Үй ашпозчусунан бизнес-ледиге карай

2022-ж., 30-August

Биз бенефициарларыбыздын социалдык биримдик, тынчтык жана туруктуу өнүгүү үчүн жаштарды жана ишкердикти колдоо боюнча долбоорлорубузга катышкандан эки жыл өткөндөн кийинки ийгиликтерине кубанычтабыз. Алыскы аймактарда аялдарга экономикалык туруктуулукту кармап туруу оңой эмес, бирок биздин каарманыбыз Жанара Лапазова ийгиликке жете алды.

 

Кантип башталган?

Менин атым Жанара Лапазова. Мен Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында туулуп-өскөм. Кичинемден баштап эле мени максатка умтулган, өзүнө ишенген кыз кылып тарбиялашты. Мен тамак жасаганды жакшы көрөм, өзгөчө ундан жасалган тамактар жагат. Бул чыныгы чыгармачылык, камырдан түрдүү сонун жана даамдуу тамактарды жасоого болот. Туугандар, коноктор мен жасаган тамактарды дайыма мактап, жаңы рецепттеримди ырахаттануу менен татып көрүп, кафенин тамактарына караганда даамдуу экенин айтышчу. Мына ошондо мага идея келди: өзүм кафе ачып, Кербен шаарынын тургундарына өз колум менен жасалган тамактардан даам таттыруу.

Айтылды – аткарылды: 2018-жылдын июнь айында өз кафемди ачтым. Кардарлардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатты, аларга өзгөчө 5 түрдүү даярдаган чүчпарам жакты. Бирок ижара акысынын кымбаттыгы жана өндүрүштүк чыгымдардын көптүгүнөн улам кафе жакшы киреше алып келбей, аны жабууга туура келди. Ошентсе да мен өзүм сүйгөн иш менен алектене бердим. Үйдө чүчпара жасап, аны тоңдуруп, жарым фабрикат түрүндө сатууга аракет кылдым. Чүчпараны өзүм жалгыз жасап, айына 450 граммдык таңгактан 200дөй сатчумун. Бул көңүл бурууну жана чыдамкайлыкты талап кылган татаал кол жумушу эле. Кээде бул иштин келечегинен үмүт үзүп, таштап салууну да ойлочумун, анткени атайын ашкана жабдууларынын жоктугунан жана кичинекей тоңдургуч менен көбүрөөк продукция даярдоого мүмкүн эмес болчу. Анын баарын сатып алууга көп акча керек, а менде анча акча жок болчу.

2020-жылдын ноябрь айында мен БУУӨПтүн элеттик ишкерлерди колдоо программасы жөнүндө жарыяны көрүп калдым. Программада ишкердиктин негиздери боюнча окутуу жана гранттык колдоо камтылыптыр. Жолдошум менен кеңешип, анкета толтуруп, арыз таштоону чечтик. Элдердин долбоор жазып, грант утуп алышканын укчумун, бирок мага ал ишке ашпаган нерседей сезилчү. Бирок керемет болуп кетти: 2021-жылдын апрель айында менин арызым кабыл алынганын, гранттык жардам алуу үчүн долбоорду коргошум керектигин айтып тренингге чакырышты. Мен ишене албай, чын элеби деп күмөн да санадым.

Аябай керектүү колдоо

Тренинг 5 күнгө созулду. Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде мен өзүм сыяктуу өз максаттарына жетүүнү кыялданган программанын башка да катышуучулары менен тааныштым. Мен үчүн бул тренинг өтө маанилүү эле, анткени анда бизге бизнестин негиздерин үйрөтүштү. Мындан тышкары Данияр Аманалиев өңдүү спикерлердин сөзүн угуп, алдыга умтулууга, артка чегинбөөгө күчтүү түрткү алдым. Мен өзүмдүн долбоорумду сунуштап БУУӨПтүн грантын ала алдым. Жардам мен бизнес-арызда сурагандай жабдуулар: 2 тоңдургуч жана камыр аралаштыргыч түрүндө берилди. Мен аябай кубандым, анткени дал ушул жабдуулардын жоктугунан улам өндүрүштүн көлөмүн көбөйтө алган эмесмин. Бул башталышы эле...

