Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ак-Түз айылында балдар аянтчасы ачылды

2022-ж., 8-June
Local children during the opening ceremony of the playground in Ak-Tyuz village

Ак-Түз айылындагы аянтчасынын ачылыш аземинде балдар

Адилет Секимов

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Чүй районунун Ак-Түз айылында балдар үчүн аянтчанын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанатка Ак-Түз айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, «ЭКО-Максат» коомдук бирикмесинин жетекчиси, айыл тургундары жана балдар катышты. Майрам балдар арасында спорттук жашоо образын өнүктүрүү боюнча түрдүү оюндар жана сынактар ​​менен коштолду.

Өз сөзүндө айыл өкмөт башчысы жалпы балдарды майрамы менен куттуктап мындай деп белгилеп кетти: «Балдар – бул туруктуу эртеңки күнгө муктаж болгон биздин келечек муун. Балдарга кам көрүү жана коопсуз шарттарды түзүү биздин негизги милдетибиз. Биздин демөөрчүлөрүбүзгө, БУУӨПкө жана Европа Биримдигине гранттык каражат бөлгөндүгү үчүн жана жергиликтүү меценаттарга балдар аянтчасын курууга көрсөткөн жардамы жана айыл тургундарынын салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз».

Маалымат үчүн: Балдар аянтчасы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында БУУӨП тарабынан бөлүнгөн гранттык каражатка курулган.

Бул долбоордун алкагында төмөнкү иштер жүргүзүлдү:

• көлөкө чатыры бар отургучтар;

• таштанды челектери;

• селкинчектер, горкалар, спорт комплекси, тең салмактуулуктун устуну, карусель жана кумдук;

• жарыктандыруу жана тосмолор үчүн стеллаждар;

• тротуар;

• бак-дарактарды отургузуу жана аймакты жашылдандыруу.