Эл адвокаттын кызматын мамлекеттин эсебинен акысыз колдоно алат

2022-ж., 24-June
Press tour to SGLA center

Press tour to SGLA center

Nurzhan Alymkanova

23-июнь, Бишкек - “Мамлекет акысыз юридикалык жардам көрсөтөөрүн ар бир кыргызстандык билиши зарыл. Адам өз укугун билип, өз укугун коргоп, укуктарын пайдаланып, башканын укугун бузбаса,  өз жашоосун жакшыртат, укугун билген муунду тарбиялайт, ошол эле учурда чыныгы укуктук мамлекет курууга салымын кошот” - деп Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков журналисттер үчүн уюштурулган пресс-тур учурунда билдирди.  

Пресс-тур 22-июнда уюмдун кеңсесинде өтүп, журналисттерге акысыз укуктук жардамды кимдер,  кайдан ала алаары, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун иштөө принциптери тууралуу кеңири маалымдалды. 

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) "Акысыз адвокат" программасынын автору Матиева Мунаранын айтымында, бул көрсөтүүгө 50 мүнөттүн ичинде 500дөн ашуун адам укукка байланышкан суроолорун Whatsapp аркылуу жөнөтүшөт –“Алар алимент өндүрүү, мүлк бөлүштүрүү, жер жана башка үй-бүлөөлүк маселеге байланышкан. Юристтер аларга жооп берип жетишпей калат. Бул нерсе укуктук телекөрсөтүүлөр эл ичинде популярдуу экенин, ошол эле учурда элде укуктук көйгөй көп экенин дагы бир ирет тастыктайт”- деп белгиледи Матиева.

Борбор менен журналисттер мындан ары тыгыз иштешүү, маалымат алмашуу, көрүүчүлөрдүн юридикалык суроолоруна кечиктирбей жооп берүү үчүн адвокаттарды тартуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Карапайым эл адвокаттын кызматын, мамлекеттин эсебинен акысыз колдонууга болоорун калкка тынбай жеткирип туруш керек. Адамдын жашоосун жакшыртууда маалымат негизги ролду ойнойт” – дейт УТРКнын  “Биринчи радиосунун” продюсери Таалайгуль Сыдыкбекова.

Иш-чарада төмөндөгү маалымат каражаттарына жана журналисттерге Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчалар  жана белектер тапшырылды: 

  1. "ПолитКлиника" медиасы
  2. "Марал" телерадиокомпаниясы
  3. "Вечерний Бишкек" басма үйү
  4. Sputnik – Кыргызстан маалымат агенттиги
  5. УТРКнын программалар дирекциясынын директору Байма Сутенова
  6. УТРКнын "Биринчи Радиосунун" продюсери Таалайгүл Сыдыкбекова
  7. УТРКнын "Акысыз адвокат" программасынын автору Мунара Матиева
  8. "ЭлТР" телеканалынын журналисти Бакытбек Сакыбаев

Пресс-тур мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору тарабынан БУУӨПтүн жана Финляндия Өкмөтүнүн «КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосунда  өткөрүлдү.

Пресс турдан ЖМКлар даярдаган материалдар:

Жарандарга кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү уланууда.

Чет элдик жана кыргызстандыктарга акысыз жардамдар берилип жатат.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам

Кыргызстандыктар акысыз юридикалык жардамды колдонбой жатышат

Акчаң жок болсо да, адвокат ала аласың. Кантип?

 

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алуу үчүн шилтеме боюнча көрсөтүлгөн даректер жана телефондор аркылуу акысыз юридикалык жардам борборлоруна кайрылуу шарт: http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-assistance/where-to-get

***

Пресс-турдун фотолору: https://flic.kr/s/aHBqjzVqKw

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси  nurzhan.alymkanova@undp.org