Үйгө келгенден кийин катуу ишке кириштим. Эки муздаткычтын жана камыр аралаштыргычтын жардамы менен мен өндүрүштүн көлөмүн 5 эсеге көбөйтүп, эки адамды жумушка алдым. Андан сырткары, жолдошум да чүчпара жасоо үчүн ингредиенттер менен камсыз кылууга жардам берип жатты. Бирок мага дагы кол күчү менен жасалгандарды автоматташтыруу үчүн чоппер-майдалагыч жана камыр жайгыч керек болчу. Аларды мен гранттын экинчи турунун жыйынтыгында ала алдым. Эми чүчпараларды 10 эсеге көп чыгара баштадык. Дагы бир адамды жумушка алып, сатуу рыногун кантип кеңейтүү жөнүндө ойлоно баштадым. Бирок, дагы бир көйгөй пайда болду: чүчпара тез эрип, бузулуп кете баштады. Үчүнчү жолу бактымды сынап көрүүнү чечтим. Кербен шаарынан сырткары жактарга продукцияларды сатуу үчүн рефрижератордук унаа сатып алууга арыз таштадым. Менин арызым кабыл алынып, рефрижератордук унаанын баасынын 70 пайызына грант берилди. Жетпеген сумманы өзүбүздүн каражатыбыз менен жаптык. Өтө кубандык. Мунун баары биздин үй-бүлөбүз жана бизнесибизден сырткары болуп жаткандай сезилди. Үй шартында кол менен чүчпара жасап жүргөндө артка кайтпаганыма абдан сүйүнөм.

Жаңы мүмкүнчүлүктөр

Гранттык колдоонун аркасы менен кирешебиз көбөйдү. Учурда чүчпарабыз жергиликтүү 10 азык-түлүк дүкөндөрүндө, ооруканаларда жана мамлекеттик мекемелерде сатылууда. Ресторан, кафелер да буюртма беришет. Продукциябыздын айрым бөлүктөрүн үйдөн сатып алып кетишет. Мындан сырткары Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Майлы-Сай, Кош-Дөбө, Кара-Жыгач шаарларына да жеткирилет.

Бүгүнкү күндө биз ребрендингдин үстүндө иштеп жатабыз, “Даяр” логотипинин жаңы дизайны, бренддин концепциясы жана фирмалык стили иштелип чыгууда. Жаңы логотип түшүрүлгөн кооз таңгак, “Даяр” фирмалык белгилери менен кооздолгон автоунаа – мунун баары менин түшүмө да кирген эмес. Бирок мен баарынан да биздин продукциянын сапаты менен сыймыктанам. Сырдуу рецепт боюнча даярдалган “Даяр” чүчпарасы көпчүлүктүн табитине туура келет, анткени кээ бир процесстер автоматташтырылганына карабастан, биз дагы деле чүчпараны колго жасайбыз. Дал ошол үчүн камыры жумшак жана назик, ал эми чүчпара даамдуу. Продукциябыз көбүрөөк суроо-талапка ээ болуп, таанылып, аты чыкса мен чыныгы бакыттын даамын сезем.

Мен жарым фабрикаттардын түрлөрүн (манты, вареник, фрикадельки, котлет) кеңейтип, супермаркеттер рыногуна чыгууну пландап жатам. Ошондой эле үйлөнүү-үлпөт тойлоруна, юбилейлерге салат, боорсок, тоок этинен, балыктан түрдүү тамактарды жасоо боюнча кызмат көрсөтүүнү пландоодомун. Пландар көп, аларды ишке ашырууга болот. Багынбоо жана пландарды ишке ашырып, тынымсыз алдыга умтулуу гана керек.

Жанара Лапазова 2020-2021-жылдар аралыгында Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана John Galt бизнес-акселаторунун консультациялык колдоосу менен БУУӨПтүн “Борбордук Азияда зомбулук экстремизминин алдын алуу үчүн коомчулуктун туруктуулугун жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо” долбоорунун алкагында жардам алган.