«Зордук-зомбулукка жабыркаган аялдардын 62% укук коргоо органдарына кайрылбайт , анткени алар системага ишенишпейт же кылмышкерди реалдуу жазалоо жагынан алардын ишин келечексиз деп эсептешет»

2022-ж., 10-October

Бишкек, 2022-жылдын 7-октябры - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Аппаратынын кызматкерлерине үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар каралды.

Мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси – Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Динара Ашимова:

 “Биз депутаттар, эксперттер менен чогулуп, үй-бүлөлүк жана башка зомбулуктун түрлөрүн токтотууга чакырган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкууладык. Үй- бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнүн негизги принциптеринин бири “Ким урса, ал кетет” принциби болууга тийиш.

Мыйзам долбоору бир эле учурда бир нече мыйзамдарга ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт, атап айтканда:

  • "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамы
  • Кылмыш кодекси
  • Кылмыш-процессуалдык кодекси
  • Тартип бузуулар кодекси жана башка мыйзам актылары.

Парламентинин депутаттары Нуржигит Кадырбеков, Марлен Маматалиев , Надира Нарматова , Айсаракан Абдибаева тегерек столдо бул демилгени колдошту.

«Биз бүгүн өтө маанилүү документти карап жатабыз. Үй-бүлө зомбулугу аял же күйөөсү эле эмес, ата менен апанын ортосундагы дагы  маселе. Анткени, алардын мамилесинин балдарынын абалы да көз каранды. Негизи кыргыздын салтында да, дининде да дайыма аялдардын укугун коргоп, сыйлап келишкен. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун биз колдойбуз жана анын демилгечисине ыраазыбыз» -деди Кадырбеков.

«Биз буга чейин балдар укуктарын коргоо үчүн педофилдердин жазасын күчтөндүрүү мыйзамын кабыл алдык. Ал эми биз азыр карап жаткан мыйзам  эми аялдардын укуктарын  коргоого жакшы жардамын берет жеп эсептейм. Зомбулук көрүнүнүштөрдү бул жапайылык. Биздин фракция бул мыйзамды колдоп, аны ЖКте өткөрүп берүүгө болгон күчүн жумшайт»

«Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууга юридикалык эксперттер Ирина Летова, Аслан Кулбаев жана гендердик эксперт Надежда Пригода тартылган. Мыйзам долбоору БУУнун Өнүктүрүү программасы  “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында колдоого алган.

Документти иштеп чыккан юристтердин бири Аслан Кулбаев: 

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы токтому менен бекитилген 2022-2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясына ылайык, кылмыштан жабыр тарткандардын 62% укук коргоо органдарына кайрылышпайт, анткени алар системага ишенбейт же кылмышкерди реалдуу жазалоо жагынан өз иштерин келечексиз деп эсептешет»

Сексуалдык кылмыштардан жабаркаган адамдар укук коргоо органдары, адвокаттар жана башка мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө жабырлануучуга кыйыр түрдө келтирилиши мүмкүн болгон экинчи виктимизацияга дуушар болуудан коркушат. Экинчи даражадагы виктимизация стереотиптик, орой жана терс маанайда, ар-намысты жана кадыр-баркты кемсинтүү ж.б. түрүндө көрүнүшү мүмкүн.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты - үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууда жазык сот өндүрүшүн жүргүзгөн кызмат адамдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

Арыз жок болгондугунун негизинде анча оор эмес кылмыштар боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартууга тыюу салуу белгиленет, ошондой эле жабырлануучу менен шектүүнүн ортосундагы жарашуу жөнүндө макулдашуунун жол-жоболору өркүндөтүлдү, соттук териштирүүнү коргоонун процесстик кепилдиктери жабырлануучулардын укуктары жана закондуу таламдары жогорулатылат.

Кылмыш-жаза кодексинде тараптардын жарашуусунун негизинде кылмышкерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга жол берилбеген кылмыштардын тизмеси кеңейтилген. Төмөнкү беренелер боюнча жарашуу мүмкүн эмес болуп калат:

  • Зордуктоо (154-ст.)
  • Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (155-ст.)
  • Бала менен иш жүзүндө нике мамилелерин түзүүгө мажбурлоо (173-статья)
  • Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу (175-берене).

Кылмыш-жаза кодексинде да зомбулук менен байланышкан бир катар кылмыштар үчүн пробациялык көзөмөлдү колдонууга чектөөлөр киргизилген .

Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды түзөтүү программаларын өткөрүүгө болгон мамиле өзгөрүүдө.

Маалымат үчүн: Тегерек стол “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча бир катар иш-чаралардын алкагында ПРООНдун, USAIDдин «Активдүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш менен ЕБ-БУУнун «Теңдик нуру» демилгесинин кызматташуусунун алкагында өткөрүлүүдө.

ЕБ менен БУУнун биргелешкен «Теңдик нуру» демилгеси жөнүндө

2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө ЕБ жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча глобалдык «Теңдик нуру» демилгесинин алкагында көп жылдык өлкө программасын ишке киргизди. Программанын максаты – Кыргызстандагы бардык аялдар менен кыздардын, өзгөчө аялуу катмарынын, зордук-зомбулуктан жана зыяндуу практикадан, анын ичинде жашы жете элек никеге туруудан жана ала качуудан эркин жашаган чөйрөнү түзүү . Программа саясат жана мыйзамдар, институттарды бекемдөө, зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктун курмандыктарына кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу жана аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоо жаатындагы комплекстүү чаралардын комплексин камтыйт. Программа БУУнун беш агенттиги (БУУ Аялдар, ЮНФПА, ПРООН, ЮНИСЕФ жана UNODC) тарабынан БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун жалпы көзөмөлүндө ишке ашырылат.

Айнагүл Абдрахманова , ПРООНдун Байланыш бөлүмүнүн башчысы ainagul.abdrakhmanova@undp.org же телефон: +996 770 183493