Бегимай Амантаева, «Майкрософттун» инженери стереотиптер, коркуу жана максат коюу жөнүндө

2021-ж., 29-April

Сүрөт: жеке архив

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардагы кыздар күнүнө карата биз IT жаатында ийгиликтүү иштеп жаткан кыргызтандык аялдар жана кыздар жөнүндө сөз кылууну улантабыз. Бул макалада биз сизди Майкрософтто программалык камсыздоо боюнча инженер болуп иштеген Бегимай Амантаева менен тааныштырабыз.

Бегимай Талас шаарында туулуп-өскөн жана орто мектепте билим алган. Ата-энеси ага  эркек балдар жана кыздар бөлөк окуган кыргыз-түрк лицейине кирүүнү сунуштаганда ал өспүрүмдүн ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык курдаштары менен баарлашуу керек деп эсептеп, окуусун жалпы билим берүүчү мектепте уланткан. Бегимай мектеп кезинде эле тырышчаак болчу - математика боюнча олимпиадаларда жеңишке жетишип, республикалык олимпиадага катышкан. 11-класста Бегимай студенттердин алмашуу программасы боюнча АКШнын Огайо штатына бир жылга барып келген.

Сүрөт: жеке архив

Бегимайдын айтымында, бул сапар анын келечегине чоң салым кошту: "Сиз алгач өзүңүздүн кичинекей шаарчаныздан чыкканыңызда, дүйнөнүн ушунчалык чоң экендигин түшүнүп, ушул убакытка чейин кичинекей кутучада жашаганынызды түшүнөсүз", - дейт биздин каарман.

"Мен программалоого байланыштуу стереотиптерден коркчумун"

Андан кийин Бегимай штаттарда окуусун улантууну чечти, бирок ата-энеси ага каршы чыгышты. Ага карабастан, Бегимай Американын университеттеринин бирине тапшыруу үчүн акыркы экзамендерине даярданып, стипендия да алууга жетишкен, бирок, тилекке каршы, ата-энесин макулдугусуз Кыргызстанга кайтып келип, Борбордук Азиядагы Америка университетине тапшырган. Багыттар ортосунда тандоо болгондо, Бегимай социологияны тандаган, анткени ал программалоодогу кыздар жана кесиптин өзү жөнүндө болгон стереотиптерден коркчу.

Бирок биринчи сабакта эле Бегимайга тандалган багыты жаккан жок, анткени социология, психология, философия илимдер - абстракттуу, ал болсо так илимдерди изилдөөнү каалаган эле.

"Менин аналитикалык ой жүгүртүүм бар, мен кандайдыр-бир так маселелерди чечкенди жактырам, андыктан кандайдыр бир input болуп, андан output чыгышы керек", - деп түшүндүрөт Бегимай.

Ошондуктан, ал башка багыттарды сындап көрүүнү чечип, биринчи курстун программисттери менен жолугушту. Аларда да эч кандай тажрыйба жок экенин билгенде, Бегимайды программалоодо өз күчүн сынап көрүүнү чечти.

Биринчи курстан кийин жайында Бегимай Россияга барып, официант болуп иштеп көрдү. Жакшы акча таба алганы менен, Бегимай кол эмгеги менен алектенгиси келбегенин түшүнгөн. Бул тажрыйба аны интеллектуалдык эмгек менен алектенүүгө көбүрөөк шыктандырды. Кайтып келгенден кийин Бегимай программалык камсыздоонун инженериясына которулду, бирок кийинки 3 жыл ал үчүн кыйын болду:

«Башкалар мага караганда көптү билчүдөй сезиле берчү»

«Университет жабылып калгычакты калып окучумун. Бир жылдан кийин, группалаштарым үй тапшырмаларын аткарууга жардам сурай баштаганда, мен ийгиликке жетишкенимди сездим. Ошондо мен алардан кем эмес экенимди түшүндүм», - деп бөлүштү Бегимай.

Үчүнчү курста Бегимай тайпалашы менен чогуу программалоо клубун ачкан, анын максаты - көбүрөөк практикалык тажрыйба алуу, анткени окутуу курсунда теория көп болчу. Клубда студенттер өз долбоорлору менен иштеп, веб-сайттарды жана мобилдик тиркемелерди түзө башташты. Бара-бара алар программалоону окуткан бардык университеттерде практиканын аз болгонун түшүнүп, башка университеттерди да камтууну чечишти. Окууну аяктагандан кийин бир жыл өткөн соң, Neobis программалоо клубу жаңы кеңсеге көчүп келди.

Сүрөт: жеке архив

IT компаниясын башынан баштап түзгөн студенттер


Бегимайдын айтымында, Neobisте иштөө - ал үчүн маанилүү тажрыйба, анткени алар студенттик кезде IT компаниясын түзө алышты: «Мен ыктыярчы катары ишимди баштадым, анткени мен өзүм дагы көбүрөөк машыгууну кааладым, бирок компания чоңойгон сайын менеджмент, юридикалык маселелер, уюштуруу иштерин өркүндөтүү жана каржы тармагына кетүүгө туура келди. Neobis ачылгандан соӊ 3 жыл өткөндөн кийин, биз акыры отурукташып, кийинки 10 жылга процесстерди жана максаттарды койдук. Анан мен техникалык бөлүктү жасагым келгендиктен, андан ары кетким келгенин түшүндүм. Бул кыйын, бирок туура чечим болду”, - деп Бегимай Необистен кеткенин эскерди. Андан кийин ал Литвадагы компания менен иштешип, долбоорлорду, анын ичинде каржылык долбоорлорду иштеп чыгып жүрдү.

Бегимай эч кандай тажрыйбасыз эле IT чөйрөсүнө келип, бардыгын тез үйрөнсөң болот деп эсептейт. Эң башкысы - өзүңө болгон каалоо жана ишеним. Үйрөнүүнү уланта берсеӊ, бир күнү баары ойдогудай болот.

Литвада бир жыл иштегенден кийин Бегимай LinkedIn профилин ачып, сунуштарды ала баштады. Amazon, Bloomberg, Microsoft сыяктуу компаниялар менен байланышты. Натыйжада, ал Майкрософтко ишке орношо алды. Учурда ал Эстонияда үч айдан бери программалык камсыздоо инженери болуп иштеп жана жашап жатат.