Япония жана БУУӨП Кыргызстанга адилеттүү жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө колдоо көрсөтөт

2020-ж., 22-September

Жабдууларды өткөрүп берүү аземине КР БШКсынын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова, КРдагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чамберлен, ошондой эле КРдагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигеки Маеда катышты. Фото: Аданбаев Улукбек/БУУӨП Кыргызстан

Бишкек, Кыргызстан, 22-сентябрь, 2020-ж. – 2020-жылдын 4-октябрында адилеттүү жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү максатында Кыргызстан БУУӨП Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комитетине (БШК) шайлоочуларды идентификациялоо үчүн биометриялык жабдууларды берди. Жабдуу Япониянын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу астында ишке ашырылып жаткан БУУӨПтүн «2020-2021-жылдагы Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо» Программасынын алкагында берилди.

Жабдууларды өткөрүп берүү аземине КР БШКсынын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова, КРдагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чамберлен, ошондой эле  КРдагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигеки Маеда катышты.

КР БШКсынын Төрайымы Н.Шайлдабекова өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилеп кетти: “БУУӨП жана Япониянын Өкмөтүнө Кыргызстандагы шайлоолорду өткөрүүгө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстандагы шайлоо процесстерине маалыматтык технологияларды колдонуу 2015-жылдан башталган мезгилдеги өткөн шайлоо циклинде өзүнүн эффективдүүлүгүн далилдеди, биз алдыда өтө турган ушул жылдын 4-октябрындагы КР ЖКсынын депутаттарын шайлоолор дагы ачык-айкын жана адилеттүү өтөт деп ишенебиз. БШК, өз кезегинде Кыргызстандагы шайлоо процессин мындан ары дагы жакшыртууга жана аны технологиялык жактан эл аралык стандарттарга дал келтирүү максатында алдыңкылардан кылууга аракеттенет”.

КРдагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чамберлен өз кезегинде буларды белгиледи: “Адилеттүү жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү демократияны өнүктүрүүнүн кепилдиктеринин бири болуп саналат. 2010-жылдан баштап Кыргызстан бул багытта шайлоо процессине МТ жабдууларын жайылтуунун жардамы менен белгилүү бир ийгиликтерге жетишти жана бул ийгиликти бекемдөөнү улантып жатат. БУУӨП ушул мезгил ичинде КР Өкмөтүнө КРда шайлоолорду өткөрүүгө жардам берип келе жатат жана Кыргызстандагы ушул аспекттеги эл аралык донордук уюмдардын алдыңкыларынан болуп саналат. БУУӨП Кыргызстандагы шайлоолор  адилеттүү жана эркин өтүшүнө умтулат жана ошондуктан бул өлкөгө бул маселеде колдоо көрсөтүүнү улантат”. 

БШК адиси Улан Мурзаев шайлоочулардын биометрикалык идентификация процесин көрсөтүп турат. Сүрөт:Улукбек Аданбаев / БУУӨП Кыргызстан

КРдагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигеки Маеда өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө белгилеп өттү: «Япония 2015-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилдеги шайлоолор үчүн шайлоочуларды идентификациялоо системасына кайтарымсыз жардам көрсөткөндөн кийин, шайлоолорду өткөрүүгө экинчи жолу көмөк көрсөтүп жатат. Учурдагы көмөктөшүү ушуга окшош эле ушундай эле типтеги жабдууларды берүү жана потенциалды өстүрүү аркылуу ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүнү колдоого багытталган жана ал ошондой эле БУУӨП долбоорун каржылоо аркылуу ишке ашырылып жатат. Учурдагы долбоорду ишке ашырууга Япония 4 миллиондон ашык доллар каржылады жана жардамдын жалпы суммасы 10 миллиондон ашык долларды түзөт.

Кыргызстан – жаш өлкө. Демократиянын маанилүү элементи болуп саналган инклюзивдүү, транспаренттик жана адилеттүү шайлоолорду өткөрүү үчүн көптөгөн милдеттер жана күч-аракеттер талап кылынат. Биринчи кезекте мен октябрдагы шайлоолор тынч жана эч кандай тартип бузууларсыз өтөт деген ишенимди билдирип кетким келет».

Бул жабдуу БУУӨП Кыргызстанга 2015-жылы берген шайлоолорду өткөрүү үчүн жабдууга кошумча болуп саналат. Ал мурдагы иштен чыккан же эскирген бөлүктөрүн алмаштырат. Мындан тышкары  КР Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) шайлоолорду уюштуруу жана  өткөрүү боюнча функцияларын БШКга өткөрүп берүү жөнүндөгү КР мыйзамындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, БУУӨП долбоору ошондой эле  МККдан БШКга милдеттерди өткөрүп берүү менен байланышкан, анын ичинде БШКнын кызматкерлерин шайлоочулардын тизмесине кеңири камтууга окутуу аркылуу иш-чараларды колдоого багытталган.

БУУӨП долбоорунун алкагында ошондой эле БШКнын жана МККнын кызматкерлери  үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча окутуу жана тренингдер дагы каралган.