Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк айлана чөйрөнү коргоо күнүн белгилөө: Туруктуу келечекке карата биргелешкен аракеттер

2023-ж., 5-June

 

БИШКЕК, 5-июнь, 2023-жыл – Бүгүн Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму, Жаратылыш ресурстар министрлиги жана жаратылышты коргоо боюнча активисттер менен биргеликте бүткүл дүйнөлүк айлана чөйрөнү коргоо күнүн белгилеп, анын мааниси тууралуу коомго түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. БУУнун агенттиктери, жаш экологиялык активисттердин жана башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен Кыргыз улуттук университетинде өткөн иш-чаранын максаты - Кыргызстандагы жеке адамдарды, ишканаларды жана мамлекеттик мекемелерди туруктуу келечекти камсыздоо жана бир жолу колдонулуучу пластикти колдонууну азайтуу боюнча иш-аракеттерге шыктандыруу.

Дүйнөлүк коомчулук пластик менен булгануу курч экологиялык көйгөйдү чечүүнүн шашылыш зарылдыгын моюнга алууда. Кыргызстандын мамлекеттик мекемелери жана жарандары экологиялык таза практиканы ишке ашырууга, ысырапкорчулукту кыскартууга жана жаратылыш ресурстарын сактоого чакырылат.

БУУнун туруктуу координатору Антье Граве ачылыш сөзүндө Кыргызстан аймактагы климатка эң сезимтал өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктардын масштабы жана жыштыгы акыркы 12 жыл ичинде 1,5 эсеге көбөйгөнүн белгиледи. Бул өзгөрүүлөр адамдын жашоосуна, экономикасына жана жаратылыш чөйрөсүнө таасир кылууда. "Адамдардын жашоосуна, экономикасына жана биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген кесепеттүү таасиринде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана анын учурдагы теңсиздикти күчөтүшүнө жол бербөө, жакырларга жана аялуу катмарга, өзгөчө айыл жериндеги аялдарга жана балдарга катуу сокку урууга жол бербөө өтө маанилүү", - деди ал.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору жаштарды калктын аярлуу катмарынын муктаждыктарына артыкчылык берген чечимдерди илгерилетүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарына адилеттүү өтүүнү камсыз кылуу жана климаттын өзгөрүүсүнүн пропорционалдуу эмес таасирин жок кылуу аркылуу бул өз ара байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн климаттык аракеттерге жигердүү катышууга чакырды. 

Бул иш-чаранын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри «Балдар, жаштар жана климаттык аракеттер» боюнча декларацияга кол койду. Ошентип Кыргызстан Декларацияга кол койгон отуз тогузунчу жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү экинчи өлкө болуп калды. Декларацияга кол коюу менен Кыргызстан климаттык аракеттерге балдардын жана жаштардын артыкчылыктары камтылышын камсыз кылууга милдеттенди.

«Урматтуу достор, айлана-чөйрөнү коргоо биздин жалпы милдетибиз. Биз пассивдүү байкоочу бойдон кала албайбыз жана башка бирөө маселени чечет деп күтө албайбыз. Бүгүн мен ар бириңиздерди пластикалык булганууга каршы күрөшкө активдүү катышууга чакырам. Келгиле, өзүбүз жана келечек муундарыбыз үчүн экологиялык таза келечекти бирге куралы”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Тургунбаев Мелис Юсупжанович.

Иш-чарада туруктуу тажрыйбаларды илгерилетүүгө жана жамааттык иш-аракеттердин маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган ар кандай семинарлар жана иш-чаралар өткөрүлдү. Катышуучулар эски кийимдерди жумшак оюнчуктарга, пластикти турмуш-тиричилик буюмдарына айлантуу боюнча семинарларга катышышты. Ошондой эле, сүрөт сабактарына, пластикти кайра иштетүү жана туруктуу практикалык тажрыйбаларга байланыштуу иш-чараларга катыша алышты. 

Бүткүл дүйнөлүк айлана чөйрөнү коргоо күнү жыл сайын 5-июнда белгиленет жана бүткүл дүйнө боюнча экологиялык маалымдуулукту жана иш-аракеттерди жайылтуу үчүн флагмандык кампания катары кызмат кылат. Бул күн БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан 1972-жылы негизделип, 100дөн ашуун өлкөдө белгиленет. Жыл сайын бүткүл дүйнөлүк айлана чөйрөнү коргоо күнү курч көйгөйлөрдү чечүү жана глобалдуу аракеттерге дем берүү үчүн белгилүү бир экологиялык темага көңүл бурат. Быйыл дүйнөлүк коомчулук пластик көйгөйүнө көңүл буруп жатат.