“Сен отуруп чыккансың, унчукпай, чыда”: калктын өзөктүк топторуна кирген аялдар кантип зомбулукка туш болуп, коркуу сезимдерин жеңишүүдө.

2023-ж., 8-October

 

Чыгыш Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү көптөгөн аялдар ВИЧ диагнозу жөнүндө вирус иммундук системаны толугу менен жабыркатып, терапия жардам бере албай калганда гана билишет[1].

Калктын өзөктүк топторуна кирген аялдарда – мурда камакта отуруп чыккан аялдарда, секс кызматын көрсөткөн аялдарда, баңгизаттарды колдонгон аялдарда жана кыздарда, трансгендер аялдарда ВИЧ кеч баскычында аныкталып жатат. Бул болсо глобалдык деңгээлде да, Борбор Азия чөлкөмүндө да коомдук саламаттык сактоо программалары үчүн көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Оорулууларга карата стигманын жана басмырлоонун деңгээли жогору болгондуктан, өнөктөштөрдүн, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн психо-эмоционалдык, дене-бой жана жыныстык зомбулуктарынын айынан аялдар диагнозун өтө кеч болуп калганга чейин жашырууга мажбур болушууда.

Республикалык Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-августуна карата өлкөдө ВИЧтин 12 111 учуру катталган. ВИЧти жуктуруп алгандардын 37,2 пайызын аялдар түзөт.

“Астерия” коомдук фондунун социалдык кызматкери Марина Атабекова алардын аялдар үчүн баш калкалоочу жайына ай сайын зомбулуктан жабыр тарткан 25-27 аял кайрыларын айтты. Бул баш калкалоочу жайдын ишин БУУӨП жана Глобалдык фонд колдоого алган.

 

[1] https://news.un.org/ru/story/2019/11/1368221 
 

“Эгерде аял абакта отуруп чыкса, болгондо да ВИЧ-статусу бар болсо, ал автоматтык түрдө адам катарынан чыгарылып калат. Алар адатта мурда түрмөдө отургандар, баңгизат колдонгондор же абьюзерлер менен жашашат. Балким, башында алардын мамилеси жакшы болгондур, бирок көп өтпөй адамдар өзгөрүп, чогуу иче башташат же баңгизатка кайтып келишет. Бизде дээрлик күн сайын өнөктөшү/чогуу жашаган эркек/күйөөсү аялды “зечка” деп атап, эч кандай укугу болбогонун айтып, үйдөн кууп чыккан учурлар болот. Мындай аял биз келбегенде, дагы башка кайсы жакка кайрыла алмак эле?”.

 

“Астерия” коомдук фонду 2006-жылдан бери иштеп келет. Фондго караштуу калктын өзөктүк тобуна кирген аялдар үчүн баш калкалоочу жай иштеп жатат. Баш калкалоочу жайдын ишин Глобалдык фонд каржылаган БУУӨПтүн “ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” долбоору колдоого алган. Долбоор аялдардын тамактануусуна, гигиеналык каражаттарына, тиричилик кызмат көрсөтүүлөрүнө, социалдык кызматкерлердин маянасына кеткен чыгымдарды жабат.

Баш калкалоочу жайда аял бир күнгө же бир айга кала алат. Эгерде аялдын балдары бар болсо, анда социалдык кызматкерлер анын балдарын да коопсуз жай менен камсыз кылууга аракет кылышат. Башпаанек бир эле маалда 10 аялды кабыл алууга эсептелген. Баш калкалоочу жайда аял психологдун колдоосун таап, кызматын пайдалана алат, ВИЧке экспресс-тесттен өтүү боюнча консультацияларды алат, медициналык мекемелерге багыттама берилет.

Баш калкалоочу жайга келгендерди бири, Нурила (аты өзгөртүлдү) өз окуясы менен бөлүштү: 

 

“Мен абактан чыкканда, бараар жерим жок болчу. Мен жаза мөөнөтүн өтөп жатканда апам батирди сатып жибергендиктен абактан чыкканда кайда бараарымды билбей калгам. Фонддун жана социалдык кызматкерлердин колдоосу менен гана мен бул жерден баш паанек таптым. Никеге турбастан бир эркек менен жашачумун, ал мени дайыма сабачу, мен реабилитациялоого жана колдоого муктаж элем. Дал ушул жерден мен жардам алдым, көз карандылыкты жеңе алдым. Эми мен да фонддо иштеп калдым, мен сыяктуу аялдарга келечектен коркуу сезимин жеңүүгө жардам берип келем. Менде азыр кичинекей бөлмөнү ижарага алып, келечекке үмүт менен кароого мүмкүнчүлүк бар. Эгерде ушул Фонд болбосо, жашоом кандай болмоктугун элестете да албайм, балким, үмүмдү үзүп, жанымды кыймак болушум керек”.

 

Көптөгөн аялдар үчүн баш калкалоочу жайы акыркы үмүтү болуп калууда. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын сегиз айында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 502 арыз катталган.

2022-жылы БУУ системасы Кыргызстандын Өкмөтүн мамлекеттик кызматчылардын жана кеңири коомчулуктун арасында гендердик зомбулуктун бардык түрлөрү, анын ичинде үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулуктун кылмыштуу мүнөзү жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө, калктын жана жарандык коомдун мындай кылмыштарды кабылдабоосуна колдоо көрсөтүүгө чакырды.