Мафтуна Хайитова: “Күнүнө 100дөй үй-бүлөнү нан менен камсыз кылуудабыз”

2022-ж., 26-July
Thanks to the equipment from UNDP, we increased our production by 10 times and created 3 jobs in our factory.

Мен Раззаков шаарында туулуп-өскөм. Баткен облусунун батыш тарабында жайгашкан бул чакан шаарчамды мен аябай жакшы көрөм. Буга чейин шаарыбыз Исфана деп аталчу.

Баары кантип башталган?

2020-жылы COVID-19 пандемиясынын учурунда толук локдаун болуп жаткан чакта күйөөм экөөбүздө бир идея пайда болду. Биздин үй-бүлөдө күйөөмдүн ата-энесинен мураска калган кесипкөй меш бар эле, ал совет доорунан бери турган. Кайната-кайненемдер ошол убакта нан азыктарын чыгаруучу цех ачкысы келип ал мешти сатып алып, бирок өндүрүштү жолго сала албай калышкан экен. Ата-энебиздин ошол бизнесин жандандырып, өзүбүз нан бышырып көрүүнү чечтик. Нан бышыруу оңойдой эле көрүнөт, анткени ар бир эле кожойке жок дегенде бир жолу үйүндө нан бышырып көргөн. Бирок, конвейердик нан бышырып чыгарууга келгенде кеп таптакыр башка. Мен ар түрдүү рецепттерди тандап алдым, бирок алгачкы аракеттеримден эч нерсе чыккан жок: же камыр көппөй калат, же нан өтө кургак болуп үбөлөнүп калат, чала бышып, ал тургай чийки да болуп калып жатты. Дээрлик бир ай бою эксперимент жасап, жарым мүшөк унду коротуп, бул ишмердүүлүктөн үмүтүмдү үзө баштадым. Бирок бир күнү мен сырын таптым! Көрсө, нанды конвейердик бышырууда ингредиенттердин туура айкалышын жана санын тандоо өтө маанилүү экен.

Алгач биз күнүнө 20-40 бөлкө бышырып, аны дүкөндөргө сунуштачубуз. Биздин нан элге жакты, ошондуктан биз ата-энебизден калган мештин жардамы менен өндүрүштүн көлөмүн акырындык менен көбөйтө баштадык. Бирок, болгону 40 нан бышыруучу калып жана камырды колго жууруу менен биз көп нан бышыра алган жокпуз. Мындан тышкары, бизде нан бышыруу үчүн тез даярдоого мүмкүндүк берген, ачытуу процессинин эсебинен улам көбүрөөк нан бышырууга көмөктөшүүчү шкаф жок болчу.

Убагында көрсөтүлгөн колдоо

2020-жылдын жаз айларында шаардык мэрия жаштар борбору менен биргеликте БУУӨПтүн колдоосу менен ишкерликти колдоо программасы иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат таратышкан. Бул биз үчүн абдан маанилүү маалымат болду жана мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, программага катышууга арыз бердик. Жолдошум экөөбүз тандоонун 3 баскычынан өттүк, ар бир кийинки баскыч татаалдашып жатты. Айрыкча 2-тур эсимде калды. Биз Зум аркылуу өз долбоорубузду тааныштырып жатканбыз. Ошондо биздин ишкерликтин келечектеги ийгилиги жөнүндө ойлонууга түрткү берген көптөгөн суроолор берилди. Бирок биз бир нерсени так билчүбүз: сынактын жыйынтыгы кандай болбосун, биз жарым жолдо токтоп калбай ишибизди улантабыз. Бизге телефон чалып, бизнесибиз тандоодон өткөнүн айтышканда, аябай кубандык. Бул колдоо биз үчүн алдыга жылууга жана ийгиликтерге жетүүгө күчтүү түрткү болду. Биз тандап алган жолубуздун туура экендигине дагы бир жолу ынандык.

Бизге берилген техниканын аркасы менен өндүрүштү 10 эсеге көбөйтүп, 3 жумушчу орун түздүк. Мурда жолдошум экөөбүз эле иштесек, азыр 5 киши иштеп жатабыз. Пандемия жана локдаунга карабастан, ата-энелерибиз баштагысы келген ишти уланта алганыбызга, нан азыктарын бышыруучу ишкана ачып, күнүнө 100дөй үй-бүлөнү нан менен камсыз кылып жатканыбызга кубанычтабыз. Эми жаңы цех куруп, нан азыктарын көбүрөөк чыгарууну, түрлөрүн кеңейтүүнү, элди жаңы нан менен камсыз кылууну улантууну пландаштырып жатабыз. Мен нан бышырганды абдан жакшы көрөм жана бул бизнести уланткым келет.

Мафтуна Хайитова жаштардын мини-гранттык социалдык жана бизнес долбоорлорунун, стартаптардын 80 башка катышуучулары сыяктуу эле БУУӨПтүн татыктуу жашоо үчүн калктын аярлуу катмарынын (мисалы, жетүүгө кыйын (жабык) жаш келиндер жана эркектердин) мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жана ошондой эле 2018-2022-жылдар аралыгындагы COVID-19 кырдаалынын таасирине жооп берүү үчүн колдоо көрсөтүү долбоорунун алкагында жардам алды.