Баткен областынын бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү Кеңеши: биринчи жыйынтыктар талкууланып, келечекке пландар аныкталды

2023-ж., 30-October

 

Баткен/27.10.2023 – Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин 2-жыйыны болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Жалын Жээналиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Маил Алияскаров, ошондой эле бизнес-коомчулуктун, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. 

Аймактарды өнүктүрүүдө инвестициянын жана мамлекеттик-жеке диалогдун ролу, ошондой эле Баткен облусундагы ишкерлердин актуалдуу көйгөйлөрү талкуунун негизги темасы болду. Жергиликтүү ишкерлерге жана кызыкдар инвесторлорго тиешелүү мамлекеттик өнөктөштөр менен жалпы маселелерди талкуулоого, ошондой эле өз көз караштарын жана чечимдерин сунуштоого мүмкүнчүлүк берилди. 

«Кеңештин мурунку жыйынында негизги алты маселе көтөрүлүп, алар негизинен ишкерлер туш болгон тоскоолдуктарга байланыштуу болгон. Мисалы, камсыздандыруу полисин төлөөнү жөнөкөйлөтүү, социалдык фондго жөнөкөйлөштүрүлгөн тарифтерди колдонуу, жергиликтүү туристтик фирмалардын ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү, жер маселеси ж.б.у.с бүгүнкү күндө оң жагына чечилди. Мамлекеттик салык кызматы Баткен облусунда кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн патенттин ставкасын 1 м² үчүн 50 сомдон 20 сомго чейин төмөндөттү. Мындан тышкары, айрым айыл аймактардын жетекчилерине ишкерлердин жер маселелерин чечүү тапшырмасы коюлуп, алар да чечилди», - деди КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Кеңештин төрагасы Тимур Мадяров.

«Бул иш Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн облустун экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө болгон аракетине түздөн-түз байланыштуу. Мындан тышкары, БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, дал ушул Баткен облусу жергиликтүү жамааттар үчүн маанилүү болгон социалдык-экономикалык бизнес-долбоорлордо мигранттардын каражаттарын натыйжалуу ишке ашырууда алдыңкы орунда турат. «Биз кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мигранттары менен өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү механизмдерин республика боюнча башка ЖӨБ органдарында жакшыраак изилдеп, сынап көргүбүз келет», - деди Президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев.

Ишкерлер тарабынан мамлекеттик органдардын кароосуна коюлган маселелердин арасында Ишкерлерди тейлөө борборлорун ачуу, мамлекеттик кепилдиктер боюнча инвестициянын босого көлөмүн 1 миллион доллардан 500 миң долларга чейин төмөндөтүү, шарап өндүрүү үчүн жүзүм өстүрүүнү каржылоо, жер участокторун берүү, салык маселелерин кароо ж.б. 

Иш-чарага катышкан ишкерлердин арасында Кеңештин максаттуу жана натыйжалуу иши тууралуу жакшы пикирлер көп болду. «Акыркы сегиз жылдын ичинде бир нече ушул сыяктуу жумушчу топтор түзүлдү, бирок алар көбүнчө ойдон чыгарылган бойдон калган. Бул Кеңеш бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бизнес-коомчулук менен үзгүлтүксүз диалогун жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Кеңештин ичиндеги жыйындардын өзгөчөлүгү – конкреттүү маселелер көтөрүлүп, аны чечүүнүн конкреттүү жолдору сунушталат. Биз бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирүү аркылуу ишкерлерди укуктук жактан коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө кызыкдарбыз», - деп түшүндүрдү Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Эльвира Наматовна Боромбаева. 

Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен БУУнун Өнүктүрүү программасы менен тыгыз кызматташтыкта түзүлгөн.

***

Баткен облусу боюнча Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн - Кеңештин катчысы Нуржан Шабиева, 0998–878760 

ММК суроолору – Айнагүл Абдрахманова, БУУнун Өнүктүрүү программасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, ainagul.abdrahmanova@undp.org