Хакатондун катышуучулары ар бир каалоочу өзүн депутат же президенттикке талапкер катары сынап көрө алган оюн иштеп чыгышты

2020-ж., 3-September

Парламент жөнүндө оюндун скриншоту

Бишкек, 3-сентябрь, 28-30-август күндөрү БУУӨП жана Швейцария өкмөтүнүн колдоосун менен «Жаштар үчүн ачык Парламент- Парламент, открытый для молодежи» хакатону өтүп, анда 10 команда парламенттин ролу, функциялары жана маанисин үйрөтүүчү колдонмо иштеп чыгышты.

«Ачык Парламент» хакатону – бул чыгармачыл технологиялык устакана, анда иштеп чыгуучулар (IT адистер), дизайнерлер, эксперттер, тренерлер, жарандык билим берүү жана парламентаризм жаатындагы педагогдор үч күндүк спринт режиминде окутуучу программаларды, оюндары жана тиркемелерди иштеп чыгуунун үстүндө иш алып барышты.

Жыйынтыгында онлайн хакатондо «Parliament days» жана «Кандидат» оюндары жеңишке жетти, экөө тең Кыргызстандагы демократиялык процесстердин жүрүшүн чагылдырат. Эки долбоор тең оюнчуларга өздөрүн депутат же президенттикке талапкер катары чечим кабыл алууда өзүн сынап көрө алгандай шарт берет.

 Жеңүүчүлөр мобилдик тиркемелерди толук иштеп чыгуу үчүн 200000 сом суммадагы сертификаттарды алышат.

Мындан сырткары «Чабалекейлер: Бишкекте жаз» мобилдик оюнду баса белгилөө керек, ал Кыргызстандагы кыздарды ала качуу көйгөйүн чагылдырат.

Бул оюндардын прототиптери өзүнүн экспертизаларын катышуучуларга бөлүшкөн эл аралык жана улуттук адистердин коштоосунда эки күндүн ичинде иштелип чыкты. Zoom бардыгыбыз үчүн онлайн конференцияларды жана жолугушууларды өткөрүү үчүн кадимки программа

болуп калган учурда Кыргызстандагы Discord геймерлер үчүн программалык камсыздоодон онлайн иш-чараларда туруктуу жана сапаттуу байланышты камсыздоочу программага “трансформациялануусун” жаңыдан баштоодо. Биздин Хакатон инновациялык оюндарды иштеп чыгуунун экинчи күнүндө Discord менен иштеп көрүүгө мүмкүнчүлүк берди, командалар ал боюнча коммуникация жүргүзүштү.

Ошондой эле, ментордук колдоодон тышкары командалар Николай Овчинниковдун лекцияларын угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Николай «Noesis» оюн студиясынын негиздөөчүсү, анда Россиянын алдыңкы IT-секторунун адистери кайрымдуулук жана укук коргоочу уюмдар үчүн оюндарды иштеп чыгышат.

«Ушундай форматтагы иш-чараны өткөрүү Жаштарды өнүктүрүү институту үчүн, Кыргызстан үчүн да - биринчи тажрыйба болду. Иш-чарага башынан аягына чейин катышкан бардык командаларга терең ыраазычылык билдиргим келет. Ал эми жеңүүчүлөр менен биз эми тыгыз кызматташабыз!» деп Хакатондун координатору Ажара Касмалиева иш-чараны жыйынтыктады.

_________________________________________________________________________________

GameDev Онлайн Хакатон Кыргыз Республикасындагы БУУӨП тарабынан ишке ашырылуучу Өнүктүрүү жана Кызматташуу боюнча Швейцария Башкармалыгынын «Жарандардын активдүү катышуусу менен күчтүү парламенттик демократия» долбоорунун алкагында «Ачык Парламент» «Жаштар үчүн ачык Парламент- Парламент, открытый для молодежи» демилгеси тарабынан өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын өнөктөштөрү  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку Технологиялар Паркы жана ИНДИКАТОР – оюндардын авторлорунун чыгармачыл мейкиндиги.
.