Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн мигранттардын потенциалын колдонуу: Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын көрсөтүү

2021-ж., 29-September

Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) менен өнөктөштүктө “Кыргызстандын өнүгүүсүнө миграция кантип көмөктөшө алат” деген темада тегерек стол өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын миллиондон ашык жарандары дүйнө жүзү боюнча, көпчүлүгү Россия Федерациясында убактылуу же биротоло миграцияда жүрүшөт. COVID-19 пандемиясы кошумча кыйынчылыктарды жаратып, 200 миңге жакын кыргызстандыкты мекенине кайтууга мажбур кылды. Бул Кыргызстандагы ансыз да оор абалды курчутуп жиберди.

Кыргызстандын бийлигинин негизги чакырыктары жана тынчсыздануулары - миграциянын демографиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө терең таасирин эске алуу менен өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу. Андыктан Кыргызстандын позитивдүү өнүгүүсүнө багыттоону алдыга коюп, миграциянын терс таасирин жоюу үчүн бирдиктүү аракет жана далилдүү саясат талап кылынат.

Буга байланыштуу Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) менен өнөктөштүктө “Кыргызстандын өнүгүүсүнө миграция кантип көмөктөшө алат” деген темада тегерек стол өткөрүүдө. Тегерек столдо миграцияны улуттук жана жергиликтүү өнүгүү саясатына жана стратегиялык документтерге интеграциялоо үчүн өлкөдөгү миграция боюнча жаңы маалыматтар көрсөтүлөт.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, БУУӨП жана ЭМУ биргеликте жакында бекитилген Миграция боюнча мамлекеттик саясаттын Концепциясын жана БУУӨП менен ЭМУ даярдаган жергиликтүү бийликтин кайтып келген мигранттарга болгон мамилесин жана даярдыгын баалоонун жыйынтыктарын сунушташат. Ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспорасын, мекендештерин жана мигранттарды картага түшүрүү боюнча ЭМУнун отчету көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин жетекчиси Таштанбек Каймазаров.

«Кыргызстандын Өкмөтү 2021-2030-жылдарга карата миграциялык саясаттын Концепциясын бекитти, бул миграциялык процесстерди башкаруунун узак мөөнөттүү көз-карашты билдирет. Анда миграция көйгөйүн чечүү үчүн өлкөнүн негизги приоритеттери жана аны Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн колдонуу бекитилген. Стратегиялык документте, башка нерселер менен бирге, кайтып келаткан мигранттардын, айрыкча аялдар менен балдардын, ошондой эле миграциялык терс тажрыйбасы бар адамдардын кайтып келүүсүн жана туруктуу реинтеграциясын камсыздоо үчүн атайын жардам программасын түзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди”, – деди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин жетекчиси Таштанбек Каймазаров.

Кайра кайтуучу миграция жергиликтүү өнүгүүгө чоң таасирин тийгизет, демек бул процессте улуттук жана жергиликтүү бийликтин ролун так аныктоо жана пандемиянын  кесепетинен кайтып келген мигранттарды, анын ичинде жергиликтүү өнүгүү жана социалдык биримдикти колдоо, бул реинтеграция боюнча конкреттүү жоопту даярдоодогу маанилүү жооп катары эсептелет.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн жардамчысы Эркинбек Касыбеков.

"Жетиштүү маалыматтын жоктугу – миграция саясатын иштеп чыгууда жана жергиликтүү деңгээлде COVID-19га жооп кайтарууда негизги көйгөйлөрдүн бири. БУУӨП менен ЭМУ миграциядан жабыркаган Ош, Баткен, Чүй жана Талас областтарынагы 10 максаттуу жамааттарда атайын баалоо жүргүзгөн. Анда мигранттар кайтып келген жергиликтүү шарттарды, кайтып келүү реинтеграциясын колдоого жергиликтүү бийликтердин даярдыгын, кабыл алуусун жана пикирин жакшыраак түшүнүү үчүн жана мүмкүнчүлүктөрдү колдонуудагы жетишсиздиктер жана чыңалуунун мүмкүн болгон түпкү себептери камтылган”, – деди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн жардамчысы Эркинбек Касыбеков.

БУУӨП жана ЭМУ тарабынан жүргүзүлгөн баалоо тышта иштеп, мекенинде өз үй-бүлөсүн багуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган мигранттардын кайтып келүүсүндө улуттук жана жергиликтүү деңгээлде реинтеграциялык колдоонун жоктугун көрсөттү. Мындан тышкары, ал кайтып келген мигранттар каржылык, социалдык, укуктук, маалыматтык, психологиялык, медициналык жана башка көптөгөн кошумча кыйынчылыктарга кездешкендери билинди. Баалоонун жыйынтыктары мигранттардын өз өлкөлөрүндөгү жамааттарынын өнүгүшүнө катышууга толук даяр экендигин тастыктап, эгерде жергиликтүү бийлик органдары менен ачыктыкка жана өнөктөштүктө кызматташуу болсо, анда чет өлкөдөн тапкан акчаларын, билимин жана тажрыйбасын инвестициялоого даярдыгын тастыктады.

2021-жылы ЭМУ чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспорасынын, мекендештеринин жана мигранттарынын картасын түзүп, алардын демографиялык жана социалдык-экономикалык профилине, алардын Кыргызстандагы өнүгүүгө жана климаттык чараларга инвестиция тартууга, жана акча которуулар агымын баалоо маалымат берүү максатында жүргүзгөн.  Изилдөө көрсөткөндөй, респонденттердин 88%ы Кыргызстандагы үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына акча жөнөтүшөөрү аныкталган. Документтин авторлору диаспора мүчөлөрүн, мекендештерди жана мигранттарды өлкөнүн өнүгүү ишмердүүлүгүнө тартуу жана коммуникациялык платформасы аркылуу баарлашууну сунушташкан.

ЭМУнун Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева.

«Чет жердеги кыргыз диаспорасынын мекенине кайтуу ниетинин күчөө тенденциясы байкалууда. 2021-жылы чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспорасын, мекендештерди жана мигранттарды картага түшүрүүдө респонденттердин 66%ы Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн кайтып келүүгө ниети бар экенин билдиришкен, ал эми 2015-жылы бул көрсөткүч болгону 47%ды түзгөн», – дейт ЭМУнун Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева.

2030-жылга чейинки мезгилге карата күн тартиби миграцияны өнүгүүнүн тиреги катары таанып, биринчи жолу глобалдык туруктуу өнүгүү күн тартибине киргизген. 2018-жылы көптөгөн өлкөлөр Глобалдык Миграция Макулдашуусун кабыл алышкан, анда өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, миграциянын артыкчылыктары жана өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө жана өсүшүнө салымы көрсөтүлгөн. Бул иш-чара өнүгүү үчүн миграцияны эффективдүү башкаруу боюнча өкмөттүн аракеттерине ылайык келет жана улуттук жана регионалдык деңгээлде миграциялык саясатты стратегиялык пландаштыруу үчүн болгон миграциялык көйгөйлөрдү, артыкчылыктарды, чечимдерди жана колдо болгон маалыматтарды талкуулоо үчүн аянтча болуп кызмат кылат.

Иш-чарадан көз ирмемдер

Бардык сүрөттөр: Рустем Ильясов / БУУӨП Кыргызстан