Бишкекте эң масштабдуу Create4-2023 «Жаратман той» креативдүү индустриялардын фестивалы өттү

2023-ж., 3-May

Фестивалдын катышуучулары

 

БИШКЕК, 2023-жыл 29-апрель – Масштабдуу CREATE4-2023 «ЖАРАТМАН ТОЙ» Креативдүү индустриялардын фестивалына 2 миңден ашуун адам катышты. Create4 фестивалы – бул 2022-жылы Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы жана Креативдүү индустриялар ассоциациясы тарабынан демилгеленген өлкөнүн креативдүү экономикасын жана чыгармачыл адамдардын бүтүндөй коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо боюнча уникалдуу кеңири платформа.

«Биз мамлекеттин креативдүү экономиканы артыкчылыктуу багыт катары колдоо жана аны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аракеттерин баалайбыз. Биз Кыргызстанда чакан жана орто бизнес, аялдар жана жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчү жана бул сектордогу формалдуу эмес жумушчулардын санын кыскартууга көмөктөшүүчү уникалдуу Креативдүү индустриалар паркынын түзүлгөндүгүнө күбө болгонубуз менен сыймыктанабыз», - деди БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал.

2022-жылдын апрелинде Креативдүү индустриалар паркы жөнүндө мыйзамды колдоо максатында Биринчи Create4 фестивалы уюштурулган. Мыйзамга бир жумадан кийин миңден ашык адамдардын катышуусундагы Фестивалдын расмий ачылышына катышкан КР Президенти кол койгон. Фестивалдын спикерлери болуп Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн искусство, музыка, IT, санариптик (digital) кесиптер жана башка креативдүү тармактардын кесипкөйлөрү, ийгиликтүү өкүлдөрү саналат.

«Бүгүнкү Фестиваль 30дан ашык өнөктөштөр тарабынан биргелешип жана 100дөн ашык уюмдар – жеке компаниялар, мамлекеттик органдар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жарандык активисттер, коомдук фонддор жана илимий чөйрөлөр – өлкөбүздөгү креативдүү тармактарды өнүктүрүүгө умтулгандардын катышуусунда уюштурулууда. Фестивалга Кыргызстандан эле эмес, коңшу мамлекеттерден – Казакстан жана Өзбекстандан да креативдүү Борбор Азиянын өнүгүшүнө салым кошо турган жаратмандар тартылат”, - дейт Кыргызстандын Креативдүү индустриялар ассоциациясынын директору Назгүл Кубакаева.

Фестивалдын маарекесинин урматына Кыргызстандын узак мөөнөттүү жана ийгиликтүү өнүгүүсүнүн куралы катары жаратмандардын жана креативдүүлүктүн майрамын белгилөө ү«Жаратман той» слоганы тандалып алынган. Create4 программасы 6 концептуалдык мейкиндиктеги иш-чаралардан туруп, идеядан ишке ашырууга чейинки креативдин бардык деңгээлин ачып берди: ШЫКТАН, ОЙГОН, ТАЙ-ТАЙ - Алга кадам ташта, ЖАРАТ, ЖЫРГА - Ырахаттан, ШАМ-ШУМ - Кубаттан.

Фестиваль катышуучуларга учурдагы кесипкөйлөргө жана жаңыдан баштаган жаратмандарга да актуалдуу болгон 30дан ашык панелдик сессияларга, бет ачарларга жана ар кандай темадагы мастер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Билим берүү жана бош орундардын жарманкелери, юридикалык консультациялар, питчинг боюнча мастер-класстар, ошондой эле музыкалык угуулар келгендерге креативдүү кесиптерде өз жолун баштоого жардам берди.

"Биз ар бирибиз уникалдуубуз. Уникалдуулук - бул биздин өзүбүздү көрсөтүүнүн эркиндигинде. Ошол себептүү өз таланттарыбызга жана идеяларыбызга күмөн санабай тургандыгыбыз, өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүзгө чек койбогонубуз жана чыгармачылыгыбызды өркүндөтүү абдан маанилүү. Жаңы мезгилде бизнес чыгармачылыкка негизделген, жаңы мезгилдин бизнеси чыныгы чыгармачылыктын өзү болуп саналат!" - Екатерина Накашидзе, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысынын орун басары.

Бул жылы фестивалдын расмий өнөктөштөрүнүн бири Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ) жана дагы бири Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси болду.

"Адабият, музыка жана искусстводон шыктанган билимдүү жаштар илим менен маданий баалуулуктарды кереметтүү айкалыштыруу аркылуу креативдүү идеяларды жаратышат жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп эсептелет. Эркин искусствого жана илимге америкалык мамиле кылуунун эң мыкты салттарына таянып жана биздин студенттердин маселелерди чечүүдө креативдүү жана чыгармачыл өңүттөн кароосуна, сынчыл ой жүгүртүүсүнө өзгөчө көңүлдү буруп туруп, биз БААУда Билим берүүдө дал ушундай ыкмаларды жетекчиликке алабыз- деп белгилейт БААУнун академиялык маселелер боюнча вице-президенти Нургүл Укуева.

 

###

Фестивалдан сүрөттөр 

Фестивалдын бардык материалдары www.create4.co  сайтына жарыяланат

ЖМКлардын кошумча суроолору боюнча aiperi.alymbekova@undp.org , +996 778 11 99 91 номерине байланышыңыздар