Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы мыйзам

2021-ж., 31-May

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” (МКЮЖ) Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамынын долбоору жарандарды эми райондук деңгээлде юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү камсыз кылат. Дагы кандай жаңы нерселер киргени жана бул МКЮЖ системасынын ишин канчалык өзгөртө турганы “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” (МКЮЖ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кезектеги отурумунда айтылды. Бул отурумга жарандык коомдун, Конституциялык мыйзам ченемдер, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖны координациялоо боюнча борбордун, КРнын Адвокатурасынын жана Кыргызстандагы БУУӨПтүн өкүлдөрү катышты.

Конституциялык мыйзам ченемдер, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин бөлүмүнүн кызматкери, жумушчу топтун мүчөсү Бейшембек кызы Камила билдиргендей, учурда МКЮЖ жөнүндөгү мыйзам долбоору демилгеленген жана комитеттин биринчи окуусуна киргизилүүгө даярдалууда. “Мыйзамдын өзү көптөн бери иштеп жатат, бирок кылмыш соттук өндүрүш чөйрөсүндө гана. Жаңы мыйзам долбоорунда “үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы”, “киши сатуунун курмандыктары” сыяктуу калктын аярлуу катмарларынын жаңы категориялары белгиленген. Майыптыгы бар адамдар, пенсионерлер жана жашы жете электер категориясы мурда деле бар болчу, бирок, кылмыш иштери боюнча гана. Мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша биз категорияларды өтө так жазып чыктык. Мыйзам долбоору бир жума мурун демилгеленген, комитетте биринчи окууга даярдалууда”, - дейт Бейшембек кызы Камила.

КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ боюнча координациялоо борборунун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова белгилегендей, иштеп жаткан мыйзамда эки түрдөгү юридикалык жардам берүү каралган: юридикалык кеңеш берүү түрүндѳгү баштапкы жардам, жана экинчиси – адвокаттардын жазык, жарандык жана административдик сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо жана жактоодо квалификациялуу жардам кѳрсѳтүшү. Мамлекеттик каржылоо юридикалык жардамдын экинчи түрүнѳ гана берилет. Ал эми жаңы мыйзам боюнча, адвокаттардын кызмат көрсөтүүсүнө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү көбөйөт.

Тегерек столдо айтылгандай, кыска мөөнөттө практика мыйзамдын натыйжалуу ишке ашышына жолтоо болуучу мыйзам нормаларындагы айрым кемчиликтерди таап чыкты. Алар жардам алууга муктаж жактардын чөйрөсүн аныктоо, аны аткаруу жол-жоболоруна, ошондой эле МКЮЖ тутумунун субъекттеринин, атап айтканда, укук коргоо жана сот органдары менен жазык иштеринин алкагында өз ара аракеттенүүсүнѳ байланышкан маселелерге тиешелүү.

“Жарандык жана административдик иштер боюнча юридикалык жардам көрсөтүү механизми жөнүндө маселелер өзүнчө турат, анткени негизги басым кылмыш иштерине коюлууда. Бул тажрыйбаны талдоонун жыйынтыгында, биз алгач бул мыйзамга түзѳтүү, өзгөртүүлѳрдү киргизүүнү сунуштадык. Бул өзгөртүүлөр ушул Мыйзамдын беренелеринин жана ченемдеринин 50 пайыздан ашыгын түзгѳндүктѳн, ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү мыйзамдын негизинде, мындай учурда мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгышы керек. Ошондуктан, жумушчу топ түзѳтүүлѳрдү киргизгендин ордуна, жаңы долбоорду иштеп чыгууну чечти, анда негизги басым жарандык жана административдик иштер боюнча жардам көрсөтүүнү жөнгө салууга коюлган” - дейт МКЮЖ Борбордук Комитетинин директору Акжол Калбеков.

Жаңы мыйзам мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын натыйжалуулугун арттырат деп күтүлүүдө. КРнын Адвокаттар кеңешинин мүчөсү, Чүй облустук адвокатуранын төрайымы Айзана Ниязалиева белгилеп кеткендей, адвокат жалдоого каражаты жок (бир айлык кирешеси 8750 сомдон ашпаган) ар бир жарандын мындай жардам алууга укугу бар.

“Жарандык коом институту катары адвокатура биринчи кезекте жарандардын кызыкчылыгын коргойт. Андан сырткары, Конституцияга ылайык, ар бир адам квалификациялык юридикалык жардам алууга укуктуу. Жана бул МКЮЖ тууралуу Мыйзамдын алкагында адвокаттар тарабынан ишке ашырылат”, - дейт Айзана Ниязалиева.

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” (МКЮЖ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ 2019-жылдын 14-майында Конституциялык мыйзам ченемдер, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими менен түзүлгөн. БУУӨП бул демилгени БУУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун алкагында колдойт.

https://flic.kr/s/aHsmVVBWjz  

***

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, коммуникациялар адиси. nurzhan.alymkanova@undp.org