Эмгекти сүйүүчүлүк жана кесипкөйлүк ишкерге Лейлекте чакан ишкана курууга жардам берди

2022-ж., 1-August

Менин атым Ихтиёр Дадабаев, 38 жаштамын. Мектепти аяктагандан кийин жөнөкөй шакирт болуудан баштап 16 жыл курулуш тармагында иштедим. Бул бүтө элек дубалдар менен шыптар көз алдыңда сыйкырдуудай кооз жасалгаланган бөлмөлөргө айланган эң кызыктуу учурлар эле. Мен усталардын тажрыйбасын үйрөнүүгө, жасалгалоо чеберчилигин түшүнүүгө аракет кылдым, бирок мени чатырдын курулушу, анын дизайны көбүрөөк кызыктырды. Үйдүн пайдубалы жана чатыры баардык эле курулуштун эң маанилүү бөлүгү деп эсептейм, имараттын чыдамдуулугу жана кооздугу мына ошолордон көз каранды. 20 жылда профессионал уста болуп калдым, өзгөчө үйлөрдүн фасаддарын, чатырларын жасалгалоо чеберчилигине көңүл бурдум. Эң негизгиси бизнес жасоону пландаштырганда, ошол тармакты өзүң жакшы билишиң керек деп ойлойм. Тажрыйбанын жетишсиздигинен улам көйгөйлөр башталат да, ишиң башталбай жатып токтоп калышы мүмкүн.

Өз ишин сүйүү

Уста болуп иштеп жүрүп, фасад, чатырларды жасалгалоо үчүн материалдарды табуу кыйын экенин, аларды Ош шаарынан буюртма берип алдырышаарын, аны да даяр болгуча күтүүгө туура келерин, анын үстүнө кымбат экендигин байкадым. Анан эмнеге ушул продукцияларды ушул жерде, Лейлекте жасабайт деп ойлоно баштадым. 2017-жылы өзүмдүн цехимди ачууну чечип, чатыр жана фасад курууга керектүү буюмдарды чыгаруу боюнча бизнес баштадым. Айына 6000 сом төлөп имаратты ижарага алып, цех ачтым. Мындай бизнести баштоо үчүн бул иштин аки-чүкүсүн жакшы билүү керек. Үйдүн дизайнын жасоо, чатырын жабуу – бул чоң жоопкерчилик жана ишти абийирдүүлүк менен аткаруу керек экенин түшүнүү керек.

Каржы маселеси эң татаал көйгөй болду. Мындан сырткары, кардарларды табуу маселеси да бар эле. Жаңы бир нерсени баштоо дайыма коркунучтуу, өзгөчө өз бизнесиңизди баштаганда. Баштапкы капитал катары мен өзүм чогулткан каражаттарымды колдондум. Алгач кол менен жасоочу механизмдерди, жабдууларды пайдаландым. Мисалы, металл тунукелерди ийүүдө кол менен ийүүчү жабдууларды колдондум. Бара-бара бизнес өнүгүп, мен металл ийүүчү станокту сатып алдым, анткени бардык эле курулушта металлдарды ийүү керектелет. Мага иштөө жеңил болуп калды, буюртмалар да көбөйдү. Андан кийин мен дагы бир металл ийүүчү станок жана чатырларды жасоочу бир нече кичинекей станокторду сатып алдым. Өз алдынча иштеген 4 жыл ичинде мен көптөгөн элементтери бар чатырларды жасоо менен жакшы киреше таба баштадым, бирок өндүрүштү кеңейте алган жокмун, себеби, бул үчүн дагы 2 кесипкөй станок сатып алуу керек эле.

