Биринчи кезекте – адам

Айдана Абдылдаева, дарыгер-эксперт, медициналык-социалдык экспертиза тутумуна дарыгер катары эмес, пациент катары күтүүсүздөн келген. Ал күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна барган. Баарлашуу учурунда адистер анын жогорку медициналык билими бар экенин билип, ага жумуш сунушташкан. Ал кезде Айдана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө болчу; үй-бүлөсү менен кеңешип, өзүн жаңы тармакта сынап көрүүнү чечкен.

2026-ж., 10-July
Professional woman sits at conference table with folded hands, wearing a blue blazer.

Кокустуктан башталган иш убакыттын өтүшү менен анын кесибине айланган.  

“Бул жумуш оңой эмес жана чоң эмоционалдык берилгендикти талап кылат. Бирок адамдардын ыраазычылыгы жана сен жардам бере алганыңды түшүнүү, өзгөчө баалуулук берет”. 

Айдана өзүнүн жеке тажрыйбасын чектөө катары эмес, өзгөчө сезимталдыктын булагы катары эсептейт. 

“Майыптыгы бар адам катары, бизге кайрылган адамдардын тынчсызданууларын жана кыйынчылыктарын жакшы түшүнөм”. 

Ал үчүн эң оор кесиптик сыноолордун бири – эркиндигинен ажыратуу жайларында жаткан адамдарга медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү болгон. Башында бул иш ички чыңалууну жараткан — жабык типтеги мекемелер көнүмүш эмес жана психологиялык жактан оор сезилген. Бирок убакыттын өтүшү менен башкача түшүнүк келген. 

“Биринчи кезекте, алар дагы медициналык жана социалдык жардамга укуктуу адамдар. Биздин милдет – адамдын жашоо жагдайларына карабастан, анын ден соолугунун абалын объективдүү баалоо”. 

Эркиндигинен ажыратуу жайларында медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү чоң практикалык мааниге ээ. Майыптыкты белгилөө адамдын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн эске алууга, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда зарыл болгон дарылоону, медициналык көзөмөлдү жана колдоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Боштондукка чыккандан кийин, бул ошондой эле өз убагында социалдык төлөмдөрдү алууга, реабилитациядан өтүүгө жана мыйзамда каралган башка мамлекеттик колдоо чараларынан пайдаланууга шарт түзөт. Көптөгөн адамдар үчүн бул толук кандуу жашоого кайтуу жолунда маанилүү таяныч болуп калат. 

 

Кыргыз Республикасы БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялап жана «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашыруу менен, 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү программасында белгиленген улуттук артыкчылыктардын нугунда майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо тутумун ырааттуу түрдө бекемдеп келет. БУУӨП Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жана Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна бул милдеттенмелерди аткарууда мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик институттардын потенциалын чыңдоо жана адистердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу көмөк көрсөтөт. 

Айдананын өзү үчүн бул жөн гана иш эмес. 

“Адамдар үчүн бул алардын укуктары жашоо жагдайларына карабастан сакталарын тастыктоо. Тутум үчүн – бул гумандуу жана адилеттүү мамилеге карай кадам. Ал эми мен үчүн – маанилүү кесиптик жана турмуштук сабак: ал адамдарга карата урмат-сый менен мамиле кылуунун баалуулугун жана иште объективдүүлүктү жана адамгерчиликти сактоонун зарылдыгын терең түшүнүүгө жардам берди”. 

Ар бир медициналык корутундунун артында адам турат жана адилеттүү тутум анын кадыр-баркын урматтоодон башталат. 

Бул материал БУУӨПтүн жана Финляндиянын ТИМинин “Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүктү күчөтүү” долбоорунун алкагында даярдалды.