БУУӨП Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен айымдын сөзү CREATE4 – Креативдүү өнөр жайларынын күзгү фестивалы, Ачуу аземи

2022-ж., 7-November

Улуу даражалуу Эдиль Жолдубаевич мырза!

Урматтуу коноктор,

Урматтуу жаратмандар жана новаторлор,

Сиздерди CREATE4 креативдүү тармактардын экинчи жолу өтүп жаткан фестивалында тосуп алууга абдан кубанычтамын! Бул фестивал Кыргызстанда жашаган адамдардын инновациялык ой жүгүртүүсүн жана таланттарын даңазалоого, пикир алмашууга жана чыгармачылык атмосферадан жана идеялардан шыктанууга эң сонун мүмкүнчүлүк.

CREATE4 ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө кызыкдар болгон креативдүү тармактардын, өкмөттүн, академиялык чөйрөнүн жана башка тараптардын өкүлдөрүнүн ортосунда үзгүлтүксүз диалог үчүн аянтча түзүү максатында түзүлгөн. БУУӨП бул уникалдуу кызматташтыкты курууда жана Жаратман Кыргызстанды биргелешип илгерилетүүдө Креативдүү Индустрия Ассоциациясы менен жемиштүү өнөктөштүгүбүздү өзгөчө белгилейт. Биз ошондой эле фестивалдын расмий өнөктөшү болгон Борбордук Азиядагы Америка университетине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз.

CREATE4 ошондой эле киреше булактарын түзүү жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн креативдүү сектордун потенциалын көрсөтүү үчүн абдан маанилүү мүмкүнчүлүк. Биз өкмөттүн креативдүү экономиканы артыкчылыктуу багыт катары колдоого жана аны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган аракеттерин жогору баалайбыз. Ал эми урматтуу Эдиль Жолдубаевич мырзаны бул иш-чаранын башкы коногу катары тосуп алуу биз үчүн чоң сыймык - анын катышуусу бул жаңы багыттын өлкө үчүн канчалык маанилүү экенин жана экономиканын пайдасы үчүн өлкөнүн жаратман потенциалын ачуу чоң мүмкүнчүлүктөрдү ээрчитип келээрин көрсөтүп турат.

Ар кандай кызыкдар тараптардын бирдиктүү аракеттеринин натыйжасында Кыргызстан Креативдик индустрия паркын түзүү менен тарыхта калганына кубанычтабыз. Бул киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, экспортко багытталган продукцияларды чыгарууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономиканын салттуу секторлорун жандандырууга  жана региондук өнүгүүнү күчөтүүгө олуттуу таасирин тийгизет деп ишенебиз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар, креативдүү экономика азыртадан эле Кыргызстандын чыныгы инновациялык, прогрессивдүү, инклюзивдик жана технологиялык өнүгүүсүнө жол ачып жатат, бул өз кезегинде башка стратегиялык багыттардын өнүгүшүнө түрткү берет.

Ал эми ушундан толук өлчөмдө пайда алуу үчүн биз ийкемдүү болушубуз керек, андан тышкары, креативдүү экосистеманы долбоорлоодо жана өстүрүүдө шарттарды эске алууга жөндөмдүү болушубуз керек.

Биз өкмөттү шаарларыбызды АКЫЛДУУ, туташтырылган, коопсуз, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык жаратмандар үчүн, анын ичинде атактуу «санарип көчмөндөр» үчүн жагымдуу кылууга чакырабыз.

Бишкекти жана башка шаарларды таза, ынтымактуу кылуу үчүн, мамлекеттик кызматтар иштеп турган, мыйзамдын үстөмдүгү камсыз болгон жана жашоо үчүн жагымдуу жерлерди тартуулаган шаарлардан кылуу үчүн байланышты жана инфраструктураны, ошондой эле абанын сапатын жакшыртуу керек.

Мунун баарына мамлекеттик органдардын бир нече түзүмдөрү биргелешип, жеке сектордун жана жарандык коомдун колдоосу менен жетише алат.

Ошондой эле гендердик теңчиликти эске алуу жана аялдардын бирдей катышуусуна көмөктөшүү да маанилүү, анткени аялдар бул өлкөдөгү креативдүү чөйрөнүн кеминде жарымын түзөт, жарымынан көбүн десек да адашпайбыз!

Ал эми биз өкмөт элдин Кыргыз Республикасындагы эркиндик рухун сактоо жана чыңдоо боюнча күч-аракеттерин бириктирүүгө жардам берет деп ишенебиз. Сөздүн, ой жүгүртүүнүн жана өзүнүн ички дүйнөсүн сырттан билдирүүдө эркиндиги – бул жаратман экономиканы өнүктүрүүнүн жана Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнүн негизги шарттары.

Бул иш-чараны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бергендерге жана Бишкектен да, интернетт аркылуу да катышып урматтагандарга ыраазычылык билдиргим келет.

Бүгүнкү фестиваль Кыргызстандын бардык жети облусуна, анын ичинде ПРООНдун 10 Жаштар Борборуна жана Ош IT Хабында көрсөтүлүп жатат.

БУУӨП бардык улуттук өнөктөштөр, анын ичинде жеке сектор менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө, өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, креативдүү тармактардын катышуусун жогорулатууга жана жергиликтүү жаратмандарды колдоого умтулат.

Эгерде биз биргелешип Кыргызстандын маданий жана этникалык көп түрдүүлүгүндө болгон потенциалды жаратман экономиканы өнүктүрүү үчүн пайдалана алсак, биз Кыргызстандын бакубаттуулугуна, татыктуу жашоого, инклюзивдүүлүккө, теңчиликке жана туруктуу өнүгүүсүнө чыныгы таасир тийгизип, ошону менен Туруктуу өнүгүүнүн бир нече максаттарына жетүү үчүн өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алабыз.

Урматтуу коноктор - Сиз дагы мага окшоп бул сонун фестивалдын чыгармачылык атмосферасын сезип, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн өзүңүздүн жана башкалардын чыгармачылыгына инновацияларды киргизүү жана инвестициялоо үчүн бизге жумулуп кошуласыз деп ишенем.

Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем, жана бүгүн сиз чыгармачылыктан жана баарлашуудан ырахат аласыз деп ишенем. Баарыбызга креативдүүлүк жуксун!