Кыргызстандагы БУУӨП

Өнөктөштүктөр

БИЗДИН ӨНӨКТӨШТҮКТӨР 

БУУнун Өнүктүрүү программасы улуттук жана эл аралык бардык кызыкдар тараптар менен өнүгүү боюнча өнөктөштүктү жигердүү өнүктүрүүдө. Биз өнүгүү циклинин бардык этаптарында – программаны иштеп чыгуудан баштап, ишке ашырууга, карап чыгууга жана кайра карап чыгууга чейин, таасирди баалоого чейин чогуу иштейбиз. 

Кыргызстандын Өкмөтү БУУнун Өнүктүрүү программасынын бардык иш-чараларында эң маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Биз реформаларды өркүндөтүү, жаңы стратегияларды иштеп чыгуу, инклюзивдик экономикалык өсүштү алга жылдыруу жана бардыгы үчүн туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө көмөктөшүү үчүн негизги мамлекеттик органдар жана институттар менен тыгыз кызматташабыз. 

БУУнун Өнүктүрүү программасынын жарандык коом – бейөкмөт уюмдар, академиялык чөйрө, маалымат каражаттары менен кызматташуусу улуттук артыкчылыктарды жана өнүгүү баалуулуктарын бирдиктүү түшүнүүгө негизделген. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жеке сектор менен иштешебиз. 

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы иш-аракеттери жана кызматташуусу биздин БУУнун башка агенттиктерине, донорлорго жана башка көп тараптуу жана эки тараптуу өнүктүрүү өнөктөштөрүнө жайылтылат.