Улуттук адаптациялоону пландаштыруу (УАП) жана Климаттык убада-2 (УДАС) ведомстволор аралык жумушчу тобунун экинчи отуруму болуп өттү

2022-ж., 18-July

Participants of the interdepartmental working group

Meerim Ruslanbekova

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана БУУӨПтүн колдоосу менен Улуттук Адаптациялоону Пландаштыруу (УАП) жана «Климаттык убада-2» (УДАС) ведомстволор аралык жумушчу тобунун экинчи отуруму өттү.

Адаптация – адамдарды, алардын жашоо каражаттарын жана экосистемаларын коргоо үчүн климаттын өзгөрүшүнүн таасирине узак мөөнөттүү реакциянын негизги компоненти болуп саналат. Кыргызстандын орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү адаптацияга муктаждыктарын аныктоо, ошондой эле тиешелүү стратегияларды, программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн 2021-жылы УАПты иштеп чыгуу процесси башталган. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму уюштурулган. УАП процессинин максаттары бул институттарды бекемдөө жана климатка туруктуулукту пландаштыруунун вертикалдык жана горизонталдык координациясын күчөтүү, климаттык тобокелдиктерди улуттук, тармактык жана региондук деңгээлде эске алууну камсыз кылуу, ошондой эле климатка туруктуулук чаралар үчүн инвестициялардын артыкчылыктарын аныктоо болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө УАПты иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү процессинде кызыкдар тараптардын катышуусунун планы сунушталды жана талкууланды, анын максаты – саясатты пландаштырууга жана ишке ашырууга кызыкдар тараптардын катышуусуна, маалыматты ачыкка чыгарууга жана гендердик инклюзивдүүлүккө карата эл аралык конвенциялардын жана улуттук мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен УАПты иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана мониторинг жүргүзүүдө бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алууну камсыз кылуу. Отурумдун жыйынтыгы боюнча пландын акыркы версиясы ведомстволор аралык жумушчу тобунун мүчөлөрүнө жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо боюнча борборунун директору Дастан Абдылдаев белгилегендей, климатты колдоонун негизги багыттарынын бири болуп БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясында сунушталган Кыргыз Республикасынын Улуттук Деңгээлде Аныкталган Салымдар (УДАС) жана УАП эсептелет: «Биз бул ведомстволор аралык топтун ишинин жыйынтыгы боюнча, адаптациялоо жана климатты жөнгө салуу боюнча сапаттуу жана натыйжалуу документти иштеп чыгып, бекитебиз деп үмүттөнөбүз. Алдыбызга койгон бардык милдеттерге жетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органыбыз климаттын кошумча каржылоосун тарта алат».

УАП процесси адаптация циклинин бардык 6 жалпы компоненттерин камтыйт:

• Климаттын өзгөрүшүнүн учурдагы абалын жана мүмкүн болгон сценарийлерин талдоо;

• Климаттын аялуулугун баалоо жана тармактык, региондук жана улуттук деңгээлде адаптациянын варианттарын аныктоо;

• Адаптациянын варианттарын кароо жана баалоо;

• Консолидацияланган УАПты иштеп чыгуу;

• Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону улуттук жана аймактык деңгээлдеги стратегиялык пландаштырууга интеграциялоо;

• Адаптацияга мониторинг жүргүзүү жана баалоо. Бул кадамдар адаптациялоо процессинин бүтүндөй аткарылышы мүмкүн, ал эми алынган билим жана маалымат процесстин жүрүшүндө үйрөнүүнү жана келечектеги адаптациялоо аракеттеринин ийгилигин камсыз кылуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Мониторинг ишке ашыруу процессинде жетишилген прогрессти каттоого багытталган, ал эми баалоо адаптациялоо аракеттеринин натыйжалуулугун аныктоого багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө байланыш жана маалымат таратуу үчүн натыйжалуу каналдарды аныктоо, ошондой эле коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу УАПты иштеп чыгуу үчүн бардык кызыкдар тараптар менен байланыш жана маалымдоо маселелери дагы талкууланды.

***

БУУӨП жана ЖРЭТКМ өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр менен биргеликте өзүнүн демилгелери жана долбоорлору аркылуу, атап айтканда глобалдык «Климаттык убада» демилгесинин жана Жашыл климаттык фонддун «Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чараларын ишке ашыруу жана орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөктөшүү» долбоорунун алкагында климатты жумшартуу жана адаптациялоо максаттарына жетүү үчүн кызматташат жана көмөк көрсөтөт.