Назгүл Маматова жана Алайдын усталары
2025-ж., 5-September
Назгүл Маматова
Назгүл Маматова — тигүү буюмдарынын инженер-технологу, ОшТУнун 2005-жылдын бүтүрүүчүсү. Анын устачылык жолу кичинекей кезинен башталган: ошол учурда аймакка көптөгөн долбоорлор келип, аялдарды тренингдерге жана мастер-класстарга чакырышкан. Назгүл бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок. Адистиги боюнча ал мурдатан эле бул ишке жакын болгон, ал эми практикалык сабактар аны бул устачылык — анын жолу экенине акыркы ирешимге келтирген.
Назгүл Ош облусунда, Алай районунда, Гүлчө айылында жашайт. Ал беш баланын энеси. Жолдошу убактылуу Россияда эмгектенет. Бардык кесиптик жана үй-тиричилик жумуштарына карабастан, Назгүл өзүн көрсөтө алган жана бүгүнкү күндө ал «Алай ишкер айымдары» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору болуп эсептелет. Назгүлдүн жетекчилиги астында 35 аял дайыма иштешет.
Алар кийизден буюмдарды жасашат: шырдактар, тапочкалар, отургучтар, автого арналган этнокомплекттер, сумкалар, рюкзактар, оюнчуктар.
Назгүл жана анын командасы үчүн БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунда катышуунун эң баалуу тажрыйбасы окуу түрү жана тажрыйба алмашуу болгон. Бул тажрыйба алмашуунун артынан кол өнөрчүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрүштү: башка аймактар менен өнөктөштүк түзүп, алардан сувенир буюмдарын сатып алууну чечти, ал эми өздөрү ири буюмдардын — шырдактар менен сумкалардын массалык өндүрүшүнө көңүл бурушту. Ошентип Бишкек – Каракол – Ош кызматташуу чынжыры пайда болгон. Назгүлдүн айтуусунда, бул чоң өз ара өнөктөштүк тармагынын башталышы: «Биз алардан продукция алабыз, алар бизден. Биргеликте биз күчтүүбүз».
Бүгүн Назгүл кол өнөрчүүлөр тобун өнүктүрүүгө пландар түзүүдө: моделдерди жаңылоо, продукциянын жаңы түрлөрүн чыгаруу. Аларга жаңы идеялар менен жаш аялдар кошулуп, тажрыйбалуу кол өнөрчүүлөр аларды кубаныч менен үйрөтүп жатышат.
«Кыргыз аялдарынын канында кол өнөрчүүлүк бар. Эң негизгиси — каалоо жана өз көндүмдөрүн өнүктүрүү. Эгер бир нерсени билбесең — үйрөн, уялба. Ачык болуу маанилүү: каржылык сабаттуулукту үйрөнүү, өнөктөштүк түзүү, интернетти колдонуу, мода жана тренддерди көз салып туруу. Эң негизгиси — өз продуктуңду баалоо. Биз экологиялык таза буюмдарды жасайбыз, алар ден соолук үчүн да, жаратылыш үчүн да пайдалуу», — дейт Назгүл.
БУУӨП Кыргызстанда кол өнөрчүүлөрдү өнүктүрүү үчүн күчтүү платформа түзгөн. Демилгенин алкагында 4 кичи жана орто бизнес ишканасы, 40дан ашык кол өнөрчүүлөрдү камтыган 7 кол өнөрчүүлөр тобу жана 2 кол өнөрчүүлөр ассоциацияларын бириктирди.
БУУӨП кол өнөрчүүлүктү колдоо аркылуу аялдардын ишкердигине олуттуу салым кошуп, аялдар үчүн жумуш орундарын түзүп келет, алардын басымдуулулугу мурда туруктуу кирешеси жок болгон.
Кол өнөрчүлүк топтор жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүнүн катализаторлоруна айланып, салттуу көндүмдөрдү сактап, аларды заманбап базар талаптарына ылайыкташтырып жатышат. 28 кол өнөрчү окуу турларынан өтүп, өз продукцияларын туризмге жана экспортко интеграциялоонун мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүштү. Катышуучулар продукцияны жайылтуунун заманбап куралдарын, анын ичинде e-commerce жана digital-маркетингди, ошондой эле ишкерчиликтин негиздерин, баа коюуну жана каржылык сабаттуулукту үйрөнүштү.