Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Санариптештирүү Боюнча Негизги Артыкчылыктары

Download .pdf

pdf (1MB)

Download

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Санариптештирүү Боюнча Негизги Артыкчылыктары

2022-ж., 4-February

Окуу жана жаза билүү – бул салттуу жөндөмдөр. Бирок, бул жөндөмдөрдү гана билүү бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Улуулардын жана балдардын жашоосунун ажырагыс бөлүгүн уюлдук телефондор, компьютерлер жана планшеттер ээлеп калды. Бул аспаптар менен майнаптуу колдонуу үчүн заманбап технологияларды мыкты билүү керек. БУУӨПтүн баяндамасына ылайык, Кыргызстандын 15 жаштан жогору болгон калкынын 99,9% жазып жана окуй алышат. Бул санарип сабаттуулукту өздөштүрүүгө жакшы жышаан болуп берет. Өлкөдө тышкы миграция өсүп жаткандыктан, санарип кесиптерди өздөштүрүү – акча табуунун жолу катары колдонулушу керек. Баяндамада колдонуучулардын Интернетти көңүл ачуу максатында гана колдонушуп, акча табуу мүмкүнчүлүгү катары карабагандыгы белгиленет. Андыктан, инфографикада кыска мөөнөттүн ичинде өздөштүрүүгө болгон кесиптердин тизмеси да берилди. Санарип сабаттуулук – бул интернеттин жана санарип технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн коопсуз жана майнаптуу түрдө колдонууга мүмкүнчүлүк берген билим, жөндөм жана шыктарды ичине камтыйт. Бул тууралуу кененирээк маалыматты инфографикадан жана баяндамадан алыңыздар.
Regions and Countries
Sustainable Development Goals