Ландшафттык байланыш: Батыш Тянь-Шанда туруктуу биотүрдүүлүктү сактоонун ачкычы

2023-ж., 23-October

 

Батыш Тянь-Шань биотүрдүүлүктүн 34 глобалдык очокторунун бири жана дүйнөдөгү 200 артыкчылыктуу экоаймактардын тизмесине кирет. Бул аймак уникалдуу табигый жаңгак-мөмө токойлору жана эндемикалык, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлардын кеңири түрлөрү менен айырмаланат. Алардын арасында өлкөнүн Кызыл китебине кирген флоранын 54 түрү жана фаунанын 27 түрү кездешет. Бул тизмеде тоо чокуларынын жашоочусу – ак илбирс да бар. Аталган аймактын ар бир түрү жашоону колдоодо, абаны тазалоодо, ресурстар менен камсыздоодо, экологиялык тең салмактуулукту сактоодо жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууда маанилүү ролду ойнойт.

Бирок, акыркы жылдары Батыш Тянь-Шань адамдын иш-аракетинен жана табигый өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан бир катар көйгөйлөргө туш болууда. Малды ченемсиз жаюу, токойлорду жана жайыттарды ысырап колдонуу жана ресурстарды пайдаланууда тиешелүү эрежелердин бузулушу токойлордун табигый жаңылануусунун жайлашына алып келип, токойлордун келечегине коркунуч жаратууда. Малдын санынын өсүшү, табигый экосистемалардын бузулушу жана мыйзамсыз мергенчилик ак илбирстин тоют базасын түзгөн аркар жана тоо эчкилери сыяктуу жапайы туяктуу жаныбарлардын санынын азайышына себеп болууда. Бул жаратылыш байлыктарды сактоо максатында мамлекет тарабынан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын – коруктарды, жаратылыш парктарды жана заказниктерди – кеңейтүүгө багытталган бир катар иш-чаралар жасалууда. Алсак, Батыш Тянь-Шанда эле 4 мамлекеттик корук, 17 заказник жана 3 жаратылыш паркы, анын ичинде жаңыдан түзүлгөн Кан-Ачуу жана Алатай мамлекеттик жаратылыш парктары да бар.

Арийне, табигат жасалма чек араны тааныбайт эмеспи. Ошондуктан, биотүрдүүлүктү сактоо жана жерди жана токойду туруктуу пайдаланууну камсыздоо үчүн, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жаратылышты коргоо чордону же кеңири ландшафттын алкагындагы өзөктүк зона катары кабыл алып, кеңири  аймактарды коргоого алуу шарт.  Мындай комплекстүү ыкма ак илбирс сыяктуу кеңири жашоо чөйрөсү менен белгилүү болгон түрлөр үчүн өзгөчө маанилүү. Белгилеп кетсек, ак илбирс индикатордук түр болуу менен тоо экосистемасынын «саламаттыгын» аныктоодо негизги ролду ойнойт. Мындай интеграцияланган башкаруу стратегиясы жергиликтүү калктын кызыкчылыгы менен катар жаратылыш ресурстарын башкарууда алдыңкы эл аралык тажрыйбанын айкалышын камсыздап, өзгөчө корголуучу аймактарды бири-бири менен байланыштыруучу экокоридорлорду жана буфердик зоналарды, ошондой эле токойду жана жерди туруктуу пайдаланууну кылдат пландаштырууну  камтыйт.  

Кыргызстандагы БУУӨПтүн ишмердүүлүгү жаратылыш экосистемаларын жана ресурстарын туруктуу башкаруу, биотүрдүүлүктү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүдө иш-аракеттерди колдоого багытталган. Бул тармакта олуттуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн БУУӨП/ГЭФтин «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо» долбоорунун алкагында маанилүү шарттар түзүлүп, алардын арасында ӨКЖА тармагын бекемдөөгө жана жаңы түзүлгөн ӨКЖАлардын дараметин жогорулатууга багытталган демилгелер ишке ашты. Биотүрдүүлүктү сактоо принциптери аймактардын өнүгүү жана тармакты башкаруу пландарына киргизилген. Бул колдоонун аркасында экотуризмди, аарычылыкты өнүктүрүү, ошондой эле браконьерликке каршы күрөшүү үчүн ӨКЖА менен жергиликтүү калктын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. 

Жогоруда белгилеп кеткендей, жапайы жаныбарлардын миграциясы үчүн ландшафттардын байланышын камсыз кылуу максатында буфердик зоналарды жана экокоридорлорду түзүү зарыл. Ушуга байланыштуу, бүгүнкү күндө БУУӨПтүн колдоосу менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы ӨКЖА жана биотүрдүүлүктү сактоо департаменти Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын катышуусу менен Батыш Тянь-Шандын Чаткал кырка тоосунда жалпы аянты 63 миң га экологиялык коридорду уюштуруу боюнча иш-чараларды аткарууда. Бул экокоридор Батыш Тянь-Шандын үч ӨКЖАсын – Алатайды, Сары-Челекти жана Падыша-Атаны бириктирет жана ушундай жол менен жапайы жаныбарлардын көбөйүү мезгилинде табигый миграциясын жеңилдетет. Бул аймактан ак илбирс, сүлөөсүн, аюу, суусар, бугу-марал, шумкар, бүркүт, ителги, көк жору, таз кара жана башка ушул сыяктуу сейрек кездешкен жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын жана канаттуулардын көптөгөн түрлөрүн кездештирүүгө болот.  

 

 

 

Мындай масштабдуу экологиялык коридорду түзүү боюнча аткарылып жаткан ишти биотүрдүүлүктү сактоо максатын аркалоодо барандуу мүмкүнчүлүк катары кабыл алууга болот.  Экокоридорлор жана буфердик зоналар аркылуу экологиялык байланышты сактоо биотүрдүүлүктүн кеңейишине жардам берет жана генетикалык ар түрдүүлүктү сактоо менен ӨКЖАнын ортосунда түрлөрдүн тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуунун эң маанилүү жолдорунун бири  болуп эсептелет.

 

 

Үмүт Жолдошова

БУУӨП Кыргызстан

БУУӨП/ГЭФтин «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо» долбоорунун координатору