БУУӨП глобалдык телекөрсөтүүнү келечектеги таң калтырган аба ырайы менен үзгүлтүккө учуратып, бүгүн климаттын өзгөрүшүнө каршы иш-аракет кылууга чакырат

Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюму жана The Weather Channel телеканалы менен өнөктөштүктө түзүлгөн «Weather Kids» кампаниясы кийинки муундар үчүн климаттын өзгөрүшүнө каршы тез арада чараларды көрүүгө чакырат.

2024-ж., 3-April

Нью-Йорк – Бүгүн жергиликтүү аба ырайынын болжолдоолорун көргөн дүйнө жүзү боюнча телекөрүүчүлөрдү күтүлбөгөн нерсе күтүп турат – 2050-жылга атайын божомол. Берүүнүн форматы тааныш болгону менен, аба ырайынын божомолу буга чейин балдар тарабынан берилген эмес. Бул жаш телекөрсөтүү метеорологдору БУУнун Өнүктүрүү программасына (БУУӨП) Дүйнөлүк метеорологиялык уюму жана The Weather компаниясынын флагмандык бренди болгон The Weather Channel менен өнөктөштүктө түзүлгөн "Weather Kids"(Аба ырайынын балдары) кампаниясынын алкагында кошулушту.

Дүйнөлүк атактуу адамдар жана БУУӨПтүн ак ниет элчилери, анын ичинде Оскар сыйлыгынын лауреаты малайзиялык актриса Мишель Йео, америкалык актриса Конни Бриттон жана даниялык актер Николай Костер-Вальдоу тарабынан колдоого алынган кампания БУУӨПтүн елечек муундар үчүн маанилүү климаттык чараларды көрүү үчүн климаттын өзгөрүшүнүн таасири жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана адамдарды мобилизациялоо боюнча иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.
Балдардын 2050-жылга даярдалган божомолду көрүңүз:

Сюжет көрүүчүлөргө температуранын жогорулашы климаттын өзгөрүшүнүн адамдарга жана дүйнөлүк экономикага дагы катастрофалык таасирин тийгизе берерин эскертет. Алардын арасында дүйнөдөгү балдардын 94% Болжолдонгон таасири, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жана салык төлөөчүлөрдүн эсептеринин триллиондогон АКШ долларына көбөйүшү мүмкүн. "Мунун баары акылга сыйбаган көрүнүш. Эгерде мен чоңойгондо окумуштууларды укпасак, анда баары начарлап кетет", — дейт жаш алып баруучулардын бири.

Болжолдоо балдардын күчтүү өтүнүчү менен аяктайт: "Бул биз үчүн жөн гана аба ырайы эмес. Бул биздин келечегибиз". Көрүүчүлөр туруктуу каржылык чечимдерди кабыл алуу жана климаттык чечимдер жана глобалдык климаттык иш-аракеттер жөнүндө билим алуу менен иш-аракет кылуу милдеттенмесине кол коюуга чакырылат. БУУӨПтүн кампанияны толуктаган Николай Костер-Вальдау менен "Климаттык аракеттерди түшүндүрүү" видеолорунун жаңы сериясы буга чейин ишке ашырылып жаткан айрым конкреттүү чечимдерди баяндайт.

БУУӨПтүн администратору Ахим Штайнер:" Weather Kids – климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча маанилүү чараларды көрбөсөк, келечек жөнүндө эскертип турган күчтүү үн", — деди. "Климаттын өзгөрүшүнө инерттик мамилени улантуу планетанын азыркы балдар жана келечек муундар үчүн жашоого жараксыз болуп калышына алып келет. Эгерде биз азыр тез жана масштабдуу иш-аракет кылсак гана багытыбызды өзгөртө алабыз. Бул биздин экономикаларды декарбонизациялоону жана бардыгы үчүн арзан, таза энергияга жетүүнү кеңейтүүнү, жаратылыш дүйнөбүздү коргоону жана калыбына келтирүүнү жана жамааттарга өз өлкөлөрүнүн климаттык милдеттенмелери боюнча өз пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү камтыйт".

"Weather Kids" кампаниясы БУУӨПтүн коомдук талкууларды стимулдаштыруу жана климаттын өзгөрүшү боюнча аракеттерди 2025-жылы Бразилияда 30-ТК (Тараптардын Конференциясы) климаттык сүйлөшүүлөрүнө карата мобилизациялоо аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. 30-ТК 2015-жылкы Париж климаттык келишиминин он жылдыгын белгилейт жана дүйнөнү глобалдык температуранын 1,5 градуска чейин көтөрүлүшүн чектөө жолуна салуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болот, анткени өлкөлөр климаттык иш-аракеттердин жана алар пландаштырган максаттардын жаңы айлампасын киргизишет. "Улуттук дэңгеелде аныкталган салымдар" (УДАС)деп аталган бул пландар глобалдык климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштүн өзөгүн түзөт.

Телекөрүүчүлөр күн сайын көрүп турган божомолдор Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын (IPCC) жана БУУӨПтүн Human Climate Horizons маалымат платформасынын маалыматтарын колдонуу менен иштелип чыккан.

"Weather Kids"  80ден ашуун өлкөнүн жаңылык каналдарында көрсөтүлөт. Бул глобалдуу жетүү өнөктөштөрдүн кеңири коалициясынын жардамы менен мүмкүн болду.

Кампаниянын www.weatherkids.org веб-сайтына кириңиз.