Шырдактан боз үй шаарчасына: Гүлбарчын Мадраимованын ийгилик баяны

2024-ж., 27-December
a person sitting on the grass
БУУӨП / Кыргызстан

Гүлбарчын Мадраимова – Алай районунун тургуну, анын саймачыдан ийгиликтүү ишкерге айланган тарыхы көпчүлүккө дем берет. 2021-жылы ишкерлик дүйнөсүнө алгачкы тайманбастык менен кадам таштап, «Барчын» боз үй лагерин негиздеген. Баары Гүлбарчындын өз колу менен кой жүнүнөн жасалган бир улуттук шырдактан башталган. Досунун кеңеши менен ал шырдакты эл аралык онлайн платформага чыгарууну чечкен.

«Таң калганым, шырдакты бат эле саттым. Биринчи сатып алуучулар Германиядан келген жаш жубайлар болду. Ошондон улам ийгиликке шыктанып, кийиз жасоо өнөрүмдү чакан бизнеске айлантууну чечтим. Анан боз үй пайда болуп, анда туристтерди кабыл ала баштадым», - дейт Гүлбарчын.

Азыр Гүлбарчындын боз үй шаарчасында алты боз үй бар жана бул жер окуялуу туризмди сүйүүчүлөрдүн эс алуучу жайына айланды. Бул жерде туристтер кереметтүү Алайдын жаратылышынан жана көрүнүштөрүнөн ырахат алып, эс алып гана тим болбостон, ошондой эле чет элдик туристтердин көңүлүн бурган салттуу кийиз буюмдарын жасоо процессине сүңгүп кете алышат.

a women standing next to the yurt
БУУӨП / Кыргызстан

Бирок бул ийгиликтин артында сыноолорго толгон жол жатат. Колунда беш баласы бар жолдошунан эрте ажыраган Гүлбарчын үй-бүлөнүн негизги багуучусу болуп калды. Андан тышкары, майып агасы үчүн жумуш ордун түзүп берген.

«Лагерде иштөө мен үчүн жөн эле киреше булагы эмес. Бул жерде мен өзүмдү чоңураак нерсенин бир бөлүгү катары сезем: туристтер жана жаратылыш менен баарлашуу жан дүйнөмдү тынчтандырат», - дейт Гүлбарчындын агасы Мадраимов Жамшытбек.

Бүгүнкү күндө Гүлбарчын дагы беш аялды туруктуу жумуш менен камсыз кылса, жайкы туристтик сезондо бул сан бир нече эсеге көбөйөт.

a woman and man holding home made carpet
БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагындагы гранттык колдоосунун аркасында ал кийизден жасалган буюмдар боюнча мастер-класстар үчүн дагы бир боз үй сатып алып, кышында туристтерди кабыл алуу менен туристтик сезонду узартууну пландап жатат.

«БУУӨП мага каржылык гана колдоо көрсөтпөстөн, жагымдуу туристтик продуктуну түзүү, бизнес-процесстерди компетенттүү пландаштыруу жана кызматтарды эффективдүү жылдыруу боюнча баа жеткис билимдерди берди. Ар бир консультация, ар бир тренинг менин кыялымды ишке ашырууга жардам берет», - дейт Гүлбарчын.

Гүлбарчын Мадраимованын окуясы - бул жөн гана ийгилик эмес. Бул салттуу кол өнөрчүлүк заманбап бизнестин негизи боло аларын, ал эми өжөрлүк жана колдоо кыялдарды да ишке ашыра аларын далилдейт. Анын тажрыйбасы Алайдагы жана анын сыртындагы аялдарды дагы шыктандырат.