Экологиялык сот адилеттүүлүгүнө жетүү маселелери боюнча судьялардын эл аралык конференциясы

2023-ж., 18-September

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын ачылыш сөзү

Саламатсыздарбы, урматтуу жогорку даражалуу коноктор!

Улуу даражалуу:

  • КРнын мамлекеттик катчысы,

  • КРнын Жогорку сотунун төрагасы,

  • КРнын Конституциялык сотунун төрагасы, 

Урматтуу коноктор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, 

Айымдар жана мырзалар,

БУУнун Өнүктүрүү программасынын атынан Сиздерди БУУӨПтүн жана USAIDдин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана Судьялар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жаткан Экологияны коргоодо сот адилеттигине жетүү боюнча соттордун эл аралык конференциясынын катышуучуларына куттуктоо сөз айтып жатканыма кубанычтамын.

Экологияны коргоодо сот адилеттигине жетүүгө арналган бул маанилүү иш-чараны өткөрүп жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирип кетем. Ошондой эле, баалуу техникалык жана каржылык колдоо көрсөткөндүгү үчүн биздин өнөктөштөрүбүз – БУУнун Европалык экономикалык комиссиясына, Нидерланды жана Финляндия өкмөттөрүнө терең ыраазычылык билдиргим келет.

 

Куттуктоо сөзүмдүн алкагында мен үч маанилүү аспектини белгилеп кетким келет:

- Заманбап дүйнөдө экологиялык адилеттүүлүктүн маанилүүлүгү барган сайын айкын болуп баратат. Биз өзүнө климаттын өзгөрүшүн, био ар түрдүүлүктүн жоголушун жана айлана-чөйрөнүн булганышын камтыган үчилтик планетардык кризиске туш болуп жатабыз. Бул кризистер туруктуу өнүгүүгө, адилеттүүлүккө жана адам укуктарына олуттуу көйгөйлөрдү жаратат. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү сот адилеттиги, адам укуктары жана айлана-чөйрө жаатында биригүүнү талап кылат, бул адамдардын кызыкчылыктарын мыкты коргогон чечимдерди иштеп чыгуу үчүн зарыл. 

- Мен көңүл бургум келген кийинки негизги аспект – бул экологиялык сот адилеттүүлүгүн камсыз кылуудагы сот бийлигинин ролу. Соттор бул процессте чечүүчү ролду ойнойт, анткени судьялар экологиялык мыйзамдарды чечмелөө жана колдонуу, ченем-укуктук талаптарды сактоо, мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартуу жана экологиялык зыяндан жапа чеккендердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн жооптуу.

- Мен баса белгилеп кетким келген үчүнчү аспект глобалдык жана аймактык тенденцияларга, ошондой эле экологиялык сот адилеттүүлүгү жаатындагы улуттук демилгелерге байланыштуу. Учурда дүйнө жүзү боюнча сот органдары экологиялык сот адилеттүүлүгүн камсыз кылуу боюнча активдүү иш алып барышууда. Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн сотторун бириктирүү өзгөчө маанилүү, анткени ал глобалдык күч-аракеттерди координациялоого, баалуу тажрыйбаларды бөлүшүүгө жана экологиялык сот адилеттүүлүгүн активдүү коргогон сот тармагын бекемдөө аркылуу көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

БУУӨПтүн Администратору Ахим Штайнер мырза белгилегендей, келечек муундардын укуктарына БУУӨП көбүрөөк көңүл буруп жатат, анын ичинде экологиялык сот адилеттүүлүгү боюнча тарыхта биринчи жолу БУУӨПтүн Глобалдык стратегиясынын алкагындагы аракеттер да бар. Ал улуттук деңгээлдеги таза, дени сак жана туруктуу курчап турган айлана-чөйрөгө болгон укукту ишке ашырууда өлкөлөргө колдоо көрсөтөт.

 

Бул иш-чара Кыргызстандын экологиялык саясатына жана артыкчылыктарына, 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына жана Президенттин 2021-жылдагы “Кыргызстанда экологиялык коопсуздук жана климаттын туруктуулугу жөнүндө” жарлыгына ылайык келет.

БУУӨП укук коргоого негизделген мамилеге болгон өз жактоочулугун жетекчиликке алып, көптөгөн демилгелердин алкагында экологиялык сот адилеттүүлүгүн жигердүү колдоп келе жаткандыгын белгилеп кетким келет.

Буга универсалдуу адам укугу катары ичүүчү таза жана коопсуз сууга жетүүнү камсыз кылуу боюнча ишибиз мисал боло алат. Ошондой эле биз тоо-кен секторун башкарууда айлана-чөйрөнү жана адам укуктарын коргоо принциптерин киргизүү, анын ичинде маалымдуулукту жогорулатуу жана Орхус конвенциясына ылайык маалыматка жетүүнү камсыз кылуу үчүн иштейбиз.

БУУӨПтүн «Климаттык перспектива» программасы 120дан ашуун өлкөдө иш алып барууда, бул программа өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелерин колдоонун дүйнөдөгү эң ири масштабдагы формаларынын бири болуп саналат. Жашыл экономикага өтүүдө биздин климаттык максаттарыбызга жетүү үчүн казылып алынган отундан адилеттүү баш тартууну камсыз кылууда адам укуктарына артыкчылыктуу көңүл бурулушу керек. Мындан сырткары, БУУӨП 40 өлкөнүн өкмөттөрү, анын ичинде Кыргызстандын да өкмөтү менен кызматташуу аркылуу адам укуктарын жана бизнести коргоо боюнча Улуттук пландарды иштеп чыгууда. Пландар жеке сектордун адам укугу жана айлана-чөйрөнү коргоодогу максаттарга жетүүгө салым кошуусуна багытталган. 

Баса белгилей кетсем, Кыргызстандагы биздин жаңы демилгебиздин алкагында БУУӨП экологиялык сот адилеттигинин механизмдерин бекемдөө жана сот адилеттиги субъекттеринин потенциалын өнүктүрүү максатында өнөктөштөр менен сот адилеттиги жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташууда. Бул демилге ушул жылдын январь айында ишке киргизилип, Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы жана Орхус борбору менен биргеликте ишке ашырылууда.

Сөзүмдүн аягында белгилей кетсем, экологиялык сот адилеттиги туруктуу өнүгүүнүн негизи болуп саналат, ал эми сот бийлиги анда негизги ролду ойнойт. Ишенимдүү жана кызыкдар өнөктөш катары БУУӨП глобалдык тенденцияларды аймактык жана улуттук шарттар менен байланыштырып, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү мамилебиздин борборуна адамдарды коёт. Биз биргеликте экологиялык адилеттүүлүк принциптерин элдин жашоосуна узак мөөнөттүү кылып киргизип, элдин жашоосун маңыздуу кылып өзгөртө алабыз.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат! Биз эл аралык аренада да, Кыргыз Республикасында да экологиялык сот адилеттигин жана адилеттүүлүктү коргоо боюнча умтулууларыбызга бекем тура беребиз деп ишенем!

 

Чоң рахмат