Жеке сектордун климаттын өзгөрүшүнө адаптацияланууга катышуусу: Тоскоолдуктар жана Тобокелчиликтер

2023-ж., 20-September

Кыргыз Республикасы тарабынан Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж Макулдашуусу жана Алкактык конвенциясынын алкагында кабыл алынган милдеттемелерге ылайык, улуттук демилгелер орчундуу өнүгүүлөрдү баштан кечирүүдө. Бул демилгелердин арасында - 2050-жылга чейин Улуттук деңгээлде аныкталган салымды (УДАС) жаңылоо жана айыл чарбасы жана ирригация, саламаттык сактоо, кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, биоартүрдүүлүктү сактоо сыяктуу тармактарды камтыган секторалдык адаптациялоочу пландарды иштеп чыгуу камтылган.

Бул демилгелердин максаты коомчулук жана өлкөнүн экономикасы үчүн климаттын өзгөрүшүнүн тескери кесепеттерин азайтуу болуп саналат.

Буга байлапныштуу БУУӨП бинес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жеке сектордун климаттын өзгөрүшүнө адаптацияланышына катышуусуна байланышкан тоскоолдуктарды жана тобокелчиликтерди аныктоого арналган жолугушуу уюштурду. 

Аталган жолугушууда КР ЖРЭТКМга караштуу Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары Асель Мадыбаева сөз сүйлөдү. Ал «бизнестин климаттын өзгөрүшүнө карата адаптациялоо иш-чараларын иштеп чыгууга катышуусунун маанилүү экендиги талашсыз экендигин баса белгиледи. Анткени бизнес иштелип чыккан адаптациялоочу стратегияларды аткарууда маанилүү роль ойнойт, ушул иш-чараларды түзүп жаткан учурда анын көз карашын жана кызыкчылыктарын эске алуу зарыл. Бизнес инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн өзүнүн ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартууга жана ага адаптацияланууга орчундуу салым кошууга жөндөмдүү». 

 

БУУӨПтүн өкүлү, долбоордун координатору Жылдыз Узакбаева, жеке секторду адаптациялык пландаштырууга катыштыруу өлкөнүн климаттын өзгөрүшү жана экологиялык өзгөрүүлөргө байланышкан чакырыктардын астындагы туруктуулугун жогорулатууда негизги роль ойной тургандыгын белгилеп өттү. Жеке сектор, анын ичинде компаниялар, ишкердик коомчулуктар жана инвесторлор адаптациялоочу иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга олуттуу көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мисалы, жеке сектор адаптациялоочу долбоорлорду колдоо үчүн олуттуу каржы ресурстарын камсыздай алат, ошондой эле кыйла эффективдүү чечимдер үчүн бизнестин климаттын өзгөрүү маселелериндеги маалыматтуулугун жогорулатуу зарыл. Ошол эле учурда мамлекет жеке секторуна ал адаптациялоо аракеттерине активдүү катышуусу үчүн  мисалы,  салык жеңилдиктери же каржылык колдоо аркылуу стимул берүү механизмдерин  түзө алат.

Бул жолугушуу мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүнө бизнес-секторду климаттын өзгөрүшүнө байланышкан адаптациялоочу иш-чараларга кеңири катыштыруу үчүн тобокелчиликтерди, кесепеттерди жана зарыл болгон чараларды талкуулоого мүмкүнчүлүк берди. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча уюштуруучулар бардык айтылган сунуштар жана идеялар сунуш катары түзүлүп жана андан ары иштөө үчүн Министрлер Кабинетине жөнөтүлө тургандыгын белгилешти. 

Маалымат үчүн 

«Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү» долбоору Жашыл климаттык фонддун каржылык колдоосу астында  БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жатат. 

Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жакырчылык, адилетсиздик, теңсиздик жана климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан адилетсиздик менен күрөшүп жаткан БУУнун көрүнүктүү уюму болуп саналат. 170 өлкөдөгү эксперт жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштөө аркылуу, биз адамдар жана планета үчүн интеграцияланган, узак мөөнөттүү чечимдерди түзүүгө жардам беребиз. Биз тууралуу undp.org/Kyrgyzstan сайтынан көбүрөөк билиңиздер же  @UNDPkg кошулуңуздар.

 

Толугураак маалымат алуу үчүн БУУӨПтүн коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Айнагүл Абдрахмановага ainagul.abdrakhmanova@undp.org почтасы же 0770 755776 тел., аркылуу кайрылыңыздар.