Таза энергияны кеңейтүү: Кундус Кырбашеванын баяндамасы

2024-ж., 4-March

Кундус Кырбашева – алгачкы шек саноолорго жана тоскоолдуктарга карабастан кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликке жете алган аялдын шыктандырарлык мисалы.

Өзүнүн эмгек жолун каржы тармагында жеке өндүрүштүк компанияларда баштаган Кундус, күйөөсү, гидроинженердин таасири менен, энергетикага кызыгуусун арттыган. Ал эми 2008-2010-жылдагы энергетикалык кризис энергетика секторун, атап айтканда таза энергияны өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу ишенимин бекемдеген. Ошентип, анын жаңылануучу энергия булактарына болгон кызыгуусу жана эмгеги ийгиликтүү ишкер болууга жардам берди. Кундус  Кырбашева адистердин жана чет өлкөлүк инженерлердин ийгиликтүү тобу менен бирге өлкөдө шамал чарбасын куруу долбоорун ишке ашырууну өз мойнуна алган.

"Шамал станцияларын куруу менен республикада гидротехникалык электр станцияларынан көз карандылыкты жана жүктөмдү кескин азайтууга болот, жабдуулар менен байланышкан маселелерди чечүүгө жана акыры электр энергиясынын баасын турукташтырып, улуттук энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө болот."

Кундустун пикиринде, региондорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берүү керек. Бул үчүн аларды үзгүлтүксүз туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу зарыл. Ал улам-улам аймактарга барып, калкты жаңылануучу энергетика жана анын артыкчылыктары жөнүндө маалымдайт.

"Энергетика секторунун өнүгүүсү, биринчи кезекте, бардык ири станциялар жайгашкан аймактардан башталат. Тоң аймагындагы айылда жергиликтүү ишкерлер менен болгон бир жолугушуу эсимде. Мен, албетте, кыргыз тилинде жаңылануучу энергия жөнүндө сүйлөштүм. Жолугушуу бүткөндөн кийин, алардын бири келип, менден эмне кылып жатканымды сурады. Мен күн, шамал жөнүндө айтып баштаганда, ал мага 'Теңирчи турбайсыңбы' деп жооп берди. Ошондон бери мени Теңирчи деп аташат." 

Анын таржымалы үй-бүлөнүн күчтүү колдоосу жана өзүнө болгон ишеними зор жетишкендиктерге алып келерин көрсөтөт. Кыргызстандын Жашыл электр станциялары Ассоциациясынын төрайымы катары Кундус, КР аймагына алып келинген жаңылануучу энергия үчүн колдонулган жабдыктарды КНСтен бошотууну камсыз кылды. Бул үчүн мыйзамдарга зарыл өзгөртүүлөр киргизилди, бул чоң аракеттерди талап кылды. Анын колдоосу менен «Жашыл энергетика» фонду түзүлгөн. Кундус ошондой эле Кыргыз Республикасында таза энергияга ири инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги менен тыгыз кызматташат.

"Азыр биз жаңылануучу энергия булактары, жашыл технологиялар үчүн жабдуулар үчүн жергиликтүү өндүрүүчүлөргө артыкчылыктарды, субсидияларды издейбиз, анткени бул Кыргызстанга олуттуу маселе. Биз буга көңүл буруп жатабыз.".

Кундус башка аялдарды өз кыялдарын аткарууга жана стереотиптерге жана тоскоолдуктарга карабастан, өз потенциалын ишке ашырууга умтулууга үндөйт.

"Статистиканы карасак, көптөгөн кыздар жогорку окуу жайларын энергетика адистиктери боюнча бүтүрөт. Бирок сектордо 10% гана иштешет, калгандары үй-бүлөлүү жана өзүнүн адистигинде иштебейт. Аялдарды техникалык адистиктерге тартуу үчүн, татыктуу эмгек акы жана кээ бир социалдык пайдалар тартуулануусу керек, бул айрыкча аймактарда маанилүү. Ошондо кыздар энергетика тармагына кубаныч менен киришет деп ойлойм. Мен кыздарга кайраттуу болууну, мүмкүнчүлүктөргө ачык болууну, өмүр бою танбай окуй берүүнү кеңештейм. Техникалык параметрлер менен бирге финансылык бөлүгүн изилдөө зарыл. Алдыда аткарыла турчу көп иш бар."

Анын окуясы бизди бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде энергияда аялдардын теңдигине жана катушуусуна умтулууга шыктандырат.