Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2023-2026-жылдарга карата иш-чаралардын планы талкууланды

2022-ж., 29-July

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргызстандагы БУУӨПтүн жана БУУ ДАПтын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясын ишке ашыруу планынын 2-этабын (2023-2026-жылдар) талкуулоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңейтилген отурумун уюштурду. Бул иш-чарага министрликтердин жана ведомстволордун эксперттери, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Мамбетов Азамат, ДАПтын өлкөлүк директорунун орун басары Хилке Дэвид жана БУУӨПтүн өкүлдөрү катышышты.

Жумушчу топтун отурумунун максаты 2023-2026-жылдарга концепцияны ишке ашыруунун 2-этабынын планын талкуулоо жана макулдашуу жана 2015-2030-жылдарга кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын ишке ашыруунун орто мөөнөттүү баяндамасын талкуулоо болду.

Климаттын өзгөрүшү менен курчуп жаткан кырсыктардын учурдагы тобокелдиктери жана жаңы чакырыктар менен коркунучтар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, калктын жашоо-турмушуна жана жыргалчылыгына коркунуч туудургандыгына байланыштуу 2030-жылга чейин Сендай алкактык программасын ишке ашыруу, ТӨМгө жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында Париж макулдашуусунун максаттарына жетишүү боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин негизинде 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун потенциалын күчөтүү талап кылынат.

Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки Улуттук программасында адамдын жашоосу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү аркылуу туруктуулукту камсыз кылуу маселелери өзгөчө артыкчылыктарга киргизилген, келечектеги коркунучтарды эске алуу менен климаттын өзгөрүү шарттарында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселелерин комплекстүү чечүү, божомолдоонун жана жооп кайтаруунун жаңы ыкмаларын өнүктүрүү, туруктуу керектөө жана өндүрүш принциптеринде экологиялык билим берүүнү жана тарбиялоону илгерилетүү боюнча милдеттер каралган, ошондой эле кырсыктардан чабалдыкты азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча милдеттер каралган.

Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (2-этап - 2023-2026-жылдар) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки максаттарын, милдеттерин жана артыкчылыктарын ишке ашыруунун негизинде иштелип чыккан. Иш-аракеттердин акыркы планы (2023-2026-жылдар) расмий түрдө 2022-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жана жактыруусуна берилет.

Маалымат үчүн:

2023-2026-жылдарга кырсык тобокелдигинин азайтуунун стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу Кыргызстандагы БУУӨПтүн жана БУУ ДАПтын колдоосу менен ишке ашырылып жатат, анын алкагында КР ӨКМ жана өзгөчө кырдаалдар жана Кырсыктар тобокелдигин азайтуу боюнча борбор 2018-2022-жылдар аралыгында (биринчи этап) Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын биринчи этабынын (2023-2026-жылдар) аткарылышына толук талдоо жана баалоо жүргүзүп, экинчи этапка (2023-2026-жылдар) план иштеп чыгышты, ал бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы 58-токтому менен бекитилген. Аталган концепциянын негизги максаты өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн шарттарын түзүү үчүн өлкөнүн калкынын жана аймактарынын өзгөчө кырдаалдардан жана кырсыктардан коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү артыкчылыктарын белгилөө болуп саналат.