БУУӨП кыргыз тилиндеги гендердик теңчилик боюнча 70 макаланы Википедия билим банкына киргизди

2023-ж., 15-May

БИШКЕК, Кыргызстан /15-май 2023 – БУУӨП Бишкек Феминисттик Демилгелери менен биргеликте Википедия үчүн кыргыз тилинде гендердик маселелер боюнча кошумча 35 макала даярдады. Буга чейин Википедияда кыргыз тилдүү аудиторияга арналып гендердик түшүнүктөр жана аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүү эмне үчүн жалпы өнүгүүгө өбөлгө түзөрүн үйрөтүүгө багытталган дагы 35 макала жарыялаган. Тематикалык макалаларда Кыргызстандагы аялдар туш болгон көйгөйлөр жана өлкөдө басмырлоону жана гендердик зомбулукту жоюу боюнча көрүлүп жаткан атайын чаралар да камтылган.

«Интернет дүйнөнүн булуң-бурчунан дээрлик бардык маалыматты табууга мүмкүндүк бергенине карабастан, интернеттеги кыргыз тилдүү булактарда аялдардын укуктары тууралуу материалдар абдан аз. Ишенимдүү маалыматка жетүү аялдардын жана кыздардын укуктарын илгерилетүү үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан, ачык булактарда жана жеткиликтүү тилде көбүрөөк материалдар керек», - дейт Википедиянын редактору Гуляим Айылчы.

«Гендердик теңчилик жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» концепциясын ишке ашыруудагы көйгөйлөрдүн бири - кыргыз тилинде гендердик теңсиздик темасына тиешелүү жаңы терминдердин жана концепциялардын так берилбегендигинде. Ошондой эле, жаңы түшүнүктөрдүн жана концепциялардын Кыргызстандын практикасына жана далилдерине таянган маалыматтын жоктугу. Википедияга кыргызча маалымат жүктөө демилгеси бул боштукту толтурду: эгерде бир түшүнүк интернетте жок болсо, анда мындай көрүнүш жашоодо да жок дегенди билдирет.

«Биз Кыргызстанда гендердик теңчиликтин күн тартибин илгерилетүүнү улантып жатабыз. Бул демилге мындай жаңы концепцияларды кыргыз тилдүү аудиторияга тартуулоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Жергиликтүү контекстке байланышы бар мындай тематикалык маалыматтардын интернетте жоктугунан улам же маалыматтын жетишсиздигинен кыргыз коомчулугунда да мындай маселелер жок деп кабыл алынышы мүмкүн», - дейт БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен. 

БУУӨП аялдардын жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу алардын укуктарын жана гендердик теңчиликти талап кылууга умтулат. Ачык онлайн булактарга мазмундуу маалыматтарды кошуу Кыргызстандын жарандарына өз укуктары жөнүндө көбүрөөк билүүгө, гендердик теңчилик жана социалдык нормалар боюнча маалымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Гендердик маалымдуулуктун жогорку деңгээли аялдар менен эркектердин ортосундагы өз ара түшүнүүнү жакшыртат жана социалдык өзгөрүүлөргө жана гендердик стереотиптерди жок кылууга зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет. БУУӨП бул кошкон салымы менен башкаларды дагы Википедияга аялдардын көйгөйлөрү боюнча кыргыз тилинде макалаларды жарыялоого шыктандырууда деген үмүттө.

«Учурда кыргыз тилдүү Википедияга катталган колдонуучулардын 15%ын гана аялдар түзөт, натыйжада контенттин 20%ы гана аялдар жөнүндө. Мындай көрүнүш аялдар жана кыздар акы төлөнбөгөн үй жумуштарына көбүрөөк убакыт коротуп, ыктыярчылык сыяктуу кошумча иш-чараларга убактылары калбай калгандыгын билдирет. Бул гендердик ажырымды жоюу, аялдардын тарыхка, саясатка, илимге кошкон салымдарынын көрүнүктүүлүгүн жогорулатуу жана аялдардын укуктары тууралуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу максатында, биз ыктыярчы редакторлорду кабыл алып, жеке тажрыйбабыз жана ошондой эле Википедия глобалдык фонду сунуш кылган мүмкүнчүлүктөр менен бөлүшүүгө даярбыз» , — деп кошумчалады Гуляим Айылчы.

Википедия - колдонуучулар жана администраторлор тарабынан текшерилген салмактуу жана калыс маалыматты жарыялоого мүмкүндүк берет. Бул аянтчанын артыкчылыктары – интернетте издөө системалары биринчи саптарында Википедиядагы макалаларды чыгарат, ал эми маалымат көз карандысыз колдонуучулар жана администраторлор тарабынан текшерилет. Бул өз кезегинде интернет-энциклопедияга колдонуучулардын ишениминин жогорулашына таасирин тийгизет. Кыргыз тилиндеги Википедия 2010-жылы ишке киргенден бери бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тилинде 80 000ден ашуун макала жарыялаган. Википедия авторлорунун ичинен 8 аялдардын, жаштардын жана феминисттик уюмдардын жетекчилеринен жана кызматкерлеринен турган авторлор билимге жана маалымдуулукка салым кошуу үчүн Википедияда жарыялоо үчүн төмөндөгү макалаларды иштеп чыгышты.

Акыркы кошулган макалалар жана шилтемелер: 

  1.   Адам укуктары  
  2.   ЛГБТ укуктары
  3.   Активизм
  4.    Жеке чектер 
  5.   Жашы жете электердин никеси
  6.   Жыныстык билим берүү
  7.   Балдарга болгон зомбулук 
  8.   Кодулоо 
  9.   Адам укуктарын коргоочу
  10.   Бейөкмөт уюм 
  11.   Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жок кылуу жөнүндө конвенция 
  12.   Гендердик теңсиздиктин индекси
  13.   Эмгек акыда гендердик ажырым 
  14.   Аялдын жыныс органдарын жабыркаткан операциялар
  15.   Гендердик дискриминация 
  16.   Гендердик стереотиптер 
  17.   Макулдук маданияты 
  18.   Согуш мезгилиндеги сексуалдык зордук
  19.   Жеке бул саясий 
  20.   Матрилиналдуулук
  21.   Аялдардын маршы
  22.    Суфражизм
  23.   Интерсекционалдык феминизм  
  24.   Киберфеминизм   
  25.   Постмодерндик феминизм 
  26.   Ислам феминизми
  27.   Радикалдык феминизм
  28.   Бекдел тести
  29.   Матильда эффектиси  
  30.   Зордуктоо маданияты 
  31.   Неопатриархат 
  32.   Феминисттик активизм 
  33.   Айнек шып 
  34.   Гомофобия
  35.  Менсплейнинг