120 миң сомдон 1 миллион сомго чейин гранттык каражаттарды алгыңыз келеби?

2022-ж., 16-September

Сизде активдүү бизнес же турмушка жарамдуу бизнес-идеяңыз барбы, бирок аны өнүктүрүү үчүн билимиңиз жана каржылык ресурстарыңыз жетишпей жатабы? Анда биз сизге жардам бере алабыз! Бизнес акселератор John Galt Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын тургундары үчүн бизнес долбоорлордун сынагын жарыялайт. Эгер сиз бул аймактарда жашасаңыз, анда сөзсүз түрдө арыз тапшырыңыз (арызга шилтеме төмөндө). 

 

Катышуу талаптары:

  • жашыңыз 18ден 35ке чейин;
  • сиз жаңы баштаган же учурда иштеп жаткан ишкерсиз, кошумча каржылоого муктажсыз;
  • сиз Баткен, Жалал-Абад же Ош облусунда жашайсыз;
  • сиз долбоорго катышууга, инвестиция тартууга жана бизнесиңизди өнүктүрүүгө кызыкдарсыз.

 

Тандалган катышуучулар:

  • ишкердик жана финансылык менеджмент боюнча онлайн тренингдерди өтүшөт;
  • бизнес долбоорлорун жыйынтыкташат жана аларды презентациялашат;
  • 120 миң сомдон 1 миллион сомго чейин гранттык каражаттарды ала алышат;
  • тажрыйбалуу бизнесмендерден жана финансисттерден бүткүл кызматташуу бою (1 жылга чейин) консультациялык колдоо алышат.

 

Кантип көбүрөөк маалымат алса болот?

26-сентябрдан 5-октябрга чейин John Galt эксперттери төмөнкү жерлерге кызыккандардын бардыгы менен маалыматтык жолугушууларды өткөрүшөт:

  • Ош облусу – Ош, Кара-Суу, Гүлчө, Ноокат, Араван, Өзгөн.
  • Жалал-Абад облусу – Жалал-Абад, Кербен, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Сузак, Майлуу-Суу, Базар-Коргон.
  • Баткен облусу – Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана.

Жолугушуунун өтө турган күндөрү жана убактысы John Galt социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланат. Тизмеден сизге эң жакын жайгашкан жерди издеп, кошулуңуз!

Тандоого катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу арыз толтурсаңыз болот

John Galt социалдык тармактарда: Instagram, Facebook

Суроолор боюнча байланыш телефондору: +996 (707) 777 455

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2022-жылдын 15-октябрына чейин.

Бизнес акселератор Россия Федерациясы каржылаган БУУӨПтүн «Кыргыз республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында covid-19дун залалдуу кесепеттеринен социалдык-экономикалык калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Сынак буга чейин 2018, 2019 жана 2021-жылдары ишке ашырылып келген «Жаңырейшн» демилгесинин уландысы болуп саналат. Биринчи этапта демилге ишкердикке кызыккан жана бизнести пландоо, критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрү жана коммуникация боюнча кошумча билим алгысы келген жаштарды аныктоо максатында арыздарды чогултууну жана Кыргыз Республикасынын аймактарына сапарларды камтыйт. Экинчи этапта чогултулган арыздар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралат жана бизнес долбоорлору тандалган катышуучулар негизги каржы жана бизнести башкаруу боюнча акселерацияга чейинки окуудан өтүшөт. Тренингден кийин камтылган материалдар боюнча тестирлөө жана бизнес-идеяларды жакшыраак түшүнүү үчүн катышуучулардын ар бири менен жеке телефон чалуулар жүргүзүлөт. 

Андан кийин түз акселерация этабы уланып, анда 60 адам 4 күн бою финансылык менеджмент, жаңы чөйрө табуу боюнча ж.б. тереңдетилген окуудан өтүшөт. Акселерация Ысык-Көлдө ololoAkJol коворкинг-резортунда өтөт. Бизнес-долбоорлордун бет ачарынан кийинки акыркы күнү бизнесин өнүктүрүү үчүн гранттык каржылоо ала турган катышуучулар аныкталат.