Баткен облусунун климаттык туруктуулугун күчөтүү

Долбоордун баяндалышы:

"Климаттык акылдуу” сугатты жана селден коргоо чараларын киргизүү аркылуу Баткен облусунун климаттык туруктуулугун күчөтүү долбоору Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнүн таасирлерине карата жатыктыруунун Улуттук планын жүзөгө ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы максаттуу айыл чарба жамааттарында туруктуулукту күчөтүүгө жана климаттын өзгөрүшүнөн коромжулукту азайтууга багытталган, бул облус өлкөнүн региондорунун климаттын өзгөрүшүнүн таасирлерине өтө байымсыз.

Байымсыздыкты азайтуу бири-бирин өз ара толуктаган чечимдерди комплекстүү алга илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнө жатыгуу практикасын кеңейтүү аркылуу жетишилет, алар айыл чарбасы, суу ресурстарын интеграциялык башкаруу жана бөөдө кырсыктын тобокелдиктерин азайтуу (БКТА) сыяктуу жактарда ПРООН тарабынан ийгиликтүү жүзөгө ашырылган.

Долбоордун негизги багыттары

  • Сугат суусун башкарууда климаттын өзгөрүшүнө карата туруктуулук үчүн климаттык маалымдарлыкты жана жергиликтүү потенциалды жакшыртуу.
  • Суу үнөмдөөчү технологияларды колдонууну кеңейтүү жана сугат системаларын коргоо.
  • Климаттын өзгөрүшүнө жергиликтүү жамааттардын байымсыздыгын азайтуу боюнча маалымдарлыкты жогорулатуу жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу.

Долбоордун аралыктык натыйжалары:

Суу үнөмдөөчү технологияларды колдонууну кеңейтүү жана сугат системаларын коргоо.

1) жергиликтүү жамааттарда байымсыздыкка баа берүүнүн жана Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунда гидрологиялык кырсыктарга байымсыз аймактарды жана ирригациялык инфраструктураларды аныктоонун негизинде  кыйла байымсыз жергиликтүү жамааттарда иш-чараларды жүргүзүү, РФ-ПРООН трасттык Фондунун долбоору 7 муниципалитет менен макулдашууга кол койду, алар климаттын өзгөрүшүнө өтө байымсыздар: Баткен районунун Төрт-Күл АӨ жана Самаркандек АӨ, Лейлек районунун Ак-Суу АӨ жана Кулунду АӨ,  Кадамжай районунун Алга АӨ, Марказ АӨ жана  Орозбеков АӨ. LOA ылайык ушул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улуттук өнөктөргө (НАСТ) каражаттарды которуу механизмдерин колдонуу менен тийиштүү иш-чараларды  түздөн-түз  жүргүзүшөт, ага ылайык тараптар өздөрүнүн финансылык жана эмгектик салымдарын жана иш пландарын, ошондой эле жол-жоболорго ылайык  мамлекеттик сатып алууларды аныктайт. Иштин көлөмүн аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык подрядчы тартылат. Сапатка контролдук жана көзөмөлдүк кылуу ПРООН жана жергиликтүү жамаат аныктаган комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Ишмердиктин ар бир түрү боюнча кеңири маалымат отчётто көрсөтүлөт.    

2) максаттуу жамааттарда ички чарбалык ирригациялык курулуштарды калыбына келтирүү жана коргоо үчүн суу үнөмдөөчү технологияларды жана каражаттарды киргизүү:

Жергиликтүү жамааттар менен консультациялардын жана комиссиянын чечиминин негизинде тамчылатып сугаруунун суу үнөмдөөчү системасын орнотууга 60 тилке тандалып алынган. Жергиликтүү жамааттар көрсөткөн тилкелерге техникалык баа берилген, жана иштелип чыккан тендердик документацияга ылайык подрядчы тандалып алынган. Азыркы учурда тамчылатып сугаруунун системасын орнотуу жана ишке киргизүү боюнча этап  боюнча иштер башталды. Тамчылатып сугаруунун алгачкы системасын фермерлер 2021-жылдын жаз жана жай айларында пайдалана башташат.

Климатты эске алуу менен сугат жөнүндө фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн агроклиматтык маалыматтарды пайдалануу, ар кандай гидроклиматтык  кубулуштарга, нымдуулугу төмөн региондордо сугатка эффективдүү мамиле кылууга даяр болуу боюнча окуу материалдарын колдонуу менен тренингдер өткөрүлөт. Ушул иш-чаралардын алкагында климаттын өзгөрүшүнө жатыгуу менен байланышкан, анын ичинде аба ырайына байкоо жүргүзүүнү жана агрометеорологиялык божомолдоону интерпетациялоону, кырсыктардын тобокелдигин азайтууну жана климаттык акылга сыярлык айыл чарбасын илгерилетүүнү жана Баткен облусунда пилоттук жергиликтүү жамааттар үчүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну кошуп алганда билим жана жөндөмдүүлүктөрдү жогорулатууга  багытталган.

Күтүлгөн натыйжалар:

  • Метеорологиялык божомолдоо системасынын сапатын жакшыртуу жана аны пайдалануу аркылуу агроклиматтык маалыматтарды берүү системасын түзүү;
  • Сууну эффективдүү пайдалануу жана эсепке алуу үчүн жаңы технологияларды киргизүү, ал өз кезегинде жыл сайын  11 000 м3 сугат суусун үнөмдөөгө жана ички чарбалык сугат системасын реабилитациялоо жана гидрологиялык бөөдө кырсыктардан сактоо боюнча чараларды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет, ал 22 000 га аянтта коромжунун деңгээлин төмөндөтүүгө жана 12 977 га сугат аянтынын суу менен камсыз кылынышын жогорулатууга мүмкүндүк түзөт;
  • Кызыкдар тараптардын климаттын терс таасирлери, байымсыздык жана жатыгуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдар болушун жогорулатуу.   

Статус: Активдүү

Долбоордун башталышы: 2019-ж.

Долбоордун аякташы: 2020-ж.

Географиялык камтылышы:  Баткен облусунун 7 муниципалитети:

  • Баткен району – Төрт-Күл АА жана Самаркандек АА
  • Кадамжай  району – Алга АА, Марказ АА, Орозбекова АА
  • Лейлек району – Ак-Суу АА жана Кулунду АА

Долбоордун предметтик жагы: Климаттын өзгөрүшү

Долбоордун координатору: Жылдыз Узакбаева  (zhyldyz.uzakbaeva@undp.org)

Өнөктөр: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана  мелиорация министрлиги (АЧТӨЖММ); Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине  (ӨКМ) караштуу гидрометеорология боюнча Агенттик, жергиликтүү бийлик органдары.

Финансылоо: Россия Федерациясы

Долбоордун бюджети: 900 миң АКШ  доллары