Коррупцияга каршы мыйзамдарды санариптик окутуу: мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы инструмент

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы БУУӨПтүн колдоосу менен мамлекеттик кызматкерлерди коррупцияга каршы мыйзамдар боюнча системалуу окутууга багытталган санариптик платформаны иштеп чыкты. Платформа учурда прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн ишке киргизилүүдө. Кийинки этапта аны Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу пландалууда.

2026-ж., 6-October
Blue banner with Russian text about anti-corruption education; US flag and badge icons at top.

Платформа Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, БУУӨП жана АКШнын Элчилигинин үч жылдык өнөктөштүгүнүн алкагында түзүлүп, Башкы прокуратуранын серверлеринде жайгаштырылды. Ал окутуунун толук циклин камтыйт: окуу материалдары жана видеолекциялар, модулдарды ырааттуу өздөштүрүү, билимди текшерүү жана сертификаттарды автоматтык түрдө берүү. 

Курс 13 негизги тема боюнча 10 модулдан турат. Анда мамлекеттик коррупцияга каршы саясат жана мыйзамдардан тартып коррупциянын алдын алуунун практикалык жана санариптик инструменттерине чейинки маселелер камтылган. Материалдар кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү болуп, 24 видеолекцияны, үн коштолгон 80 презентацияны жана 660 тесттик суроодон турган топтомду камтыйт. 

Dashboard with six blue KPI tiles showing numbers 10, 2, 24, 80, 660, 1 and Russian labels.

Окутуу ырааттуу принципте уюштурулган: кийинки материал мурунку материал аяктагандан кийин гана жеткиликтүү болот. Модулдардын ортосунда өтүү үчүн катышуучу туура жооптордун кеминде 80 пайызын топтошу керек. Бардык 10 модулду ийгиликтүү аяктагандан кийин система уникалдуу QR-коду бар сертификатты автоматтык түрдө түзөт. QR-код сертификаттын аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берет. 

Курстун мазмуну колдонуудагы коррупцияга каршы мыйзамдардын негизинде даярдалган. Окуу материалдары ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Мамлекеттик башкаруу академиясына пикир алуу үчүн сунушталган. 

«Платформанын негизги максаты — мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга каршы мыйзамдар жаатындагы потенциалын жогорулатуу. Биз методикалык бөлүгүн биргелешип иштеп чыктык жана платформанын мазмуну акыркы кабыл алынган мыйзамдарга жана мыйзам алдындагы актыларга шайкеш келет. Эми мамлекеттик кызматкерлер алган билимдерин күнүмдүк ишинде колдонушу үчүн платформаны системалуу пайдаланууну камсыз кылуу маанилүү», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Залкар Акназаров. 

Окутуунун биринчи этабы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлерин камтыйт. Кийинчерээк платформаны Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу масштабдоо жана мамлекеттик кызматкерлердин 30 пайызына чейин окутуу пландалууда. 

Woman in dark blazer speaks at podium; blue banners and equipment in background.

Айнура Молдобаева, платформаны иштеп чыккан компаниянын жетекчиси

БУУӨП Кыргызстан

«Биз окуу материалдарын, видеолекцияларды, тестирлөөнү жана сертификаттарды автоматтык түрдө берүүнү бириктирген толук кандуу онлайн-окутуу системасын түздүк. Платформа колдонууга даяр жана көп сандагы угуучуларды камтуу үчүн кеңейтилиши мүмкүн», — деди платформаны иштеп чыккан компаниянын жетекчиси Айнура Молдобаева. 

Жаңы платформа коррупцияга каршы окутууну өзүнчө өткөрүлүүчү иш-чаралардын форматынан мамлекеттик деңгээлде үзгүлтүксүз колдонууга жана масштабдоого мүмкүн болгон системалуу санариптик процесске өткөрөт. 

Бул иш коррупциянын алдын алуу жаатындагы кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган кеңири чаралардын комплексин толуктайт. Долбоордун алкагында «Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү» багыты боюнча 120 сааттык магистрдик программа иштелип чыгып, аны 17 адис аяктаган; 500дөн ашуун мамлекеттик органдардын жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү маалыматка жетүү маселелери боюнча окуудан өткөн; 72 адис ченем жаратуучулук ишмердигинде коррупциянын алдын алуу боюнча окутуудан өткөн; коррупциянын алдын алуу боюнча 37 ыйгарым укуктуу кызматкер үч айлык Коррупцияга каршы мектепти аяктаган; сот тутумунун, прокуратуранын, адвокатуранын жана мамлекеттик органдардын 200дөн ашуун өкүлү адистештирилген окутуу иш-чараларына катышкан. 

Өнөктөштүктүн алкагында ошондой эле окуу сапарлары өткөрүлүп, маалыматтык жана усулдук материалдар иштелип чыгып, коррупцияга каршы маалыматтык саясатты жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлгөн. Айрым демилгелер маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жогорулатууга, жарандардын укуктарын коргоого, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана жаштарды коомдук процесстерге тартууга багытталган. 

Биргелешкен иш Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын, 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны жана Туруктуу өнүгүү максатынын 16-«Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар» максатын ишке ашырууга көмөктөшөт. 

Долбоор АКШнын Элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана БУУӨП менен өнөктөштүктө ишке ашырылды.