БУУӨП ЕБ-БУУнун «Теӊдик нуру» демилгесинин алкагында гендердик зомбулукка кабылгандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү үчүн про-боно адвокаттар долбоорун ишке киргизүдө

2021-ж., 12-April

Кыргызстандагы гендердик зомбулукка каршы жергиликтүү дизайнердин мода көргөзмөсүндөгү чыгармасы. Сүрөт: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Өткөн ишембиде, 10-апрелде, ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында Бишкек шаарында БУУ Өнүктүрүү программасы КР Адвокаттар окуу борбору менен биргеликте муктаж болгондорго акысыз квалификациялуу жардам көрсөтүү – «про боно» туруктуу практикасын илгерилетүү боюнча долбоорду ишке киргизди. «Про боно» деген сөз латын тилинен которгондо «коомдун пайдасы үчүн» дегенди билдирет жана юристтердин социалдык жоопкерчилигинин модели болуп саналат. Мындай модель дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө кеңири таралган.  

2016-жылдан тартып Кыргызстандагы БУУ Өнүктүрүү Программасы сексуалдык жана гендердик зомбулуктан (СГЗ)  жабыркаган аялдар менен балдарды коргоо маселелери боюнча «про боно» моделин ишке киргизген. Ошондон бери өлкөнүн бардык региондорундагы 100дөн ашуун адвокат СГЗ чөйрөсүндөгү кылмыш иштери менен алектенүүгө байланышкан окутуудан өткөрүлгөн. Ушундай окуудан өткөн адвокаттардын арасынан 25 тажрыйбалуу адвокат бир кесипкөй командага биригип, коомдо резонанс туудурган ондогон кылмыш иши боюнча иш алпарып, натыйжада күнөөлүүлөр кылмыш жообуна тартылган.   

Жаңы про боно адвокаттарды ишке тартуу максатында КР Адвокаттар окуу борбору зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга алардын социалдык-экономикалык абалы кандай экендигине карабастан сот адилеттиги жеткиликтүү болушун камсыздоо процессине юристтердин катышуусу маанилүү экендиги жөнүндө кеңири компания жүргүзмөкчү. Андан тышкары, долбоордун алкагында адвокаттар үчүн гендердик кылмыштар менен СГЗга байланышкан иштер менен алектенүү боюнча практикалык колдонмо иштелип чыкмакчы.  

«Өлкөдө гендердик зомбулук учурлары көбөйүп жаткан шарттарда бул долбоор – БУУ жана Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынган абдан маанилүү жана өз убагында көтөрүлгөн демилге болуп саналат. Конституцияда аялдар үчүн мыйзам алдындагы теңчилик жана бирдей коргоо кепилденгени менен иш жүзүндө көптөгөн факторлор, анын ичинде: каржылык каражаттардын жетишсиздиги же жоктугу; өздөрүнүн мыйзамдуу укуктары жөнүндө аз маалымдуу болушу; ошондой эле иш боюнча өндүрүшкө көп убакыт талап кылынышы аларга сот адилеттиги жеткиликтүү болушун чектеп коет. Ошондуктан биз бул долбоор зомбулукка туш келген аялдар менен кыздарды мындай фактыларды ачыкка чыгарып, токтоосуз жардам сурап кайрылуусуна шыктандыруусун каалайт элек» – Айжан Орозакунова, КР Адвокаттар окуу борборунун директору. 

«Теӊдик нуру» долбоору жөнүндө

2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө ЕБ менен БУУ аялдар менен кыздарга карата зомбулуктун бардык түрүн жоюу боюнча «Теӊдик нуру» (Spotlight Initiative) Глобалдык демилгесинин алкагында көп жылдык өлкөлүк программасын ишке киргизген.  Программанын максаты – Кыргызстандагы бардык аялдар менен кыздар, өзгөчө – аялуу катмардагылар зомбулуксуз жана зыяндуу практикасыз, анын ичинде эрте никеге тургузуу жана ала качуу көрүнүштөрүсүз жашай алган чөйрөнү түзүү болуп саналат. Программада саясат жана мыйзамдар, институттарды чыңдоо, зомбулукту болтурбоо, зомбулуктан жабыр тарткандарга кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды топтоо, аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоо жаатындагы интеграцияланган чаралардын комплекси камтылган. Программа БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координаторунун жалпы жетекчилиги алдында БУУнун беш агенттиги (БУУ-Аялдар, ЮНФПА, БУУӨП, ЮНИСЕФ жана БУУ БКБ) тарабынан ишке ашырылууда.

ЖМК үчүн байланышуу маалыматтары:

Чынтемир Калбаев

БУУӨПтүн Коммуникациялар боюнча жардамчысы

chyntemir.kalbaev@undp.org

+996775767605 

Иш-чарадан көз ирмемдер

Сүрөттөр: Кыргыз Республикасындагы адвокаттарды окутуу борбору