118 ыкчам байланыш кызматы саламаттыкты сактоо кызматы катары калкка ар тараптуу жардам көрсөтөт

2023-ж., 19-July

Бишкек – 19-июль 2023-жыл – Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү Программасы (БУУӨП), Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте 118 ыкчам байланыш кызматы аркылуу жалпы коомдук саламаттыкты сактоо кызматын кеңейтүү боюнча аракеттеринин натыйжалары менен бөлүшүү үчүн өнөктөштөрдү чогултту. Долбоордун алкагында БУУӨП «Сорос-Кыргызстан» Фонду менен келишим түздү. 

Азыр COVID-19 пандемиясы учурунда жүз миңдеген кыргызстандыктарга жардам көрсөткөн кызмат өлкөнүн бардык аймактарында иштеп, телефон аркылуу алгачкы медициналык кеңештерди берет.

Пандемиянын эң активдүү толкундары учурунда Кыргызстандын элинин алдында турган орчундуу милдеттердин бири COVID-19 жөнүндө жогорку сапаттагы медициналык маалыматты алуу болгон. Ыкчам байланыш кызматы 2021-жылы COVID-19 күчөгөн маалында БУУӨПтүн колдоосу менен иштеген. 2021-жылдын декабрь айында БУУӨП менен KOICA «Маалыматтардын негизинде 118 ыкчам байланыш кызматы аркылуу COVID-19га жооп кайтарууну колдоо» долбоорунун алкагында саламаттыкты сактоо маселелери боюнча өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу 118 ыкчам байланыш кызматын андан ары түзүү, бекемдөө жана интеграциялоо боюнча кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Долбоор COVID-19га жооп кайтаруу боюнча эффективдүү 118 ыкчам байланыш кызматын иштеп жаткан «112» кызматынын инфраструктурасы менен кайра иштеп чыгып интеграциялады. Бул жаңы механизмдин алкагында, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишеним телефонунун кеңири концепциясына шайкеш келтирилген, бул курал өзгөчө кырдаалдын учурунда адамдардын өмүрүн коргоону камсыз кылуу үчүн жалпы коомчулукка көрсөтүлүүчү коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын пакетинин ажырагыс бөлүгү катары кызмат кылат.

Долбоор төмөнкү максаттарга жетишүүгө негизделген:

1. COVID-19га медициналык жардам көрсөтүүнү жана калкты эмдөөнү үзгүлтүксүз камсыз кылуу;

2. Калктын өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн инклюзивдүү мамилени ишке ашыруу;

3 Маалымат чогултуу жана талдоо каражаттары аркылуу коомдук саламаттыкты сактоо чаралары жөнүндө негизделген чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу.

2022-жылы өлкө боюнча иштин сапатын жакшыртуу жана географиялык кеңейүү үчүн ыкчам байланыш кызматына жалпы суммасы 1,9 млн сомдук жаңы жабдуулар тапшырылган. Комплекстүү жардамга 118 ыкчам байланыш кызматынын зарыл болгон жабдуулар (компьютердик жабдуулар, мониторлор, Wi-Fi роутерлер, смартфондор, лицензияланган программалык камсыздоо, көп функционалдуу түзүлүштөр ж.б.) менен толук жабдууну, ошондой эле адистердин тобун даярдоодо жана ишти системалаштырууда консультациялык колдоо көрсөтүү, анын ичинде окутуу, мониторинг жана процессти колдоо камтыган. 

118 ыкчам байланыш кызматынын бардык кызматтары ишке киргизилгенден кийин Кыргызстандын жашоочулары кененирээк консультациялык жардам ала баштышты, анын ичинде:

Прием обращений/звонков граждан, поступающих в адрес организации первичной медико-санитарной помощи (ПМСП) посредством горячей линии 118, интернет-связи или направленных по почте;

  • Баштапкы медициналык-санитардык жардам  уюмунун дарегине 118 ыкчам байланыш кызматы, интернет байланышы аркылуу же почта аркылуу жөнөтүлгөн жарандардан кайрылууларды/чалууларды кабыл алуу;
  • Битрикс системасынын маалымат базасында электрондук журналга жарандардын кайрылууларын/чалууларын каттоо;
  • COVID-19 жана башка оорулар (гипертония, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, эндокриндик оорулар, жугуштуу оорулар жана коопсуз жүрүм-турум чаралары) боюнча бейтаптардан суралган маалыматтарды берүү, соматикалык оорулар боюнча башка баштапкы консультацияларды берүү, белгиленген форма боюнча эпидемиологиялык анамнез чогултуу, электрондук анкета толтуруу, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш тартиби жөнүндө маалымат берүү;
  • Бейтаптын абалын онлайн тез клиникалык баалоо жана маалыматты жер-жерлердеги амбулатордук кызматка же үй-бүлөлүк дарыгерге берүү (алар бейтапты даарылоо тактикасын чечет: аны өзүн-өзү изоляцияга калтыруу, амбулатордук кызматка же адиске жөнөтүү);
  • Мобилдик топтордун чыгуусу боюнча арыздардын өз убагында каралышын көзөмөлдөөнү камсыздоо ж.б. 

Долбоордун башталышында пандемиянын деңгээли төмөндөгөнүнө карабастан, эмдөөнүн мүмкүнчүлүктөрү жана ыкмалары, ошондой эле ооруну жана алгачкы белгилерин учурунда андан аркы аракеттер боюнча сунуштарды сурап, 20 000ден ашык чалуу түшкөн. 118 ыкчам байланыш кызматынын иштеши боюнча маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, чалгандардын 80%дан ашыгы керектүү маалымат жана колдоо алышкан.

118 ыкчам байланыш кызматы мындан ары да бир гана COVID-19 эмес, ошондой эле жалпы коомчулук сезондук түрдө дуушар болушу мүмкүн болгон оорулардын башка түрлөрү менен, өзгөчө аялуу мезгилде жана калктын аялуу катмарына жетүү үчүн курал катары кызмат кылууну улантат.