БУУӨП, Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду 118 линия аркылуу саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдө.

2022-ж., 9-June
Hotline 118 equipment hand over ceremony at Ministry of Health

Саламаттыкты сактоо министрлигинде жабдууларды тапшыруу аземи

Мээрим Русланбекова

Бишкек, 9-июнь 2022 – Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү Программасы (БУУӨП), Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду өлкө боюнча иштин сапатын жакшыртуу жана географиялык кеңейүү үчүн жалпы суммасы 1,9 миллион сомго 118 ыкчам байланыш кызматына жабдууларды тапшырышты. COVID-19 пандемиясы учурунда жүз миңдеген кыргызстандыктарга жардам көрсөткөн кызмат эми өлкөнүн бардык аймактарында иштеп, телефон аркылуу алгачкы медициналык кеңештерди берет.

Комплекстүү жардам 118 ыкчам байланыш кызматын зарыл болгон жабдуулар (компьютердик жабдуулар, мониторлор, Wi-Fi роутерлер, смартфондор, лицензияланган программалык камсыздоо, көп функционалдуу түзүлүштөр ж.б.) менен толук жабдууну, ошондой эле адистердин тобун даярдоодо жана ишти системалаштырууда консультациялык колдоо көрсөтүү, анын ичинде окутуу, мониторинг жана процессти колдоо, камтыйт. Мындан тышкары, эл аралык донорлор 2022-жылдын аягына чейин 15 оператордун (региондордо 7 оператор жана Бишкек шаарында 8 оператор) эмгек акыларын колдоого каражат бөлүүдө. Керек болсо кошумча операторлор тартылат.

Пандемиянын эң активдүү толкундары учурунда кыргызстандыктар үчүн COVID-19 тууралуу сапаттуу медициналык маалымат алуу оор маселелердин бири болгон. БУУӨПтүн колдоосу менен 2021-жылы COVID-19 эпидемиясынын чыгышында ыкчам байланыш кызматы түзүлүп, иштеген. 2021-жылдын декабрь айында БУУӨП менен KOICA 118 саламаттыкты сактоо боюнча ыкчам байланыш кызматын андан ары түзүү, бекемдөө жана интеграциялоо боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту.

 «Биз ар кандай чакырыктарга дайыма даяр болушубуз керек. Калктын жыргалчылыгы үчүн өз убагында жардам көрсөтүү максатында 118 ыкчам байланыш кызматы мындан ары да кеңейип, өнүгүп турат», – деп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков белгиледи.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева: «118 ыкчам байланыш кызматы биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында иштеп, телефон аркылуу жардам көрсөтүп, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана тез жардам унааларынын жүгүн азайтуу менен саламаттыкты сактоо тармагына чоң салым кошот», – деп кошумчалады.

«Биз жалпы коомчулуктун COVID-19 тууралуу жогорку квалификациялуу маалыматка жеткиликтүүлүгүн коопсуз жана эффективдүү түрдө жакшыртууга умтулабыз. 118 ыкчам байланыш кызматы бир гана COVID-19 эмес, өзгөчө аялуу мезгилде жана калктын аялуу катмарына жеткен сезондук түрдө кабылышы мүмкүн болгон оорулардын башка түрлөрү менен күрөшүү үчүн кызмат кылат», – деди БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси Эркинбек Касыбеков.

Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин программалык координатору Кион Ким белгилегендей: «KOICA ар кандай демилгелер аркылуу COVID-19га каршы аракеттенүү боюнча кореялык тажрыйба менен бөлүшүү үчүн өнөктөш уюмдарга колдоону күчөттү. Биз өнөктөштөр менен бирге бул долбоордун бир бөлүгү болгонубузга ыраазыбыз жана биздин күч-аракетибиз пандемиядан улам курчуп кеткен теңсиздикти жоюуга жана Кыргыз Республикасындагы аялуу топторду колдоого жардам берет деп үмүттөнөбүз».

«Биздин өнөктөштөр БУУӨП жана KOICA тарабынан бөлүнгөн каржылык жардам үчүн биз жеткирүүчүлөр арасында тендер өткөрдүк жана эң жакшы шарттарды таптык, анын натыйжасында акча олуттуу үнөмдөлдү, – дейт «Сорос-Кыргызстан» Фондунун директору Шамиль Ибрагимов, – ошентип, 6 кошумча жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү, бул өлкөнүн бардык 7 облусунда, ошондой эле Бишкек шаарында иштөөгө мүмкүндүк берет».

118 ыкчам байланыш кызматынын бардык кызматтары ишке киргизилгенден кийин Кыргызстандын жашоочулары кененирээк консультациялык жардам ала алышат, анын ичинде:

  • Баштапкы медициналык-санитардык жардам  уюмунун дарегине 118 ыкчам байланыш кызматы, интернет байланышы аркылуу же почта аркылуу жөнөтүлгөн жарандардан кайрылууларды/чалууларды кабыл алуу;
  • Bitrix системасынын маалымат базасында электрондук журналга жарандардын кайрылууларын/чалууларын каттоо;
  • COVID-19 жана башка оорулар (гипертония, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, эндокриндик оорулар, жугуштуу оорулар жана коопсуз жүрүм-турум чаралары) боюнча бейтаптардан суралган маалыматтарды берүү, соматикалык оорулар боюнча башка баштапкы консультацияларды берүү, белгиленген форма боюнча эпидемиологиялык анамнез чогултуу, электрондук анкета толтуруу, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш тартиби жөнүндө маалымат берүү;
  • Бейтаптын абалын онлайн тез клиникалык баалоо жана маалыматты жер-жерлердеги амбулатордук кызматка же үй-бүлөлүк дарыгерге берүү (алар бейтапты даарылоо тактикасын чечет: аны өзүн-өзү изоляцияга калтыруу, амбулатордук кызматка же адиске жөнөтүү);
  • Мобилдик топтордун чыгуусу боюнча арыздардын өз убагында каралышын көзөмөлдөөнү камсыздоо ж.б.

 

ЖМК үчүн байланыш:

Айнагүл Абдрахманова, Коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы

+996775755776