БУУӨП Кыргызстандагы медиа борборлордун журналисттери үчүн тренинг уюштурду

2020-ж., 27-November

Маалымат жана массалык коммуникация департаменти Кыргыз Республикасындагы БУУӨП менен биргеликте медиа борборлордун журналисттери үчүн вебинарларды өткөрдү. Үч күндүн ичинде, 18-20-ноябрь аралыгында, Кыргызстандын бардык аймактарынан журналисттер онлайн окууга катышышты. Тренингдердин программасы конвергенттик журналистика чөйрөсүндө иштеген 21-кылымдын журналисти үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү эске алуу менен иштелип чыккан. Вебинарлар кыргыз тилинде өтүп, төмөнкү темаларды камтыды: окуяларды баяндоо, макалалар жана жаңылыктарды жазуу, журналисттик этика, видео тасмага тартуу негиздери жана социалдык тармактарда иштөөнүн негиздери.

Белгилүү болгондой, бир жыл мурун мамлекеттик регионалдык ММКларда кайра уюштуруу болуп, медиа борборлор түзүлгөн. Регионалдык медиа борборлор жаңылыктарды даярдоодо жана жайылтууда чечүүчү ролду ойношот жана алар маалыматтык гана эмес, окутуучу мүнөзгө дагы ээ. Жаңылыктар биримдик жана толеранттуулук идеяларын камтышы мүмкүн жана фейк жаңылыктардын жайылышына жол бербейт.

Семинарлардын жүрүшүндө тренерлер жергиликтүү жаңылыктарга байланыштуу тажрыйбалары, билимдери жана мисалдар менен бөлүшүштү. Программа жакшы макалаларды жазуу боюнча эл аралык стандарттарды, адам окуяларын колдонууну же көйгөйдү баатырлар аркылуу ачууну, журналисттик этикада: жек көрүү сезимин, баарлашуудагы гендердик жана конфликттерге жакын мамилелерди, Кыргызстандагы журналисттеринин этикалык кодексин, сызыктуу эмес видео монтаждын негиздерин, социалдык тармактардын өзгөчөлүктөрүн жана аларда иштөөнү, социалдык тармактар үчүн контентти түзүүнү жана ылайыкташтырууну камтыйт.

Бул иш-чаранын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы жогорудагы темалар боюнча видео сабактарды түзүүнү колдоп, алар медиа борборлордун бардык журналисттерине таратылат. Видео сабактар жаш адистерди туруктуу жана көз карандысыз окутуу үчүн өтө маанилүү.

Бул реформаларды колдоо, ЕБ менен БУУнун өнөктөштүгүнүн алкагында, БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган "Кыргызстан менен Өзбекстан жаштарынын ынтымагы менен кызматташтыгын илгерилетүү" долбоорунун алкагында, ошондой эле БУУӨПтүн Европа Биримдиги тарабынан каржыланган "Азиядагы Зордук-зомбулук экстремизмине туруктуулукту бекемдөө (STRIVE Asia)" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.