"Майыптык медиада" брошюрасы

"Майыптык медиада" брошюрасы

2023-ж., 25-October

 

 "Майыптык медиада" брошюрасы Кыргыз Республикасында БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлиги, майыптыгы бар адамдардын коомчулугу, журналисттер жана БУУ агенттиктеринин өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу майыптардын иштери боюнча Кеңеш тарабынан бекитилди.

 

Бул басылманын негизги максаты – ЖМК кызматкерлеринин (журналисттер, коммуникация адистери, блогерлер ж.б.) арасында майыптыгы бар адамдардын массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлүшү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу. Бул брошюра майыптык түшүнүгүн, аны кабыл алууга ар кандай мамилени, майыптыгы бар адам укуктарынын мамилесин жана ар кандай медиа ресурстарда майыптуулукту чагылдыруунун негизги принциптерин ачып берет.

 

Басылма кеңири аудиторияга арналган; ал коомдун майыптыгы бар адамдарга карата мамилесин өзгөртүүгө жана чыныгы инклюзивдик коомду түзүүгө багытталган.

 

Regions and Countries