Бизнести кеңейтүү

Керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн кошумча каражат издеп жүрүп, БУУӨПтүн пандемиянын кесепеттеринен ишкерлерди колдоо боюнча программасы бар экенин билдим. Мен арыз таштадым жана бизнес жүргүзүү көндүмдөрүн жакшыртууга жана грант алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ишкерлер коомунун мүчөсү болгонума кубандым. Биринчи турда менин арызым жактырылып, 70 миң сом берилди. Ал акчага профилдик металлдарды (тегерек жука энсиз металл) кеңейтүү түрлөрүн чыгаруучу станок сатып алдым. Колдоо алуу үчүн 2-турда мен суу акма кобулдарды чыгаруучу станок сатып алуу боюнча өзүмдүн долбоорумду сунуштап, ал да жактырылды. Грант алууга талапкерлер көп болчу, ошондуктан менин арызым колдоо табат деп ойлогон эмесмин. Мага телефон чалып, менин долбоорум сынактан өткөндүгүн айтышканда, абдан сүйүндүм жана ошол замат бул станокторду колдонуу жана бизнести кеңейтүү боюнча көптөгөн пландарды, идеяларды түзө баштадым. Бизнес үчүн бул абдан маанилүү станоктор эле, алардын жардамы менен бүгүнкү күндө буюртмаларымдын саны 1,5 эсеге өстү.

Азыркы учурда менин бизнесим фасад жасоо, чатыр жабуу, туникафон менен жасалгалоо, суу акмаларды, ошондой эле чатыр жабуу үчүн профилдүү төшөлмөлөрдү жасоо, орнотуу боюнча кызмат көрсөтөт. Лейлекте негизинен жер үйлөр болгондуктан, жашоочулар үйлөрдүн чатырын жабуу жана фасадын жасалгалоо боюнча сапаттуу кызматтарды ала башташты.

Тилекке каршы, сезондук факторду эске албай коюуга болбойт. Активдүү ишмердүүлүк мезгили 9 ай, кышында дээрлик эч кандай буюртма болбойт, усталар бул убакта кийинки сезонго даярданышат. Валюта курсунун олку-солку болушу да кардарлардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет, анткени биздин материалдар кымбаттап кетет. Ошол себептүү кээде биздин кызматтарга суроо-талап азая түшөт, бирок бул өтө коркунучтуу эмес.

Цехте мени кошкондо 5 адам иштейбиз. 2 мастер станоктордо иштешет, экөө чатыр жана фасаддык жабдууларды орнотушат. Суу аккычтарды чыгаруучу станокту атайын жасалган өзүмдүн кичи автобусумдун ичине орнотуп алгам. Бул кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн жасалып жатат, аларга курулуш материалдарына буюртма берүү үчүн барууга, буюртмаларын жеткирип берүүсүн күтүүнүн кажети жок. Станок менен жабдылган кичиавтобус кардарларга барат, мен ошол эле жерде суу аккычтарды жасайм. Ошондой эле мен кызматкерлеримдин ишин көзөмөлдөөгө аракет кылам, анткени алардын иши үчүн жоопкерчилик менин мойнума жүктөлөт.

Буюртмалардын санын көбөйтүү үчүн мен өз бизнесимди Инстаграм https://www.instagram.com/tunikafon_isfana/ баракчасында жарнамалайм. Бул иште эл айткандай “сарафан радиосу” да жакшы иштейт. Ишиңизди жакшы аткарсаңыз, адамдар сизди досторуна жана тааныштарына сунушташат. Кардарларыбыздын жарымы ошентип бири-биринен угуп эле келишет.

Бизнесимди дагы кеңейтүүнү пландап жатам. Бул үчүн насыя алып, ага өз каражатымды кошуп, жаңы цех куруу үчүн 7 гектар жерди сатып алдым. Менимче, бул ар кандай багыттагы адистештирилген бир нече устакана жана көргөзмө залдары жайгаша турган бирден-бир чоң борбор болот. 15тей жумуш орундарын түзүүнү пландап жатам.

Өзүмдүн кылган ишим өзүмө чындап жагат. Өзүңө жаккан иш менен алектенсең, ал башкаларга позитивдүү эмоцияларды алып келсе, өз ишиң менен сыймыктанасың.

Ихтиёр Дадабаевдин чакан бизнеси 2020-жылы БУУӨПтүн калктын аярлуу катмарынын (мисалы, жетүүгө кыйын (жабык) конуштардагы жаш аялдар жана эркектер) татыктуу жашоосу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле 2018-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде COVID-19 кырдаалына жооп кайтаруу боюнча долбоорунун алкагында колдоо алган.