ILGERI JOLU: Бишкекте маданий билим берүү менен заманбап технологиялар айкалышкан шаардык квест старт алды

2023-ж., 17-May
Ilgeri Jolu quest

Жасалма интеллект жараткан ILGERI JOLU квестинин сүрөтү

БИШКЕК, Кыргызстан, 11-май 2023-жыл – БУУӨП ILGERI чыгармачыл бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаарынын тургундары үчүн квест форматында ILGERI JOLU оюнун ишке киргизди. Демилгенин максаты инновациялык ыкмаларды колдонуу менен шаардын маданий мурастарын коргоо жана сактоо боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана колдоо көрсөтүү болуп саналат. Квест 2023-жылдын 29-апрелинде Create4 креативдүү индустриялардын фестивалында башталган.

Маданий мурастар, инфраструктура, чыгармачыл индустриялар жана туруктуу туризм келечекте бүтүндөй коомчулук үчүн социалдык, экономикалык жана экологиялык тармактарда жакшы натыйжалары бар стратегиялык курал жана өнүгүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы катары кызмат кылышы мүмкүн. Маданий мурастар ошондой эле жеке адамдар жана жамааттар үчүн көбүрөөк социалдык инклюзивдүүлүк, туруктуулук, инновациялар, чыгармачылык жана ишкердүүлүк, жергиликтүү ресурстарды, көндүмдөрдү жана билимдерди пайдалануу сыяктуу бир катар акчалай эмес артыкчылыктарды камтыйт. 

«Кыргызстандын маданий мурасын чыгармачыл куралдар аркылуу жайылтуу максатында түзүлгөн «ILGERI JOLU» сыяктуу инновациялык долбоорлор бир эле учурда бир нече максаттарга жетет. Катышуучулар өлкөнүн маданияты жана тарыхы тууралуу жаңы билимдерди алуудан тышкары, мындай демилгелер шаардык коомчулуктун жана чыгармачыл стартаптардын өнүгүүсүнө түрткү берет.

 NFT жана AR-толуктандырылган реалдуулук сыяктуу технологияларды колдонуу квестти жаштар үчүн мүмкүн болушунча интерактивдүү жана кызыктуу кылат. Биздин уюм үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуп көрүү, сыноо өнүгүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк», - дейт БУУӨПтүн Акселератор лабораториясынын стратегиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Виктория Петрова.

Оюндун эрежесине ылайык, катышуучу берилген маршрут менен Бишкектин атайын белгиленген 21 жерин өтүш керек. Ар бир аныкталган жерде QR коду бар интерактивдүү белги орнотулган. Анда объекттин тексттик сүрөттөлүшү, кошумча иллюстрациялар, ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде аудиогид коюлган. Квесттин тапшырмаларын аткаруу менен катышуучулар Кыргызстандын тарыхы жана маданияты менен таанышып, маданий мекемелер, шаардын кооз жерлери жана тарыхый инсандар тууралуу жаңы фактыларды үйрөнө алышат. Оюндун финалисттерине башкы байгеге катышуу үчүн уникалдуу белги ыйгарылат.

«Кыргызстандын популярдуу Instagram жана Tik-Tok блогерлери бул долбоорго «маданий объектилерди коргоочулар» катары тартылган. Алардын катышуусунун аркасында биз көп сандагы аудиторияга жетип, өлкөдө маданиятты, тарыхты, билим берүү жана туризмди жайылтуунун жана өнүктүрүүнүн баалуулугун жеткире алабыз», - дейт оюндун негиздөөчүлөрүнүн бири Эрик Абдыкалыков.

 

ILGERI JOLU квест-оюну

“ ILGERI JOLU квести – бул кызыктуу жана пайдалуу убакыт өткөрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. Жубайым экөөбүз Бишкектин маданий мурастары тууралуу көп нерселерди билдик. Квестти өтүүгө 2 күн керектелди . Шаарды кыдырып, атактуу адамдардын тарыхын окуп, табышмактарды чечмелөө аябай жакты. Бизде шаарда атактуу адамдардын музей үйлөрү көп экени бизди таң калтырды. Алар азыркы урбанизациянын айынан байкалбай калган экен. Бул квест менен бош убактыңыздарды пайдалуу өткөрүүгө кеңеш берет элем”, - деп бөлүштү Ислам.

Бүгүнкү күндө 3500дөн ашуун катышуучу квестти өтө баштады. Оюндун аягында бардык катышуучуларга «Бишкектин маданий тургуну» же «Мурас сактоочу» статусун билдирген пин ыйгарылат, ал шаардын музейлерине жана ILGERI нин иш-чараларына акысыз кирүүгө мүмкүнчүлүгүн берет. Бул статус уникалдуу NFT коллекциясы менен белгиленет. Квест боюнча толук маалымат https://quest.ilgeri.kg/ сайтында жеткиликтүү. 

Кошумча маалымат үчүн viktoriia.petrova@undp.org