Баткен үчүн жеткиликтүү юридикалык жардам

2023-ж., 14-July

Кыргызстан, Баткен облусуна "Тилектештик автобусун" тапшыруу

фото: Нуржан Алымканова, ПРООН Кыргызстан

2023-жылдын 13-июлу, Бишкек - Бүгүн Бишкектеги акысыз юридикалык жардам борборунда БУУнун Өнүктүрүү программасынын Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен юстиция министри Аяз Баетов менен жыйынтыктоочу сылык жолугушуу өткөрдү. Ошондой эле ал Баткен облусунда «Тилектештик автобусу» демилгесин андан ары жайылтуу максатында Юстиция министрлигине үчүнчү кичиавтобусту белекке берди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен Юстиция министрлигинин ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташуу чынында мыйзамдуулукту жана сот адилеттигин бекемдөөдө олуттуу жетишкендиктерге алып келди. Бул өнөктөштүк бир катар жетишкендиктерди камсыз кыла алды, анын ичинде Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам Мыйзамы кабыл алынды жана Юридикалык жардам кызматтары, юридикалык жардамдын стандарттары, комплекстүү укуктук маалымат базасы, 114 ишеним телефону, «Тилектештик автобусу» демилгеси сыяктуу бир катар алгылыктуу иштер жүзөгө ашты. Бул жыйынтыктар өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекемдөө жана илгерилетүү боюнча алардын кызматташтыгынын натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен белгилеп кеткендей, БУУӨП эч кимди артта калтырбоо принциптерине ылайык дүйнө жүзү боюнча адам укуктарын коргоо, гендердик теңчиликти илгерилетүү, сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү боюнча иш алып барууда. «Юстиция министрлиги мыйзамдуулукту сактоо, сот адилеттигине жетүүнү жеңилдетүү жана адам укуктарын илгерилетүү боюнча негизги мамлекеттик орган болуп саналат. Министрлик бекер юридикалык жардам саясатын ишке ашырууда, укуктук маалыматка кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда жана калктын мыйзамдуу өз укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатууда негизги ролду ойнойт», – дейт ал.

Аяз Баетов, юстиция министри: «БУУӨПтүн «Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигине туруктуу жетүү үчүн» долбоорунун алкагында алынган кичи автобустардын келиши алыскы калктуу конуштарга барууну жеңилдетет, ошондой эле, калкы жыш аймактарда жайгашууга мүмкүнчүлүк түзүп, жарандардын укуктук жардам алуусун жеңилдетет." Министр бул кичи автобус 2022-жылы болгон каргашалуу окуяларга байланыштуу Баткен облусунун тургундарына юридикалык жардам көрсөтүү үчүн түз жөнөтүлөрүн белгиледи.

Жолугушуу учурунда министр менен БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү негизги жыйынтыктарды жана келечектеги стратегиялык кызматташууну талкуулашты. Андан соң Луиз Чемберлен айым Юстиция министри Аяз Баетовго кичиавтобустун ачкычын тапшырды. Бул Баткен облусундагы калктын аярлуу катмарларына юридикалык жардам көрсөтүүнү кеңейтүү максатында уюштурулган.

«Тилектештик автобусу» демилгеси БУУӨПтүн сунушу боюнча укуктук маданиятты жогорулатуу Концепциясына киргизилген, бул 2015-жылы Францияга болгон таанышуу сапарында француз тажрыйбасынан алынган мыкты практикадеп бааланган. Мында Юстиция министрлигинин юристтеринен турган топ өлкөнүн алыскы аймактарын кыдырып, калкка акысыз юридикалык кеп-кеңештерди жана укуктук маалыматтарды беришет. Алар эркектерге да, аялдарга да бир катар укуктук маселелер боюнча жардам бергени менен, аялдардын укуктарын коргоо жана илгерилтүүдө өзгөчө маанилүү. Кошумчалай кетсек, «Тилектештик автобусу» – бул айылдардагы жакырчылык, гендердик теңчилик жана мыйзам үстөмдүгү маселелерин чечүүдө өзгөчө адаптацияланган, ийкемдүү ыкма. Эми баткендиктер «Тилектештик автобусунун» кызматтарынан кеңири пайдалана алышат.

Баткен облусуна колдоо Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги каржылаган  БУУӨПтүн «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана адилеттүүлүккө тегиз жетүүнү күчөтүү» долбоорун (III фаза)  алкагында көрсөтүлүүдө.

Сүрөттөргө шилтеме: https://flic.kr/s/aHBqjAMcsc

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org