Туризм тармагы мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды берди

2022-ж., 28-April

Бишкек, 28-апрель 2022-жыл – Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын Туризм департаменти менен биргеликте «Соодага жардам» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан саякат туризмдин кошумча нарк чынжырын бекемдөө боюнча иштердин жыйынтыгын чыгарды. Тегерек стол туризм секторунун катышуучуларынын кеңири чөйрөсүн - КАТО Ассоциациясын, Жөө туризм союзун, Хореа Ассоциациясын, транспорттук компанияларды, гиддерди жана башка туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдү - туристтик продуктылардын сапатын, туризм кызматын жакшыртуу жана ошондой эле сектордун экспорттук потенциалын чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн чогултту.

Туризм аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү ролду ойнойт, ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүүгө салым кошот, бул өз кезегинде экономиканын башка тармактарына оң таасирин тийгизет. Бул секторду жашыл жана туруктуу кылуу, ошону менен айлана-чөйрөнү коргоого салым кошуу үчүн дагы пайдаланылбаган потенциал бар. Кыргызстан туристтик ресурстардын кеңири топтомдоруна ээ болгондуктан, жаңы туристтик аймак катары позицияланышы керек. Бирок секторду жандандыруу жана дээрлик эки жылга созулган карантинден улам келип чыккан COVID-19 окуяларынын кесепеттерин жоюу үчүн координацияланган биргелешкен күч-аракет талап кылынат.

«Кыргыз Республикасында туризм тармагы мамлекеттик деңгээлде экономиканын приоритеттүү тармактарынын бири катары таанылган. Туризм департаменти тарабынан өткөн жылы туризм тармагындагы абалды турукташтыруу боюнча иштер аткарылып, Кыргыз Республикасында туризмди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жана пландар  ишке ашырылгандыгын белгилегим келет. Кыйынчылыктарга карабастан, тармак өнөктөштөрдүн биргелешкен аракетинин жардамы менен өнүгүүсүн улантууда. Маалым болгондой, туризм тармагындагы маселелер комплекстүү түрдө чечилет. Келечекте өлкөбүздө туризмди өнүктүрүү максатында өнөктөштөрүбүз менен тыгыз иш алып барабыз деп ишенем”,-деди Кыргыз Республикасынын Туризм департаментинин директору Самат Шатманов.

Соодага көмөктөшүү долбоорунун иши туруктуу туризмдин секторлорунун бири болуп саналган жана саякатчыларга, жергиликтүү тургундарга, маданий мурастарга жана айлана-чөйрөгө кам көрүүчү саякат туризмге багытталган. Долбоор кыргызстандык компаниялардын түрдүү туристтик роудшоуларга, анын ичинде Оман, Бахрейн, Кувейт, Корея, Индия, Улуу Британия жана БАЭде катышуусуна колдоо көрсөткөн. Мындан тышкары, долбоор туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын күчөтүү, жарнамалык иш-чараларды жүргүзүү жана жаңы туристтик продуктыларды түзүү аркылуу секторду колдоого алды.

«Туризм Кыргызстандын туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүсүнө иш орундарын түзүү (өзгөчө аялдарга жана айыл жергесинин калкына) аркылуу олуттуу салым кошо ала турган болсо да, Кыргызстанда бул тармактын дарамети анча чоң эмес. Дал ушул себептен биздин долбоор саякат туризмди максаттуу нарк чынжырларынын бири катары тандап алган. Бул колдоо COVID-19 пандемиясынын туризм секторуна кыйратуучу таасиринин алкагында өзгөчө маанилүү жана зарыл болуп калды. Эки жылдан кийин Долбоор көрүнүктүү натыйжаларга жетишти жана келечектеги кадамдар үчүн баалуу сабактарды алды,” – деп түшүндүрдү БУУӨП долбоорунун координатору Айсулуу Мамбетказиева.

Тегерек столдун жыйынтыгында төмөнкү практикалык сунуштар иштелип чыкты жана сунушталды:

1. Чек арадан өтүү, каттоо жана башка мамлекеттик кызматтар боюнча жарандардын жана туристтердин кайрылууларын электрондук системага өткөрүү;

2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасын өркүндөтүү;

3. Эл аралык авиакомпанияларды Кыргыз Республикасы менен кызматташууга тартуу;

4. Кошумча нарк чынжырлары, мамлекеттик сектор, бизнес, БӨУлар, кызмат көрсөтүүчүлөр ортосундагы байланышты жакшыртуу;

5. Инфраструктураны жакшыртуу жана төмөн пайыздык насыяларды жана гранттарды берүү аркылуу чакан жана орто бизнести колдоо.

Билим берүү тармагы боюнча сунуштар:

1. Жогорку окуу жайларынын студенттерине туризмдин практикалык темаларын көбүрөөк үйрөтүү (тоо жана саякат туризм, активдүү туризм, маданий туризм ж.б.);

2. Туроператорлор менен стажировкаларды өткөрүү жана туризмге насаатчылык программасын киргизүү;

3. Кошумча нарк чынжырынын катышуучулары үчүн мастер-класстар, тажрыйба алмашуу жана ийгиликтүү учурларды адаптациялоо (финансылык сабаттуулук, англис тили, коопсуздук ж.б.) сыяктуу практикалык тренингдерди өткөрүү;

4. Окуу үчүн санариптик чечимдерди (онлайн, оффлайн) колдонуу;

5. Биргелешкен иш-чаралар аркылуу балдарды жана жаштарды жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөтүү.

Экологиялык тармак:

1. Калк арасында экологиялык маданиятты жана экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу;

2. Өзгөчө корголуучу аймактарда жайгашкан турларга өзгөчө мамиле кылуу;

3. Табигый парктардын корукчуларын жана кызматкерлерин туристтик кызматтарды көрсөтүүгө тартуу;

4. Жаңы туристтик продуктыларды түзүү аркылуу мезгилдүүлүктү башкаруу.

  Бул демилге Финляндия өкмөтү тарабынан колдоого алынган Борбор Азиядагы соодага көмөктөшүү долбоорунун алкагында ишке ашырылган.