Биз келечекке умтулабыз, биз биргебиз

2020-ж., 30-July

Улуу Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков тарабынан жарыяланган улуттук аза күтүү күнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын, БУУӨП Кыргызстан тобунун, өзүмдүн атымдан коронавирус пандемиясы алып кеткен адамдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Вирус алып кеткен адамдардын ыйманы саламат болсун!

Биз бул оорууну баштан өткөрүп, аны жеңгендер менен чын жана терең тилектештигибизди билдиребиз. Ар бир сакайган адам – бул биздин жеңиш – учурда вирус кимге катуу залал келтирип, кимди аман калтыраарын айтуу кыйын болуп турат.

Кыргызстан жана бүткүл дүйнө бул эбегейсиз чоң көйгөйгө туш болуп, болуп көрбөгөндөй өнүктүрүү кризисине кептелди. Биздин жашообуз өзгөрдү жана өзгөрө бермекчи – окумуштуулардын айтымында вирус биздин коомдо жашап калуусу толук мүмкүн. Бул кризисти баштан өткөргөн өлкөлөрдө да вирустун кайталануусу күтүлүүдө. Жаңы нормалар жана жашоо эрежелери пайда болуп, аларды толук түрдө аткаруу менен гана вирусту жеңүү мүмкүн болууда.

Бирок бул кырдаалда өз кызыкчылыгын экинчи планга коюп, кризисти жеңүү жана аялдар жана эркектер арасында социалдык мобилизацияны алга сүрөгөндөр - доктурлар жана медицина кызматкерлери, ыктыярчылар, жаштар, ишкерлер, эмгек мигранттары, жарандык коом, өкмөт жана муниципалдык кызматкерлердин эмгеги айкын билинди. Жадакалса кичине балдар да бул күрөшкө салым кошууда! Биз алардын баарына ыраазычылыгыбызды билдирип, терең таазим кылабыз. Өз жанын аябай күрөшүүнүн жана бири-бирине көмөктөшүүнүн мыкты өрнөктөрү тарыхта калып, келечек муун тарабынан терең бааланмакчы.

Бул кризис учурунда БУУнун Өнүктүрүү программасы БУУ тутумунун өнүктүрүү боюнча алдыңкы уюму катары өлкөнүн кризиске жооп кайтаруусу жана калыбына келүүсү боюнча көмөктөшүп жатат. Экономикалык кризис глобалдык масштабда болуп, Кыргызстанга да өз кедергисин тийгизип жатат.

Кризистин башталышынан бери БУУӨП медициналык жабдык, дары-дармек жана жеке коргоочу каражаттарды өткөрүп берүү аркылуу Кыргызстанга көмөктөшүп келет. Келечекте да биз өлкөнүн ресурстарды табуусуна жардам бермекчибиз, анткени адамдар жашоо каражаттарын, ал эми дүйнө өлкөлөрү – бакубаттуулугун жоготуп жатат. Бул шартта аярлуулар колдоого муктаж экендигин баса белгилеп кетким келет. Бул тизмеге кризиске чейин эле жакыр жашаган үй-бүлөлөр жана анын айынан жумушун жоготкон жарандар, аялдар жана алыскы аймактарды тургундары кирет.

Бирок кризис мүмкүнчүлүктөргө да жол ачат. 2030-жылга чейинки глобалдык Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында, Кыргызстан өз экономикасын жана коомчулукту бекемдөөгө багытталган иш-чараларды жасай алмакчы. БУУӨП өз ишин төмөнкү төрт багытта алып барат: башкаруу, социалдык коргоо, жашыл экономика жана санариптештирүү.

Биз башка БУУ мекемелери, улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен алдын-алуу чаралары даярдоо жана ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул пандемиянын мындан ары таралуусуна бөгөт коюуга багытталган. Бул таризде эң ыкчам социалдык-экономикалык калыбына келтирүү жана туруктуу өнүгүү нугуна кайтып келүүгө аракет жасалууда.

Урматтуу кыргызстандыктар, биз бул эпидемияны жеңебиз деп ишенебиз. Кыргызстан жеңет!

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП тобунда мен жана менин кесиптештерим сиздер менен биргелешип иштеп, бул өлкөнүн улуу дөөлөтүн кайра жаратууга чакырабыз.

Байыркы кыргыз макалы белгилегендей, “Ооруу эмгектен качат, эмгек көңүл ачат”. Кыргыз элинин күчү - биримдик жана эркиндикте, андыктан, бүгүн бул сапаттарды дагы бир жолу белгилеп, көз жумган мекендештерибизди урмат жана кадыр-барк менен эскеребиз.

                                                                                                     Луиз Чемберлен

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү

30-июль, 2020-жыл.