Жергиликтүү тургундарды жана жарандык коомду шаардын жашоосуна активдүү тартуу чыр-чатактардын алдын алуу жаатында көрүнүктүү натыйжаларды берүүдө

2024-ж., 14-February

Opening of the Balykchy Community Prevention Center

UNDP Kyrgyzstan

Ысык-Көл облусунда жайгашкан жана калкынын саны 53 000ге жакын Балыкчы шаарынын жашоосуна жергиликтүү тургундарды жана жарандык коомду активдүү тартуу чыр-чатактардын алдын алуу ишинде олуттуу оң натыйжаларды берүүдө.

Милициянын капитаны жана Балыкчы ОИИБдин Улук участкалык кызматкери Байбосунов Урмат укук коргоо органдары менен коомдук алдын алуу борборлорунун биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилейт. Бул кызматташтыктын натыйжасында участкалык инспекторлор, аксакалдар соту, аялдар комитети Балыкчы шаарында чыр-чатактардын жана укук бузуулардын алдын алуу үчүн маалыматтык-түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чараларды активдүү жүргүзүп жатат.

"Жергиликтүү коомчулук азыр өздөрүнүн жыргалчылыгына жана коопсуздугуна тиешелүү маселелерди алдын алууда жана чечүүдө активдүү болуп калганы байкалат. Буга чейин тургундар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен иштешүүгө кызыкдар эмес болчу. Бирок, КАБдын ишинин аркасында бул стереотип жеңилген. Буга чейин тургундар көптөгөн стереотиптерден жана ишенбөөчүлүктөн улам жардам издөөгө же укук коргоо органдары менен кызматташууга кызыкдар эмес болчу.

КАБдын аркасында этникалык айырмачылыктардын негизинде келип чыккан түшүнбөстүктөр жоюлду. Диний лидерлер ошондой эле жаңжалга чейинки кырдаалды жөнгө салууга активдүү катышып, алардын улуттук же диний негиздеги чыр-чатактардын күчөшүнө жол бербейт" – деп Урмат Байбосунов белгиледи.

Коомдук алдын алуу борборунун ишинин башталышы менен кылмыштуулукту азайганы байкалууда, мисалы 2022 - жылы Балыкчы шаары боюнча 1727 кылмыш катталган, ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 1356 кылмышты түздү, бул алдын алуу өз убагында жүргүзүлүп жатканын, бирок муну менен бирге үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын каттоо көбөйгөнүн билдирет – бул мурда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталбагандыгына байланыштуу, жабыр тарткандар укук коргоо органдарына көп кайрылбагандыгына байланыштуу болчу. Ал эми азыр жагдай өзгөрдү, Балыкчы шаарында 6 коомдук алдын алуу борбору иштеп жатат.

КАБдын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу үчүн ар кандай маалыматтык жолугушуулар, семинарлар өткөрүлөт, мисалы 2023-жылы БУУӨПтүн колдоосу менен "Радикалдашуу белгилерине жооп катары адамдарга, үй-бүлөлөргө жана жамааттарга консультациялык иштин жана насаатчылыктын маанилүүлүгү" семинары өткөрүлгөн, анда радикалдашуу белгилерине жооп катары жамааттарда коомчулуктун жана консультативдик иштин ролу жөнүндө айтылган. Семинарга КАБдын мүчөлөрү жана жамааттын лидерлери катышып, алар өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө жана ыйгарым укуктарына, кадыр-баркына жана коомчулук таануусуна байланыштуу укук бузуулардын жана зомбулуктун алдын алуу боюнча тигил же бул жол менен агартуучулук, маалыматтык иштерди жүргүзүшөт.

Буга мисал катары жолдош капитан милициянын улук лейтенанты Амантур Бакировдун "Каармандык" медалы менен сыйланган баатырдык жоругун да келтирди.

Эскерте кетсек, кырсык 2024-жылдын 8-январында Балыкчы шаарында болгон. 10 жана 12 жаштагы балдар жука муз катмары менен капталган көлмөгө чөгүп башташкан. Болуп жаткан окуялар жөнүндө Балыкчы шаарынын ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түштү. Бул кризистик кырдаалдарда, биринчи кезекте, милицияга чалып жаткандыгынан кабар берет. Участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдүн өз убагындагы, сабаттуу жана жан аябас иш-аракеттеринин аркасында кырдаал жакшы чечилди. Балдар жабыркаган жок. Белгилей кетсек, бул Амантур Бакировдун биринчи эр жүрөктүүлүгү эмес, буга чейин да бир кызды суудан сактап калган.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн активдүү ишке тартуу кайгылуу кесепеттерди болтурбоодо чечүүчү ролду ойногону анык.

"Балыкчы коомдун ар кыл деңгээлдеринин ортосунда ийгиликтүү кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн үлгүсү болуп калганын сыймыктануу менен белгилеп кетким келет. Мындай ийгиликтүү иштер гармониялуу жана коопсуз коомду түзүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешет".

***

Макала БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган Кыргызстандагы БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жалпы иденттүүлүк” долбоорунун алкагында даярдалды.