“Майыптардын укугу жөнүндө Концепцияны ишке ашыруу үчүн эксперттик чечимдер” коомдук фондунун директору Владимир Ганжела жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты Датан Бекешев. фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан
Майыптыгы бар адамдардын укугу жөнүндө БУУнун Конвенциясын ишке ашырууга дагы бир кадам
Бишкек, 14-декабрь, 2021-жыл – Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын жана ошондой эле улуттук программалардын, стратегиялардын, концепциялардын майыптардын укугу жөнүндө Конвенцияга шайкештиги жана дискриминациялык нормалардын бардыгын анализдөө боюнча эксперттердин иши майыптардын укугу боюнча БУУнун Конвенциясын ишке ашырууга дагы бир кадам жакындатты.
Эксперттик баалоо Юстиция министрлиги координациялаган мыйзамдарды инвентаризациялоо менен чогуу жүргүзүлгөн жана анализдин жыйынтыгы өз компетенциясына ылайык келген профилдик мамлекеттик органдарга берилмекчи.
Мыйзамдарды баалоого катышкан уюмдардын бири – “Майыптардын укугу жөнүндө Концепцияны ишке ашыруу үчүн эксперттик чечимдер” коомдук фонду. Анын жетекчиси Владимир Ганжела белгилеп кеткендей, тилекке каршы, көпчүлүк мыйзамдарда жана аларга байланышкан мыйзам астындагы актыларда аларда баяндалган нормаларды ишке ашыруу механизмдери жок экендигин анализ көрсөткөн.
“Баалоонун жыйынтыгы боюнча негизги тыянактардын бири деп төмөнкү маселени айтууга болот: майыптыгы бар адамдарга тиешелүү маселелерди кароодо сөзсүз түрдө алардын муктаждыктарын толук эсепке алуу үчүн алар менен консультация кылуу зарыл. Бирок, мындай талап биздин мыйзамдарга киргизилген эмес. Ошондой эле, майыптыгы бар адамдардын укугун ишке ашыруу боюнча негизги багыттарда эксперттик коомчулукту түзүү керек. Ошондо гана чектелген финансылык ресурстар майыптыгы бар адамдар үчүн көбүрөөк натыйжалуу жана пайдалуу коротулат”, - дейт Владимир Ганжела.
Мыйзамдарды баалоо боюнча жумуш БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорлорунун колдоосу аркылуу мүмкүн болду. Белгилей кетүүчү жагдай, Конвенцияны Кыргызстан менен ратификациялоо процесси 2019-жылы Кыргыз Республикасындагы БУУӨП тараптын активдүү катышуусунда жана колдоосунда өткөн.
Кыргызстандагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн ага кеңешчиси Эркин Касыбеков төмөнкүлөрдү айтып өттү: “Конвенциянын жобосу анын катышуучуларына улуттук мыйзамдар базасын майыптардын укугу жөнүндө Конвенцияга шайкеш келтирүү боюнча көптөгөн милдеттенмелерди койгондугун эске алганда, БУУӨПтүн долбоору андан ары жакшыртуу максатында кыргыз мыйзамдарын анализдөө боюнча аракетти колдоону чечти. Ошондой эле, БУУӨПтүн колдоосу астында мамлекеттик программанын “2021-2040-жылдарда Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар жарандар жана башка калктын мобилдүүлүгү аз топтору үчүн жеткиликтүү өлкө” долбоору иштелип чыкты. Бул долбоор учурда макулдашуунун финалдык стадиясында турат”.
Мыйзамдарды анализдөө эки багытта жүргүзүлгөн.
Биринчи багыттын алкагында алардын Конвенциянын жоболоруна шайкеш же каршы келе тургандыгын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзам актылары изилденген, жана ошондой эле, майыптыгы бар адамдарга карата дискриминациялуу болгон нормаларды аныктоо болгон.
Иштин экинчи багыты улуттук жана мамлекеттик программалар менен стратегияларды анализдөөгө арналган. Баалоо майыптыгы бар адамдардын укугу жана кызыкчылыктары Майыптардын укугу жөнүндө Концепцияга шайкеш келгендигине карата жасалган.
Эки багыт боюнча иштин актуалдуулугу Конвенциянын талаптарына шартталган, анда төмөнкүлөр айтылган: катышуучу-мамлекеттер “бардык чараларды, анын ичинде майыптарга карата дискриминациялуу болуп саналган мыйзамдарды, токтомдорду, салттарды, коомдук негиздерди өзгөртүү же жокко чыгарууну” кабыл алуусу зарыл. Майыптардын укугу жөнүндө Концепция катышуучу-мамлекеттер өздөрүнүн бардык стратегияларында жана программаларында майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо жана кызыктыруу боюнча милдеттенмелерди бекитишин да карайт.
Эксперттердин ишинин жыйынтыгы 2021-жылдын 8-декабрында жарандык сектордун, Жогорку Кеңештин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, жана ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн өкүлдөрү катышкан тегерек столдо талкууланган.
Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, коммуникациялар боюнча адис nurzhan.alymkanova@undp.org