп жаткан мыйзамдар менен программаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн күчөттүМындай ыкма инклюзивдүү чараларды улуттук мыйзамдарга жана мамлекеттик процедураларга системалуу түрдө киргизүүнү камсыздайт».

Долбоордун алкагында Майыптыгы бар адамдар боюнча кеңештин институционалдык реформасына да колдоо көрсөтүлдүЖаңыланган жобонун долбоору Кеңештин ыйгарым укуктарын күчөтүүнүрегиондордун өкүлчүлүгүн кеңейтүүнүаралыктан катышуу мүмкүнчүлүгүн жана майыптыгы бар адамдардын укуктарына таасир эткен мыйзам долбоорлорун кароодогу ролун формалдаштырууну карайт.

Толкунбек ИсаковМайыптыгы бар адамдар боюнча кеңештин төрагасынын орун басарыдолбоор көйгөйлөрдү белгилөөдөн маалыматтарга жана укуктук талдоого негизделген конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга өтүүгө шарт түзгөнүнал эми Кеңештин ролунун күчөтүлүшү улуттук жана жергиликтүү деңгээлде чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнүн жаңы механизмдерин түзөрүн белгиледи.

Көз карандысыз баалоо долбоор институционалдык потенциалды чыңдоогомамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы координацияны жакшыртууга жана далилдерге негизделген башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзгөнүн тастыктады.

 

Долбоор БУУӨПЮНИСЕФ жана ЮНФПА тарабынан Кыргызстандагы БУУнун Туруктуу координаторунун жалпы координациясы алдында жана Майыптык маселелери боюнча БУУнун Глобалдык фондунун каржылык колдоосу менен биргелешип ишке ашырылды.