Үчүн CREATE4KG Кыргызстандын креативдүү индустриялардын күзгү фестивалына миңден ашык адам чогулушту.

2022-ж., 7-November

БИШКЕК, Кыргызстан, 2022-жылдын 5-ноябры – Өлкөнүн креативдүү экономикасын жана чыгармачыл адамдардын бүтүндөй коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо үчүн CREATE4KG Кыргызстандын креативдүү индустриялардын күзгү фестивалына миңден ашык адам чогулушту. Бул Кыргызстандын жана Борбор Азиянын креативдүү индустрияларына кызыкдар негизги тараптары үчүн туруктуу диалог аянтчасын ачууга жана Кыргызстан менен Борбордук Азиядагы креативдүү индустриялардын брендин өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган быйылкы жылдагы экинчи CREATE4 фестивалы.

«Биз өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракеттеринин натыйжасында Кыргызстан Креативдүү индустриялар паркын түзүү менен тарыхка киргенине кубанычтабыз. Бул киреше табуу, экспорттук продукцияларды илгерилетүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, экономиканын салттуу секторлорун жандандыруу жана аймактык өнүгүүнү өбөлгөлөө үчүн мүмкүндүктөрдү кеңейтүүгө олуттуу таасирин тийгизет деп ишенебиз», - деп белгиледи Луиз Чемберлен, БУУӨПнын Кыргызстандагы Туруктуу Өкүлү.

Креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү мамлекеттик деңгээлде Президент Садыр Жапаровдун “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюусу менен бекемделген. Жарлыкка ылайык, креативдүү экономика республиканын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган. Президент Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү, креативдүү индустриялардын классификациясын аныктоо, креативдүү индустриялардын паркын түзүү чечимин кабыл алды.

СREATE4 – бул Кыргызстандын креативдүү коомчулугун өнүктүрүү жана колдоо үчүн өзгөчө кеңири аянтча, ал Креативдүү индустриялар ассоциациясы жана БУУӨП Акселератор лабораториясы тарабынан уюштурулган.

«CREATE4 креативдүү индустриялардын фестивалы креаторлор арасында да, кыргыз коомчулугунун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүгө инновациялык мамиленин өсүшүнө кызыкдар болгондор үчүн да өз ара пикир жана маалымат алмашуу аянтчасына айланып жатканын көрүү Ассоциация катары биз үчүн жагымдуу болуп саналат. Өлкөнүн креативдүү коомчулугу креативдүү экономика чөйрөсүндө мыйзам ченемдерин өнүктүрүүнүн оң тенденцияларына байкоо гана салбастан, жаратмандык экотутуму үчүн зарыл шарттарды түзүүгө активдүү катышууда. Ассоциациянын мүчөлөрү #жаратманКыргызстан жана Креативдүү Борбор Азияны өнүктүрүү үчүн мамлекеттик түзүмдөрдөгү жана эл аралык коомчулуктагы өнөктөштөрү менен диалогду улантууну каалашат жана буга даяр турушат", - деди Назгуль Кубакеева, Креативдүү индустриялар ассоциациясынын директору.

Өткөрүлгөн фестиваль – Кыргызстандагы мындай алгачкы масштабдуу аянтча, ага ар кыл курактагы, креативдүү индустриялар кесиптерине тартылган же кызыккан миңге жакын катышуучу келген. Искусство, музыка, IT, санариптик (digital) кесиптерде жана башка кретивдүү тармактар чөйрөсүндө ийгиликке жетишкен өкүлдөр өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

 

ЖМКлар үчүн байланыш маалыматы:

Айпери Алымбекова, БУУӨП коммуникациялар боюнча адиси,

уюлдук тел: 0778 11 99 91, email: aiperi.alymbekova@undp.org