Жардамга муктаждарга жарык чачкан жол
2025-ж., 21-May

Баласынын майыптыгы аныкталгандан кийин Элмира Сатыбалдиеванын жашоосу түп-тамырынан өзгөрдү – атасы үй-бүлөсүн таштап кеткен. Эне баласын жалгыз тарбиялап, өстүрүүгө аргасыз. Элмира баласынын укуктарын коргоо зарылчылыгы жаралып, сотко кайрылган. Бирок адвокаттын кызмат акысын төлөөгө чамасы жеткен эмес. Анын айтымында, ал кайсыл жакка кайрылууну билбей, үмүтсүздүккө кабылган.
«Менин укугум корголобу? Кайда кайрылышым керек? Менин үнүмдү ким угат? деп өзүмө көп жолу суроо бердим»,— дейт Элмира.
Элмира кошуналарынын кеңеши менен Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасына кайрылат. Бул жардамды алгандан кийин, эне-баланын турмушу турукташып, тагдыры өзгөрдү.
Кыргыз Республикасында Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам системасы (МКЮЖ) 2016-жылдын 16-декабрында кабыл алынган №201 мыйзамдын негизинде расмий түрдө ишке кирген. Бул мыйзам жарандардын юридикалык жардамга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жол ачты. Ага чейин жардам көрсөтүүнүн тартиби жана укуктуу жарандардын категориялары чектелүү болчу. Жаңы мыйзам системалуу реформанын башталышына жана натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгууга өбөлгө түздү.
МКЮЖ системасын өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө БУУӨП Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү болуп калды. Айрыкча «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана сот адилеттүүлүгүнө тегиз жетүүнү күчөтүү» долбоорунун алкагында БУУӨП системаны түзүү, укуктук базаны өркүндөтүү жана эл аралык стандарттарды интеграциялоо багытында чоң салым кошту. Бул долбоордун алкагында майыптыгы бар адамдар баш болгон жарандар үчүн акысыз юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү иш-чаралар ишке ашырылды.

2022-жылы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр МКЮЖ системасын мындан ары дагы жакшыртууга жол ачты. Натыйжада, онлайн-консультациялар, адвокаттардын бирдиктүү реестри жана өлкө аймагында Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү кеңселер иштей баштады. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бул кеңселер 84 миңден ашуун юридикалык консультация берип, 16 миңден ашуун квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн.
Ошентсе да, айрым көйгөйлөр дагы эле бар. Биринчиден, адвокаттардын саны жетишсиз. Бүгүнкү күндө системада болгону 441 адвокат иш алып барууда. Бул өлкөнүн бардык аймактарында укуктук жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн аздык кылат.
"Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору Назгуль Турдубекова балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көрсөтүлө турган укуктук жардамдын жетишсиздигин белгилейт.
«Кыргызстанда балдар жана оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр үчүн акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү. Мындай жардам алардын укуктарын коргоодо жана мамлекетке болгон ишенимди арттырууда абдан маанилүү. Биздин фонддун тажрыйбасы көрсөткөндөй, көптөгөн балдар жана алардын ата-энелери укуктук жардамга муктаж, бирок аны кайдан жана кантип алуу керек экенин билбей калышат», — дейт Турдубекова.
МКЮЖ системасында көп жылдан бери иштеп келе жаткан Алия Калыбаева азыркы учурдагы жагдайга токтолуп өттү. Анын айтымында, акыркы жылдары адвокаттардын эмгек акысы жогорулатып, бул багытта бир топ оң жылыштар болгон. Ошол эле учурда, өзгөчө аймактарда адвокаттардын жетишсиздиги дагы эле актуалдуу маселе бойдон калууда.
«Жарандар бизге кайрылганда сапаттуу жана толук жардам көрсөтүү үчүн ресурстар жана убакыт талап кылынат. Бирок азыр бул маселени чечүү багытында мамлекеттик деңгээлде бир катар аракеттер көрүлүүдө. Адвокаттардын санын көбөйтүү жана кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштер жүрүп жатат. Иш дагы улантылып, натыйжалуулугу жогорулайт деп ишенем», — деди Калыбаева.

Элмиранын ишин Алия Калыбаева алып барууда. Алгачкы кеңеш берип жатканда эле адвокат Элмиранын маселесин түбүнөн түшүнүп, бул кырдаалдан чыгуунун укуктук жолдорун айтып берген.
"Элмира ишенгиси келбеди. Буга чейин ага эч ким жардам берген эмес. Мен документтерди топтоого жардам берип, арызды толуктап, сотко кайрылуу процессин баштадык", - дейт Калыбаева.
Андан көп өтпөй, сот Элмиранын ишин карап, чечимди анын пайдасына чыгарган. Бул Элмиранын жашоосундагы зор колдоо болду.
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам болбосо, мен эч качан бул маселени чече алмак эмесмин. Менин адвокатым – Алия укуктарымды коргоого жардам берди. Бул жардамсыз мен азыр эмне кылат элем", — деп ыраазычылыгын билдирди Элмира.

Кыргыз Республикасындагы МКЮЖ системасы мындан ары дагы өнүктүрүүгө жана чыңдоого муктаж. Бул багытта акыркы жылдары олуттуу кадамдар жасалууда. 2024-жылы “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, анын алкагында ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө өзгөчө көңүл бурулуп, балдарды коргоо жана аларга кам көрүү боюнча жарандык иштерде акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
"Бул өзгөртүүлөр ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдарды коргоо жана кам көрүү боюнча жарандык иштерде акысыз юридикалык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет. Биз алардын укуктарын коргоону камсыздоо үчүн ар бирине жеткиликтүү жана сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүүнү көздөп жатабыз", – деп белгиледи депутат Айсулуу Мамашева мыйзам долбоору талкууланып жатканда.

Айсулуу Мамашева, Жогорку Кеңештин депутаты
МКЮЖ системасы – жарандардын өз укуктарын коргоого мүмкүнчүлүгү: Элмирага окшоп юридикалык жардамга муктаж адамдар үчүн абадай зарыл.
Эми гана ишке киргизилген программалар жана мыйзамдар келечекте бул системанын жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, жарандарга жардам бере алат.
Эң жөнөкөй жана тез жолу — “114” кыска номерине чалуу. Ишеним телефону жарандардын арыздарына жана суроолоруна ыкчам жооп берүүгө, өз убагында жана сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүүгө, зарыл учурда тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга багыттоого шарт түзөт. Чалуу акысыз жана республика боюнча бардык аймактарда жеткиликтүү.
Ошондой эле, жарандар акысыз юридикалык жардам алуу үчүн төмөнкү жолдор менен кайрыла алышат:
Өзүнө жакын жайгашкан 43 юридикалык жардам кеңселеринин бирие баруу. Даректерин бул шилтеме аркылуу тапсанар болот www.ukuk-jardam.gov.kg;
www.ukuk-jardam.gov.kg сайты аркылуу онлайн кайрылуу жөнөтүү.