БУУӨП 600дөн ашуун айылдык аялдарга укуктук сабаттуулук жана дискриминацияга каршы күрөшүү боюнча окуусуна көмөктөштү

2021-ж., 4-March

Элет аялдары тренинг өтүп жатышат

4-март, 2021-жыл, Бишкек - ​​2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин "Элеттик аялдар" долбоорунун алкагында элеттик аялдарга карата басмырлаган стереотиптерди жоюуга жана укуктук сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү максатында 628 аял Чүй жана Ош облустарында окутулду.

Иш-чаралардын максаты - айылдык аялдарга өз укуктарын ишке ашырууда кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшүү, элеттик аялдарга карата басмырлоочу стереотиптерди жоюуга көмөктөшүү, ошондой эле чечим кабыл алуучу жана жарандык коом уюмдарынын дараметин чыңдоо. Иш-чараларга Чүй жана Ош облустарынын тургундары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Аялдардын бири Чүй облусунда өткөн тренингге катышкандан кийин жашоосу кандайча өзгөргөнүн айтып берди. Айтбүбү Турдалиева, пенсионер, Сокулук райондук ден-соолук комитетинин мүчөсү, тренингге катышкандан кийин, жергиликтүү активисттердин (ыктыярчылардын) катарына кошулуп, "Айылдык аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү - түшүндүрүү иштери аркылуу" демилгесине жардам берүүнү чечкен. 

Айтбүбү Турдубаева тренинг өтүп, сертификат алган учуру

- Биздин биринчи кардарыбыз эки жээни жана бир жээни үчүн адилеттүүлүктүн үмүтү менен кайрылды. Балдардын атасы КЭРдин жараны, ал эми эне Кыргызстандын жараны. Балдар 9,7,6-класстарда окушат жана паспорт алууда укуктары бузулган. Бактыга жараша, биз аларга жардам бере алдык, деп бөлүштү ал. Ал белгилегендей, алар негизинен алимент жана жөлөк пул алуу, жер талаштарын чечүү үчүн кайрылышат жана буга чейин 19 аялга жана 10 эркекке жардам берүүгө жетишкен. Ошондой эле, Айтбүбү Турдалиева социалдык коргоо чөйрөсүндө айылдардагы аялдар кабылып жаткан үй-бүлөлүк зомбулуктун өсүшү, чоң ата, чоң энеси менен жашоого калган балдардын укуктары, эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелер сыяктуу көптөгөн көйгөйлөргө токтолду. Жоопкерчиликтүү жана жигердүү Айтбүбү Турдубаева тренингди уюштурган жана өткөргөндөрдүн баарына, азыр муктаж болгондорго жардам берип, акыйкаттык издегендерге жардам берүү шартын түзүп бергени үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Тренингдер презентация, мини-лекциялар, жалпы дискуссия, мээ чабуулу, укук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында адистешкен тренерлердин юридикалык консультациялары форматында өткөрүлдү. Ошондой эле, тренингдерде чакан топторго бөлүнгөн катышуучулар элеттик аялдарга байланыштуу айыл жергесинде көп кездешкен гендердик стереотиптерди чагылдырган учурларды (практикалык жагдайларды) талдап, стереотиптерди жоюу жана жок кылуу жолдорун иштеп чыгышты.

“Элеттик аялдар” долбоору жашоо сапатын жакшыртууга, маалыматтык менен укуктук маалымдуулук жеткиликтүү болушуна багытталган. Долбоордун максаты - элеттик аялдарга карата басмырлоочу стереотиптерди азайтууга жана четтетүү болуп саналат. Иш-чаралар БУУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү учун туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосунда өткөрүлдү.

Тренинг сүрөттөрү шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://flic.kr/s/aHsmRRKk7Y